Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Борбор Азия

Казакстанда суу астында калган айыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Казакстандын Түркстан облусунун 10 айылы суу алдында калды. Миңдеген тургун үй-жайынан ажырады. Казак бийлиги 22 миң киши эвакуацияланганын билдирди. Жергиликтүү тургундар бийлик чара көргөн жок деген доомат артууда. Өзбекстанда 1-майда Сардаба суу сактагычынын дамбасы жырылып, андан ташыган суу чек аралаш Түркстан облусунун бир топ жерин каптады. "Азаттыктын" казак кызматы даярдаган видео.

Коронавирусту аныктаган лабораториянын адиси.
Коронавирусту аныктаган лабораториянын адиси.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде коронавирус жуктурган 52 жаңы бейтап катталганын билдирди. 3-майда коңшу өлкөдө илдетке кабылгандардын саны 128ге жетти.

Дүйнөлүк банктын божомолуна караганда, Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 72 миңден 230 миңге чейин жетип, алты жарым миңден 21 миңге чейин адам өмүрү кыйылышы мүмкүн.

Интернетте тараган видеолордо карапайым адамдар ооруканалар эч кимди киргизбей, дарбазаларын бекем жаап, догдурлар “орун жок” деп, баргандарды кайра кетирип жатканына даттанашат. “Тез жардам облустук ооруканадан келди. Ал жерде орун жок экен. Абал жаман” – деп үшкүрүнөт тасманын биринде сүйлөгөн тургун.

Тажикстан 15 кишиден коронавирус аныкталганын 30-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясы келердин алдында жарыялаган. Өлкө бийлиги бул бейтаптардын диагнозу 29-апрелде гана тастыкталганын билдирген. Ишембиде 76 кишиге вирус жугуп, эки бейтап көз жумганы маалым болду.


Дарыгерлер ооруканалардагы кырдаалды “дезинфекциялоочу каражаттар жетишпейт, коргоочу костюм, медициналык беткап жана жасалма дем алдырчу аппарат жок” деп сүрөттөшөт.

Тажик бийлиги болсо коронавирус менен күрөшкө үч ай даярдык көрүлгөнүн, өлкөнүн ооруканалары толук даярдыкка келтирилгенин, медициналык каражаттар менен жабдыктар жетиштүү экенин байма-бай билдирип келет.

COVID-19га каршы түзүлгөн республикалык штаб оорунун тарап кетишин токтотуу үчүн бир катар чараларды күчөттү. Эми бардык жарандар беткап менен гана көчөгө чыга алышат. Жогорку окуу жайлардын I, II, III курстарынын студенттери каникулга тарады. Мектептер менен бала бакчалар 27-апрелден 10-майга чейин чукул каникулга чыгышты.

30-апрелден тартып бардык базарлар жабылды.

Дүйнөлүк банктын божомолу

Дүйнөлүк банк Тажикстандагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу сценарийлерди карап, COVID-19 вирусунун кандай жайылышына байланыштуу 72 миңден 230 500гө чейин адам оорунун оор формасына кабылышы мүмкүн деп эсептеп чыккан. 13 600дөн 43 миңге чейин бейтап интенсивдүү дарылоого муктаж болушу ыктымал. Вирустан 6600дөн 21 миңге чейин киши көз жумушу мүмкүн.

Тажик бийлиги азырынча эл аралык каржы институтунун мындай прогнозуна комментарий бере элек.

Дүйнөлүк банктын корутундусу Тажикстанда COVID-19 инфекциясына каршы ыкчам аракеттенүү программасынын алкагында даярдалган. Аны жазган адистер башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Италиянын тажрыйбасына таянышкан.

Долбоордун авторлору ансыз да аярлуу өлкөнүн саламаттык сактоо системасына пандемия катуу сыноо экенин белгилешет. «COVID-19ду аныктай турган мамлекеттик лабораторияда зарыл диагностикалык жабдыктар бар. Бирок 15-мартка чейин эки гана лаборант-техник коронавируска алынган анализди аныктоону окуп үйрөнгөн» деп айтылат. Эсксперттер белгилегендей, Орусиядан жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан 4000 диагностикалык комплект алынган. 20-мартка карата алардын 3800 пайдаланылган.


Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда жалпысынан 46 900 тест келген. Алардын 23 миңи Орусиядан, 22 миңи Кытайдан жана 1900ү Германиядан алынган.

27-апрелге чейин 4100 кишиден тест алынып, алардын 800ү кайра тапшырган.

2-апрелде Дүйнөлүк банк Тажикстанга коронавирус менен күрөшкө жумшоо үчүн грант иретинде 11,3 миллион доллар бөлгөн.

Дүйнөлүк банктын Душанбедеги өкүлчүлүгү «Азаттыктын» тажик кызматына бул гранттын эсебинен өпкөнү жасалма дем алдырчу 100 аппарат алынарын билдирди.


Дүйнөлүк банктын акчасы ооруканаларда интенсивдүү дарылоо бөлүмдөрүн жабдууга ($6.3 млн.), инфекциянын жайлышынын алдын алууга жана көзөмөлдөөгө ($1.14 млн.), ар кайсы тармакта чараларды пландоого жана коомдун даярдыгын күчөтүүгө ($1 млн.), социалдык аярлуу катмарды колдоого ($3 млн.) жана долбоорду жүзөгө ашырууга мониторинг жасоого ($1 млн.) жумшалат.

Эл аралык институт алты ай бою балдары бар, үйдө отурган аялдарга социалдык жактан колдоо көрсөтөт. Эксперттер пандемия маалында мындай катмар ачкачылыкка кабылышы мүмкүн экенин эскертишет. Ар бир үй бүлөгө берилчү жардамдын суммасы азырынча белгисиз. Дүйнөлүк банк муну тажик өкмөтү менен чечет. Ушул тапта эл аралык долбоор коңшу өлкөнүн 40 районунда ишке ашырылып жатат.

Эл аралык банк 200 миң тажик үй-бүлө жардам аларын билдирди.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы Душанбеге 1-майда келди. Анын башчысы Патрик О’Коннор “Тажикстан COVID-19га чалдыккандар катталганын жакында эле жарыялады. Биздин милдет вирустун жайылышын токтотууда өлкө бийлигине көмөк көрсөтүү” – деп билдирди. Миссиянын мүчөлөрү кандай тобокелдиктер турганын аныктап, кырдаалды жеринен баалашмакчы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG