Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Борбор Азия

Казакстандагы полиция кызматкерлери. Алматы. 14-апрель, 2020-жыл.
Казакстандагы полиция кызматкерлери. Алматы. 14-апрель, 2020-жыл.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму (HRW) Борбор Азия өлкөлөрүндө карантин шартында адам укуктары бузулуп жатканын билдирди.

Бир күн мурда таратылган баяндамада Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү COVID-19 илдетине каршы «маанилүү кадамдарга» барганы менен ал чараларды дарыгерлердин, журналисттердин жана активисттердин укугун чектеш үчүн колдонуп жатканы белгиленген.

«Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин өкмөттөрү COVID-19 тууралуу так маалыматтарды жеткирүү менен өз жарандарынын саламаттыгын коргоого милдеттүү. Бирок алар чектөөлөрдү адам укуктарын коргоого же коомчулукка туура маалыматты жеткирүүгө аракет кылган журналисттерди, медицина кызматкерлерин куугунтукташ үчүн колдонбошу керек», - деп билдирди «Human Rights Watch» укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон.

23-апрелде чыккан баяндамада Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын журналисттерине өзгөчө абал шартында көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбегени баса белгиленип, сөз эркиндигине карата жасалган тоскоолдук катары бааланган.

Коронавируска каршы күрөшүү штабы журналисттердин саламаттыгына кооптонгону үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Эл аралык уюм ошол эле маалда мамлекеттик медианын журналисттерине аккредитация берилишин кош стандарттуулук катары мүнөздөгөн.

Штаб 20-апрелден тарта гана, өзгөчө абал киргизилгенден дээрлик бир айдан кийин саналуу журналисттерге аккредитация бере баштады.

Андан тышкары өкмөт өткөргөн онлайн брифингдер өтүп жаткан учурда берилген журналисттердин суроолору жоопсуз калып же такыр эле узатылбай жатканы дагы баяндамада жазылган.

Ошондой эле «Human Rights Watch» уюму Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “жалган маалымат таркатты" деген жүйө менен кармалган жыйырма жети кишинин сүрөттөрүн жергиликтүү медиалар аркылуу жарыялап жиберишин дагы сынга алды.

Комитет кармалгандардын көбү коомчулуктан кечирим сурагандан кийин кое берилгенин билдирген. Бирок эл аралык уюм комитеттин жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылары тууралуу эскертүүсү кооптонуу жаратат деген пикирде.

«Human Rights Watch» мындай жол менен бийлик коронавирус тууралуу айрым чыныгы маалыматтарды дагы жашырууга аракет кылышы мүмкүн деп эсептейт.

Эл аралык уюм сапатсыз беткаптын сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап жиберип, кийин “жалган айтып койдум эле" деп элден кечирим сураган дарыгер Бектур Апышевдин окуясын дагы мисал келтирген.

«Human Rights Watch» ушундай эле чектен ашкан чаралар Өзбекстанда дагы катталып жатканына көңүл бурат. Маселен, коңшу өлкөнүн бийлиги социалдык тармактарда жалган маалымат таркатты деген кине менен он үч киши кармалганын билдирген. Алардын төртөөнө кылмыш ичи ачылды. Ал эми 26-мартта президент Шавкат Мирзиеев Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, COVID-19 жана ушул сыяктуу жугуштуу оорулар тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарга айып пул салууну же үч жылга чейин эркинен ажыратууну караган жоболорду кошту. Бул фактылар боюнча дагы эл аралык уюм тынчсыздануусун билдирет.

Ошондой эле «Human Rights Watch» тараткан баяндамага ылайык, Түркмөнстан менен Тажикстандын бийликтери коронавирустун кооптуулугу тууралуу айткан адамдарды, анын ичинде медкызматкерлердин оозун басуу аракеттерин көрүшкөн. Аталган эки мамлекетте тең коронавирусту жуктуруп алгандар расмий каттала элек.

Ошондой эле уюмдун билдирүүсүндө Тажикстандагы кырдаал ушунчалык төмөн деңгээлге түшкөнүнө байланыштуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай тажик бийлигине атайын кат жазганы дагы белгиленет. Ал катта радио башчы Саламаттык сактоо министрлигин жана башка мекемелерди COVID-19 илдетинин жайылышы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартканын сынга алган.

“COVID-19 тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып, ошол эле маалда андай маалыматтардын баарын басуу менен Түркмөнстан жана Тажикстан өз жарандары үчүн чоң коркунуч жаратууда», - деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

HRW өз баяндамасында Казакстанга токтолуп, бийлик азыркы чектөөлөрдү сөз эркиндигин басуу үчүн колдонуп жатканын билдирет. Ошондой эле 11-апрелде КТК телеканалынын журналисттери Атырау облусундагы дарыгерлерден маек алып жаткан маалда «өзгөчө кырдаал эрежелерин бузушкан” деген айып менен кармалышканы белгиленген. Андан тышкары уюм кризис шартында өкмөттүн дарегине сын айткан активисттердин кармалышы боюнча да тынчсыздануусун билдирет.

Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан алгачкы коронавируска чалдыккан адам 13-мартта Казакстанда катталган. Коңшу мамлекеттин өкмөтү дароо өзгөчө кырдаал киргизип, чет өлкөлүктөр үчүн чек араларын жаап, ички жана тышкы каттамдарын токтоткон.

Көп өтпөй COVID-19 илдети менен ооруп калгандар Кыргызстан менен Казакстанда дагы аныкталып, алар да ушундай эле чараларды кабыл алышкан. Өзбекстанда чектөөлөр 10-майга чейин узартылса, Кыргызстан менен Казакстан 30-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алышты.

Ушул тапта Борбор Азия аймагында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Казакстан алдыда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Элге нан жана дары тараткан ыктыярчылар
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:42 0:00

Өзгөчө абал режими киргизилип, кыймылга чектөө коюлганы Кыргызстанда жардамга муктаж адамдардын саны өстү. Жаңы конуштун тургундары бекер таратылган нанды күтсө, бейтаптар инсулин жеткизип жаткан ыктыярчылардын караанын көрсө сүйүнөт

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG