Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Борбор Азия

Ош: Өзбекстанга өтө албаган келиндер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Өзбекстанга келин болгон ондогон келиндер чек аралар ачык учурда келип, кайра үйүнө кете албай калышкан. Алар 21-майда Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылды. Алар үйүндө балдары күтүп жатканын айтып, коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевден жардам сурашты. Чогулган аялдардын айтуусунда, Өзбекстандагы үй-бүлөсүнө бара албай жаткан келиндердин саны 100гө жакын.

Зироат Мирзиёева кызы Саида Мирзиёева менен бирге Сардаба кырсыгынан жабыркаган элге жолугуп жаткан учуру.
Зироат Мирзиёева кызы Саида Мирзиёева менен бирге Сардаба кырсыгынан жабыркаган элге жолугуп жаткан учуру.

Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева кызы Саида Мирзиёева менен бирге Сардаба кырсыгынан жабыркаган райондорду кыдырды. 

Өзбек президентинин зайыбы Зироат Мирзиёева 21-майда Сардаба суу сактагычындагы кырсыктан жапа чеккендерге жолугуп, аларга кайрат айтты.

"Четте карап туруп сүйлөп коюш оңой. Азыр ичиңиздерде эмне болуп жатканы сиздерге гана маалым. Бул күндөр өтүп кетет. Уулум үйлүү-жайлуу болсун деп ичпей-жебей үй кургансыздар. Кызымдын тоюна деп сеп камдагансыңар. Баарынан кабарыбыз бар. Баарын көрүп, угуп турдук. Айт майрамынын алдында сиздерден кабар алып, көңүл жубатуу үчүн келдим. Келиңиздер, ушундай ыйык айда жакшы ниет менен дуба кылалы. Бул түйшүктөр артта калсын. Ылайым үй-бүлөңүздөр менен тынчтыкта жашаңыздар. Буйруса баары жакшы болот. Биз жаныңыздарда турабыз. Бүтүн Өзбекстандын эли сиздер менен. Президентибиз да сиздер менен!".

21-май, 2020-жыл.
21-май, 2020-жыл.

Жолугушуу учурунда Зироат Мирзиёеванын "Zamin" фонду жана Өзбекстандын кесиптик кошууну суу каптаган Сардаба, Акалтын жана Мырзаабад райондорундагы 11 айылдагы үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган социалдык долбоорду жарыялады.

Кырсыктан жапа чеккен айылдарды калыбына келтирүү учурунда суу баскан райондордогу 60 жаштан жогорку курактагылардын баары Ташкент, Сырдарыя жана Жизак облустарындагы санаторийлерде 10 күн акысыз дарыланат. 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар ден соолукту чыңдоочу жайкы лагерлерге акысыз эс алууга жиберилет. Пандемиядан улам бул долбоорго тартылган ар бир адам алдын-ала коронавируска тест тапшыра турганы эскертилди.

Өзбекстандын биринчи айымы түптөгөн «Zamin» коммерциялык эмес эл аралык фонду өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү жана элдин жашоо-шартын көтөрүү максатында түптөлгөнү айтылган. Фонддун негизги багыты айлана чөйрөнү коргоо, элди таза суу менен камсыздоо, балдарга билим берүү, инновациялык ойлоп табууларды колдоо экени сайтынын башкы бетинде жазылып турат.

Фонд алгачкы ишмердүүлүгүн бүткүл өлкө боюнча коронавирус учурунда материалдык жардамга муктаж болгон 5 миң аялды колдоодон баштаган.

"Фонддун камкорчулары азыркы абалды түшүнүү менен, жакшы ишке салым кошууга киришти. Мурда каралган долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды азырынча оор абалда калган үй-бүлөлөргө жана аялдарга жардам катары берүүнү чечти. Кайрымдуулукка келген 5 миллиард сум өлчөмүндөгү каражат 5 миң аялды камкордукка алууга бөлүндү".

Кошуна өлкөлөрдө ансыз да популярдуу болуп аткан президент Шавкат Ширзиёевге кошулуп, эми анын зайыбы Зироат да коомдук активдүүлүгүн арттыра баштады. Сардаба кырсыгынан жабыркагандарга жетип барган Мирзиёевага тажикстандыктар өзгөчө суктанышты.

Анткени Тажикстанда да жакында эле табигый кырсык болгон. Күтүүсүз каптаган селден бир адам каза таап, 280 турак үй ылайдын астында калган. Кырсык болгон жерге Тажикстандын биринчи айымы түгүл президент Рахмон да барган эмес.

"Биз жана дүйнө": Сардаба кырсыгынын сыры жана чыры​

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун аялы коомдук иштер менен алектенбейт.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун зайыбы да өлкөдөгү коомдук саясий иштерге аралашчу эмес.

Бирок анын жакында эле 13 жылга соттолгон кызы Гүлнара Каримова атасынын тушунда Тышкы иштер министрлигинде иштеп, дипломаттык кызматтарды аркалаган.

Өзбекстандын Испаниядагы элчиси, Өзбекстандын Москвадагы элчисинин кеңешчиси, Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болгон. Дизайнер жана ырчы катары да аты чыккан. Guli деген бренд менен кийимдердин коллекциясын, аялдар үчүн атыр жана англис тилинде ырлар жыйнагын чыгарган.

Бирок 2013-жылы Европа өлкөлөрү чет өлкөлүк телекоммуникациялык компаниялар менен түзгөн ири келишимдеринен шек санап, Гүлнаранын иштерин иликтей баштаган. 2013-жылы Гүлнаранын бизнес империясы толугу менен кулаган. Анын кайрымдуулук фонддору, телеканалдары жана дүкөндөрү биринин артынан бири жабылган.

Ал эми Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин аялы да биринчи айым катары коомдук иштерге аралашчу эмес. Мирзиёевдин зайыбындай активдүүлүк Кыргызстандын туңгуч президентинин зайыбы Майрам Акаевада бар эле. Анын саясат, жогорку кызматтарга керектүү адамдарды дайындоого кийлигишкени эл арасында көп айтылып, азыркыга дейре узун кепке айланган.

Акаева Кыргызстанда түптөгөн «Мээрим» фонду 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин ишмердүүлүгүн токтоткон.

Өзбек президентинин жубайынын жабыркаган элге жетип барып жылуу сөз айтып, белек таратканын колдогондор мындай иштер өсүп келе жаткан жаш кыз-келиндерге жашоодо үлгү болуп, дем берээрин айтышат. Сынчылар өзбек президенти Сардабадагы, башка тармактардагы коррупциялык иштерден элдин көңүлүн алаксытып, жеке саясий кадырын бекемдеш үчүн татынакай зайыбын пайдаланып жатат деген пикирин кошумчалашат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG