Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Борбор Азия

Өзбекстандагы Зу-л-Кифл күмбөзү, Термез.
Өзбекстандагы Зу-л-Кифл күмбөзү, Термез.

Өзбекстанда XI кылымда курулган тарыхий мурас болгон имарат өлкөнүн маданият министрлигине эскертилбей, өз билгениндей оңдолгону ачыкка чыкты. Адистер муну "вандализм аракети" катары айыпташууда.

Ыйык "Куранда" "Зу-л-Кифл" деп аталган пайгамбар тууралуу эскерилет (анын ысымы арапча "камсыздандыруу сапатына эгедер" деп которулат). Бул кейипкерди "Тоораттагы" Иезекиил (жөөтчө Йехезкэл) менен окшоштурушат.

Жөөт падышасы Иехониянын доорунда, б.з.ч. VI к. жашаган деп жоромолдонгон Иезекиилди христандар да, жөөттөр да өздөрүнүн мыкты пайгамбарларынын бири катары санашат.

Жакында Өзбекстанда маданий мурасты сактоо жаатында чатак окуя болду.

Көрсө, дүйнөлүк үч динде тең пайгамбар деп саналган Зу-л-Кифлге таандык деп жоромол кылынган жана Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун (вилайетинин) борбору болгон Термез шаарынын жанындагы "Арал-Пайгамбар" аралында сакталып келген эски күмбөз мыйзамсыз жүзөгө ашырылган калыбына келтирүү (реставрация) жумуштарынын айынан өзүнүн тарыхий турпатын жоготуп койгон экен.

Бул күмбөздүн мурдагы жана азыркы сүрөтүн "Азаттык" үналгысына салып жиберген археолог адис Гайрат Кузибаев "калыбына келтирүү аракетин" ачыктан-ачык вандализмге тете деп кескин сынга алды.

– Бул күмбөз чек ара аймагында жайгашкандыктан, туристтердин жана жөнөкөй адамдардын ага жакын баруусуна тыюу салынган. Ошондуктан биз анын мурда реставрация болгонун жакында эле байкадык. Көрсө, аны үч жыл мурда эле өзгөртүп салышкан экен.

Сөз болуп жаткан Зу-л-Кифл деген пайгамдарга таандык делген күмбөз, Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун маданий мурастар башкармалыгынын кызматкеринин айтымында, облус башчысынын табитине жараша оңдолгон.

– Сурхан-Дарыя облусунун акими Эркинжан Турдимов 2017-жылы жаңы күмбөздүн сүрөтүн кагазга фломастер менен өзү тартып, жаңы күмбөз дал ушундай болуш керек деп буйрук кылган. Тарыхий күмбөздү оңдоо иштери ошондо башталган.

Эркинжан Турдимов Сурхан-Дарыя облусун азыр да башкарып турат. Ремонт учурунда бийлик тарыхий жана маданий мурастар башкармалыгынын кызматкерлерин бул маанилүү имаратка жакын жолоткон эмес.

"Азаттыкка" жеткен маалыматка караганда, күмбөздү адистер эмес, кадимки эле куруучулар оңдошкон.

Муну Өзбекстандын маданият министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Мавлюда Аскархожаева да ырастады.

– Зу-л-Кифл күмбөзүнүн ичине жамгыр-кар кирип, авариялык абалда болчу. Тарыхий объектти сактап калуу максатында облустук администрация 2017-жылы демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен күмбөздү реставрациялоону чечкен. Анын ремонту көп кыйынчылыктар менен коштолгон. Курулуш материалдар аралга аскердик паром менен ташылган. Бирок маданият министрлиги күмбөздү реставрациялоого уруксат берген эмес. Аны оңдоого каражатты ишкер Бахрам Шарипов берген. Ремонтту да анын курулуш компаниясынын жумушчулары аткарган.

Археолог Гайрат Кузибаев Зу-л-Кифл пайгамбардын күмбөзү сабатсыз реставрациянын айынан өзүнүн тарыхий баалуулугун жоготту деп эсептейт.

– Өзбекстанда тарыхий мурастарга болгон мамиле абдан кейиштүү абалда. Баалуу мурастарды коргоо үчүн күч колдонууга жарамдуу полицияны качан эле түзүш керек болчу. Болбосо министрликтин жергиликтүү өкүлчүлүктөрү акимдердин буйругун Чапаевчесинен аткарган жоокерге айланып кетти. Мирзиёев Хивага келип, тарыхий мурастардын ар бир кышы баалуу экенин айтып, накта маданияттын адистерине тар чөйрөдө акыл үйрөтүп кеткен.

Өзбекстан бийлиги Хива шаарындагы эски Шахрисабз шаарынын кире беришиндеги «Кой-Дарбазанын» жанына заманбап автобекет курган.

Адистер ал курулушту да баалуу тарыхий мурастардын көрүнүшүнө доо кетирген деп сындап келишет.

Мындай жосунсуз жоруктар Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттеринде да учурайт.

Маселен, Кыргызстанда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда Атантай менен Тайлактын кош күмбөзү да илимпоздордун катышуусу жок реставрацияланып, натыйжада тарыхый мураска зыян келтирилген болчу. Ал эми Бишкекте Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде сакталган байыркы мумия бакшылардын талабы менен Баткен жергесине жеткирилип, көмүлгөн. Ал жосунсуз жорук боюнча кылмыш иши да ачылган эмес.

P.S.

Кошумча маалымат.

Аму-Дарыянын Термез шаарынан төмөн 20 чакырымдай алыстыктагы нугунда "Арал-Пайгамбар" аттуу арал жана анда ЮНЕСКОнун тизмесине кирген жаратылыш коругу жайгашкан.

Диний уламыштарга караганда, азыркы Түркмөнстандагы Келифа деген жерде байыркы бир ыйык киши каза болоордо, өзүнүн сөөгүн кайыкка салууну жана кайык кайсы жээкке токтосо, ошол жерде көмүүнү керээз кылып айткан имиш. Анан бул кайык Аму-Дарыя менен төмөндү карай жылбастан, суу агымына каршы жыла баштап, азыркы "Арал-Пайгамбар" деген жерге келгенде, суу ортосунан өзүнчө эле арал өсүп чыгыптыр. Ошондуктан аны "Арал-Пайгамбар" атап калышкан имиш.

Ал эми Аббасийлер халифатынын Мавераннахрды каратып алуу үчүн келген колбашчыларынын бири (VIII к. башында) өлгөн жана кийинчерээк аралда ага багышталып күмбөз орнотулган экен. Бара-бара жергиликтүү калайык бул күмбөздү "Курандагы" Зу-л-Кифл деген пайгамбарга таандык деп санап калышыптыр.

(Бул имишти X кылымдан тартып сунний сопу агымдары кеңири таркаткан болушу ыктымал; кандай болсо да, бул аралда алиги "Тооратта" жана "Куранда" сөзгө алынган пайгамбар көмүлгөн деген уламыш чындыкка караандабайт).

Ал эми Ирактын борбордук аймагында Евфрат дарыясынын боюнда Хилла шаарына жакын ал-Кифл кыштагы жайгашкан. Ирактык мусулмандардын оюнча, пайгамбар Зу-л-Кифл дал ушул кыштакта көмүлгөн имиш. Албетте, бул дагы тастыкталбай турган уламыш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргызстан, Баткен, Көк-Таш айылы.
Кыргызстан, Баткен, Көк-Таш айылы.

Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде ок атылды. Мындай маалыматты Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы ырастады. Окуяда жараат алган төрт кыргыз жараны ооруканага түштү. Тажикстандын Чек ара кызматы болсо эки тажикстандык тургун "оор жараат" алганын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор. Баткен облустук ооруканасында реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди:

"Бир ок алынды. Он биринчи омурткасында бир ок турат. Октон жүлүн жабыр тарткан".

Чек арадагы жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Бөрүбеков операция учурунда аскер көп кан жоготконун белгилеп, ага кан куюлуп, тийиштүү дары-дармектер менен камсыздалганын кошумчалады.

Ошондой эле көкүрөгүнө, колуна ок тийген эки жоокерге медициналык жардам көрсөтүлдү. Алар Травматология бөлүмүндө жатышат, абалдары жакшы. Жергиликтүү тургундардын бири да бетинен жараат алган. Ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

8-майда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында ок атуу коштолгон чыр катталды. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, чатак Баткен районунун Көк-Таш айылынын жанындагы тактала элек Чек аймагында чыккан.

Кыргыз тарап эки өлкө жарандарынын ортосундагы жаңжалга буга чейин кыргызстандыктар пайдаланып келген 50 сотых жерге байланыштуу талаш себеп болгонун билдирүүдө. Натыйжада алгач эки тараптан 30-40тай адам бири-бирине таш ыргытып, кийинчерээк аңчылык мылтыктан ок атылган.

«Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды. Чек арада абалды тынчтандыруу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн. Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жашаган жергиликтүү тургундары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон атышкан», - деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.

Мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалды «татаал» деп мүнөздөдү.

Акыркы окуяда жараат алган төрт кыргызстандык Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Аймактык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Файзидин Абдрахмановдун айтымында, алардын үчөө аскер, бири жайкын тургун.

“Учурда бир бейтапка операция жасалууда. Дагы бирөөнө операция жасайбыз. Баарына ок тийген. Абалдары орто оор деп айсак болот”-деди дарыгер.

Баткенде чек арада ок атылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Дүйшөмбүнүн билдирүүсү

Окуя боюнча Тажикстандын Чек ара аскерлери да билдирүү таратты. Андагы маалыматка ылайык, "Тажикстандын мыйзамы боюнча тажик жарандарына таандык "төрт гектар жерди" кыргызстандыктар өз алдынча ээлеп алганы чырга себеп.

“Кыргызстандын чек арачылары конфликти токтотуунун орунда Тажикстандын куралсыз жарандарына ок атуу менен чагымчыл ролду ойноду. Анын жыйынтыгында Тажикстандын 1983-жылы туулган Фазлиддин Фозилов жана 1971-жылы туулганы Айомиддин Шарипов оор жаракаттарды алышты. Эки тараптуу чаралардын натыйжасында конфликт күчөгөн жок” - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар тажик тарап кырдаалды толук турукташтыруу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлери кырдаалды талкуулашты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер мекемесинин башчысы Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөштү. Расмий Бишкектин билдиргени боюнча, эки өлкөнүн башкы дипломаттары соңку кырдаалды талкуулап, жагдайды биргеликте жөнгө салууну акылдашты. Ошондой эле министрлер чек арадагы чыңалууну басаңдатуу үчүн жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашты.

Ок атуу токтоду

«Азаттыктын» аймактагы кабарчысы жергиликтүү тургундардын айткандарына таянып, ок атуу токтогонун кабарлады.

Кыргызстандын чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Акрам Мадумаров учурда чек арадагы жаңжалдын жагдайлары такталып жатканын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстан жалпысынан 970 чакырым чектешип турса, анын 520 чакырымы гана эки тараптуу такталган. Эки өлкө ортосундагы такталбаган аймактарда маал-маалы менен чыр-чатак катталып келет. Анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да болгон.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов акыркы чырды чек араны тактоонун кечеңдеши жана топтолгон көйгөйлөрдү өз убагында чечпөөнүн кесепети катары сыпаттады:

“Бир нерсе болсо эле миномёт менен атуу бул абдан осол иш. Миномёт менен атууга эч качан жол берилбеши керек. Буга чейинки ушундай окуяларда жазасыз калгандын жыйынтыгы болууда. Эки тараптан чыр чыкканда аскерлер келип бөлүшкөн экен. Анан миномёт менен атуунун себебин мен түшүнбөй турам. Көп жылдан бери созулуп, чечилбей келе жаткан маселелер жыйылып отуруп, ушундай окуяларга себеп болууда. Бул - азыр жасаш керек болгон ишти кийинкиге калтыра берүүнүн жыйынтыгы.”

Ал эми Жогорку Кеңештин Коргоо, коопсуздук жана эл аралык комитетинин төрага орун басары Каныбек Иманалиев акыркы чыр-чатактарда чек арадан өтүп жаткан контрабанданын ролу бар деп эсептейт. Буга байланыштуу депутат кыргыз бийлиги аткезчилик маселесин чечиши керек деген оюн билдирди:

“Чек араны жаап, аткезчиликти токтотушу керек. Ошондо гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Чынын айтканда, аткезчилик токтомоюнча чыр-чатактар токтобойт. Бул иште биздин да чиновниктердин тиешеси болуп жатат”.

8-майда чыр орун алган Көк-Таш айылындагы тактала элек аймакта акыркы жылдары улам-улам куралдуу жаңжалдар катталып келет.

Акыркы жолу бул аймакта ушул жылдан январь айынын башында кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен коштолгон чатак чыккан. Мындан соң эки өлкөнүн өкмөттүк топтору бир нече жолугушууларды өткөрүп, атайын протоколго кол коюлган болчу.

Анда кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан.

СOVID-19 күчөгөн маалдагы жаңжал

Акыркы жаңжал коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандын бардык аймагында бир жарым айдан бери өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүп турган шартка туш келди.

Тажикстандын расмий бийлиги болсо өлкө аймагында СOVID-19 вирусун жугузуп алгандар бар экенин 30-апрелге чейин ырастаган жок. Бирок 10 күнгө жетпеген убакыт ичинде коңшу өлкөдө вирус жуктургандардын саны 500дөн ашты. 14 адам каза болду.

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирус аныкталган адам 18-мартта катталган. Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.

Акыркы күндөрү Тажикстанды коронавирусту жугузуп алгандар көбөйүп жаткандыктан Кыргызстанда чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча талаптар айтылып жаткан.

Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Акрам Мадумаров 6-майда Тажикстандагы кырдаалдан улам кыргыз-тажик чек арасы өзгөчө көзөмөлгө алынганын билдирген болчу. «Өткөн аптада чек арадагы аймактарды кыдырып келдим. Тажикстанда коронавирус илдети тездик менен жайылып жатканына байланыштуу чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүп, чек арачыларды көбөйттүк», деп билдирген Мадумаров.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG