Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Борбор Азия

Борбор Азиянын айрым аймактарында алма-өрүк гүлдөгөн маалда кар жаады. Бишкекте кар менен кошо кыштын илеби уруп атат. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "адегенде коронавирус, анан кар... Табият бизге таарынды окшойт" деп жазышты.

Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөнстандын түштүгүндө жокчулукка нааразы тургундардын акциялары болуп өттү. Ал эми баш калаа Ашхабадда таштанды талашкан көрүнүш күч алды.

Коммуналдык кызматтын жумушчулары менен жакыр адамдардын ортосундагы таштанды талаш мушташка чейин жетип жатат.

«Түркмөн хроникасы» аттуу сайттын маалыматы боюнча акыркы аптада 30дай аял Ашхабаддын жолун тоскон. Андан соң алар Мары облустук администрациясынын алдына барып, нааразылык акциясын улантышкан.

«Мары облусунда 4-апрель күнү эртең менен 30дай аял облустук акимияттын алдына топтолду. Администрациянын сакчысы аялдарды тарап кетүүгө чакырды. Бирок аялдар тескерисинче талаптарын акимге жеткирмейинче кетпей турганын айтып кыйкыра башташты. Нааразы аялдарга акимдин эки орун басары жана облустук ИИБдин башчысы чыгып, алардын талаптарын угушту. Аялдар базарда ун кымбаттап кеткенин, мамлекеттик дүкөндөрдө ун жана май жок экенин айтышты. Бир аз убакыттан кийин нааразы тургундарга 2 килограммдан ун таратылды. Нааразы аялдар маселе чечилбесе бала-чакасы менен акимиятка келип жатып аларын эскертип тарап кетишти», деп жазат басылма.

«Түркмөн хроникасынын» бул жазгандарын «Азаттыктын» жергиликтүү кабарчылары да ырасташты.

Буга чейин Түркмөнстандын Мары облусунда элде накталай акча түгөнгөнү, банкоматтар акча бербей жатканы жана дүкөндөр накталай эмес сооданы токтоткону айтылып жаткан. Нак акча издеген тургундар мейманканалардагы банкоматтардан акча алууга аракет кылышкан. Бирок анда да нак акча жок болуп чыккан. Ал арада облуста адамдарга азык-түлүк сатып алууга чектөө киргизилгени кабарланган.

«Азаттыктын» Түркмөнстандагы кабарчысы баш калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштанды талашып мушташкандар көбөйгөнүн кошумчалады.

«Жашыраактары карыларын көзгө илбей таштандыдагы олжону колунан жулуп алып коюп жатат. Айрыкча желим шише чоң талашка түшүп жатат. Мисалы, кечээ эле көчөнү шыпырган аял топтогон желим шишелерди жашыраак бала колунан жулуп кетти. Берки аял ыйлаган бойдон калды. Анткени желим шишени кайра иштеткен мекеме топтолгон шишелерди азыраак акчага сатып алат», - деп билдирди ал.

Ал гана эмес, мунайга бай Түркмөнстан өз армиясынын негизги муктаждыктарын да канааттандыра албай жатканы ачыкка чыкты. Аскерлердин биринин апасы уулуна апта сайын азык-түлүк жиберип турууга мажбур болуп жатканын айтты:

«Уулум апта сайын телефон чалат. Тиш щетка, тиш паста, самын, шампундан тартып, жашылча-жемишке чейин поезд аркылуу жиберип жатам».

Түркмөнстанда акыркы эки жылдан бери ун жана май таңкыстыгы өкүм сүрүп атканы айтылып келет. Бирок өлкөнүн расмий маалымат каражаттарында өлкөдөгү ун жана май таңкыстыгы, марылыктардын нааразылык акциялары такыр чагылдырылбайт. Анын ордуна «Аркадаг» атыккан түркмөн президенти Бердымухамедовдун ат чапканы, жыйын курганы, машине айдаганы жана мылтык атканы көрсөтүлөт.

Баса, Түркмөнстанда расмий маалымат боюнча коронавирус катталган жок. Өлкөдө беткап кийип жүрүүгө тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG