Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Борбор Азия

Кожент шаарындагы оорукананын короосу.
Кожент шаарындагы оорукананын короосу.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы коронавируска байланыштуу эл арасына дүрбөлөң салгандар жазаланарын эскертти. Коңшу өлкөнүн интернет айдыңында коронавирустан каза болгондор "бийлик айткан расмий сандан көп" деген маалымат тарай баштады.

Тажикстандын маалымат айдыңында эки аптада тогуз дарыгер көз жумганы жана тажик түрмөлөрүндө ооруга чалдыккандар тууралуу кабар жайылды. Андан улам тажик бийлигинин дарегине нааразы пикирлер ачык эле айтыла баштады.

Тажикстан коронавирус менен ооругандар бар экенин мойнуна алгандан кийин бийликке нааразы маанай кескин күчөдү. Интернет колдонуучулар арасында өлкө жетекчилигин "мамлекет башкарууга жөндөмсүз", ал тургай "коронавирустун жайылышына күнөөлүү" деп сындагандар арбын.

Тажик интернет колдонуучуларында буга чейин байкалбаган ашкере эр жүрөктүүлүк бул жолу бийликтин тынчын алгандай. Ушундан уламбы Башкы прокуратура коронавирус тууралуу жалган маалымат таратпоого эскертүү берип, билдирүү таратты.

"Калкты “илдеттен каза болгондор көп”, “азык-түлүктүн баасы кымбаттады”, “аймактар аралык жолдор жабылды” дегендей имиштерге ишенбөөгө чакырабыз. Ошол эле учурда ар кандай имиштерди таратып, дурбөлөң салгандар Тажикстандын мыйзамдарына ылайык жазаланарын эскертебиз", -деп айтылат билдирүүдө.

Бирок коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы эмне себептен өпкөсү сезгенип каза болгондордун саны кескин көбөйүп, дары-дармектин кымбаттап жатканын түшүндүргөн жок.

Башкы прокуратура элге эскертүү берип, сестентип жаткан учурда милиция дарыканаларды текшерип, бир катар иштердин бетин ачканы кабарланды.

"Дары-дармектин баасын жасалма көтөрүүнүн эсебинен тез эле байыган Байбобоев Эдгар "Лексус" үлгүсүндөгү эки жолтандабас сатып алууга үлгүргөн", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Дарыгерлердин өмүрү коркунучта

Ал арада Тажикстанда дарыгерлерге жардам уюштуруп жаткан ыктыярчылар акыркы эки апта ичинде көз жумган тогуз медицина кызматкеринин аты-жөнүн Интернетке жарыялашты.

"Өлкөнүн эң мыкты догдурлары көз жуумп жатканын уккан жүрөктү тилет. Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, 23-апрелден 6-майга чейинки эки аптада тогуз дарыгер көз жумду. Эгерде мындай тенденция улана берсе, бир айда 18 дарыгер, жарым жылда 108 дарыгер каза болот. Дарыгердин өлүмү – улуттун өлүмү. Биз буга жол бербешибиз керек. Догдурларды сактайлы, колдойлу, жардам берели", - деген жазуулар социалдык медианы каптады.

Ал арада Өзбекстандан сегиз вирусолог адис Тажикстанга COVID-19ду жугузуп алгандарды аныктоо жана дарылоо үчүн келишти.

Тажик өкмөтү бүгүнкү күнгө чейин карантиндик чараларды киргизген жок. Коомдук транспорт кадимкидей каттап, мамлекеттик мекемелер иштеп жатат. Өткөн аптада көчөгө беткапсыз чыгууга тыюу салынган. 8-майда базарлар майдын аягына чейин жабылды.

Түрмөдөгү түпөйүл жагдай

Тажикстандын түрмөлөрүндө да абал тынч эместей. Дүйшөмбүдөгү №1 абакта отургандардын туугандары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кат менен кайрылып, өлкөнүн түрмөлөрүндөгү абалга көңүл бурууга чакырышты. Ал катта жабык жайларда өпкөсү сезгенип ооруган адамдардын саны 200гө жеткени, 50 адамдын абалы оор экени, бейтаптарды дарылай турган шарттын жоктугу айтылган.

Бирок №1 түрмөнүн санитардык бөлүмүнүн башчысы Тажидин Ражабалиев "Азаттыктын" тажик кызматына "мунун баары жалган" деп четке какты. "Администрация керектүү дары-дармектер менен камсыздап турат. Бизде баары бар" - деди баш калаадагы чоң түрмөнүн башчысы.

Мына ушундай кырдаалдан улам тажикстандык Интернет колдонуучулар жакында эле дайындалган саламаттык сактоо министринен ачык маалымат берүүнү талап кыла башташты. Коомчулук өкмөттөн коронавирус илдетин жуктургандардын, андан каза болгондордун так санын сурап жатат. Андан сырткары медицина кызматкерлеринин коргоочу костюмдар менен канчалык камсыздалганы - дагы бир түйшөлткөн суроо.

Тажикстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 600дөн ашты. 20 адам каза тапкан.

Бул өлкөдө көптөр чындыгында коронавирус менен ооругандардын саны бийлик айткандан алда канча көп деп күмөн санашат.

Дүйшомбү өлкөдө коронавирус табылганын 30-апрелде, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы келердин алдында гана айткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Чек арадагы жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор. Баткен облустук ооруканасында реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG