Анарбүбү Осмонова Ат-Башыда туулуп-өскөнү менен жаштыгын Өзбекстанда өткөргөн. Союз кезинде өмүрлүк жолдошу менен Өзбекстандын Зарафшан шаарына иштеп кетишип, 2012-жылы кайра Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына көчүп келишкен. 2010-жылы июнь коогасында Өзбекстанда болушкан.
Борбор Азия
жума 5 Июнь 2020
Прокуратура блогер Элмир Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранып жатат. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу нааразычылык жараткан. Блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.