Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Борбор Азия

Беткапчан мигранттар каттоосун узартуу үчүн Санкт-Петербургдагы миграциялык кызматта кезек күтүп турушат. 3-апрель, 2020-жыл.
Беткапчан мигранттар каттоосун узартуу үчүн Санкт-Петербургдагы миграциялык кызматта кезек күтүп турушат. 3-апрель, 2020-жыл.

Коронавирус эпидемиясы учурунда москвалыктарга караганда эмгек мигранттары кыйла тартиптүү экенин көрсөттү.

Коронавирус эпидемиясы учурунда москвалыктарга караганда эмгек мигранттары кыйла тартиптүү экенин көрсөттү. Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар өзүн өзү чектөө режимин тагыраак сактап, оорунун белгисин байкагандар "Тез жардам" кызматын көбүрөөк чакырышкан.

Пандемияга чейин Өзбекстандан келген Муслим Москвада нан бышыруучу цехте иштечү. Карантиндин айынан чех жабылып калган. Орусиядагы миңдеген мигранттар сыяктуу эле Муслим да жумушсуз, кирешесиз калды. Бирок ал орус өкмөтүнүн талабын так сактап, үйдөн бейчеки чыкпай отурганга аракет кылган. Ал бөөдө айыппулга жыгылуудан жана депортация болуп кетүүдөн сырткары, илдетти жуктуруп алуудан да сактанганын жашырбайт.

"Ден соолукту сактоо керек. Анын үстүнө биз бул жерде конокпуз. Бизге ашыкча көйгөйдүн кереги жок. Кайдан-жайдан келип алып, ушулар маселе жаратып атат деген сөздүн да кереги жок", - дейт Муслим.

Мигранттар коомдук жайларда полиция өзгөчө көңүл бургандыктан эрежелерди так сактоого аргасыз экенин жашырышпайт. Маселен, Москва метроcунда полиция көбүнчө Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарды гана токтотуп, айыппул жазары эч кимге жашыруун эмес.

Төмөнкү видеодо беткап тагынбаганы үчүн полиция мигрант аялга айыппул жазып жатат. Ошол эле учурда беткапсыз эле жүздөгөн киши алардын жанынан беймарал өтүп жатышат.

"Эгер мени токтотсоңуз, баарын тегиз токтотуңуз! Кирип аткандардын баарын токтотуңуз! Тиги кыз маскасыз кирип келатат. Эмне үчүн аны токтотпойсуз?" ,- деп чырылдайт полицияга кармалган мигрант аял.

COVID-19: Орусияда мигранттар тартиптүүлүктү көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:02 0:00


Орусиянын Айыл чарба академиясынын иликтөөчүлөрү Москвадагы эмгек мигранттарынын карантин учурундагы жүрүм-турумуна байкоо салышкан. Алар мигрантафобдор арасында кеңири жайылган пикирлердин чын-төгүнүн аныктап көрүүнү чечишкен.

Илимий кызматкер Евгений Варшавер изилдөөнүн жыйынтыгы жергиликтүүлөр арасында кеңири тараган пикирлер туура эмес экенин ачык көрсөткөнүн айтат. Мисалы мигранттар карантин тартибин бузмак турсун, баары биригип, колдоого муктаждарга жардам уюштурган. Бул ыкма аларды көчөдө калуудан, ачкачылыктан сактап калды. Андан сырткары мигранттар орус өкмөтүнүн талабын жергиликтүүлөргө караганда жакшыраак сакташкан.

"Карантин учурунда жергиликтүүлөргө караганда мигранттар көбүрөөк зыянга учурады. Жумушсуз, кирешесиз калышты. Ал эми карантин учурунда жергиликтүүлөргө караганда мигранттар чектөөлөрдү так сакташты", - деп белгиледи иликтөөчү.

Адистер изилдөөнүн соңунда эгерде коронавирустун экинчи толкуну уланса, мигранттарды өз учурунда мекенине жиберүү туура болот деген тыянакка келишкен. Алар иликтөөнүн корутундусун сунуш иретинде орус бийлигине жолдошкон. Бул үчүн мигранттар келген өлкөлөрдүн бийлиги менен тыгыз иштешүүгө кеңеш беришкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Өзбекстан.
Өзбекстан.

Өзбекстанда 10-июлдан тарта 1-августка чейин карантин чаралары кескин күчөтүлөрү жарыяланды. Мындан ары жол кыймылы чектелип, аш-тойлорго тыюу салынат. Ал эми буюм-тайым базарлары жабылат. 

Өкмөттүн алдындагы атайын комиссия парктар жана эс алуу жайларынын, буюм-тайым базарларынын, ири дүкөндөрдүн жана спорттук залдардын ишине тыюу салды.

Өлкө боюнча ар бир адам социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу жана антисептикалык каражаттарды колдонууга милдеттендирилди.

"Мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери мүмкүн болушунча аралыктан иштөөгө которулушу керек. Мекемелерде жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынды. Мындан ары ар кандай жыйындары видео байланыш аркылуу гана өтөт. Аймактар арасында жүргүнчүлөрдү ташууга болбойт, айыл чарба иштерине чегерилгендер гана жүрө алат. Той-тамашаларды жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. 65 жаштан өткөн адамдар айыл аралап, коомдук жайларда жүрбөшү керек".

Өкмөттүн алдындагы атайын комиссиянын чечими менен мектепке чейинки мекемелер менчигинин түрүнө карабай жабылары айтылды. Санаторий, пансионаттар, балдар лагери, мейманкана жана башка эс алуучу жайлардын ишмердүүлүгү токтотулмакчы. Ал эми эл аралык аэропорттордун жана жүк ташуучу автоунаалардын ишмердүүлүгү тууралуу төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

"Эл аралык аэропорттор каттамдарды кабыл алууну кыскартат. Эл аралык каттамда оор жүк ташуучу автоунаа айдаган айдоочулар коронавирус илдетине тест тапшырууга милдеттүү. Ири фирмалардын буюртмасы менен өндүрүш жана курулуш материалдарын ташыган айдоочулардын каттамына уруксат берилет".

Өзбекстан негизи карантиндик чектөөлөрду 15-марттан тарта этап-этабы менен киргизе баштаган. Аймактар аралык каттамдарды токтоткон, 65 жаштан жогоруларга сыртка чыгууга тыюу салган чектөөлөр 15-майга чейин созулган.

8-майдан тарта коронавирустун таралышына жараша аймактарды кызыл, сары жана жашыл түстөргө бөлгөн. Мисалы, кызыл жарыяланган аймактарга кирип-чыгууга толук тыюу салынган. Жашыл аймакта ээн-эркин басууга уруксат берилет.

Президент Шавкат Мирзиёев карантиндик чаралардын жеңилдешин эл туура эмес түшүнгөнүн, анын айынан илдетке чалдыккандар көбөйгөнүн белгиледи.

"Чектөөлөрдүн азайышын эл туура эмес түшүнүп, бейкапар жүрө башташты. Оору ошондуктан көбөйүп кетти".

7-июлда Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкө өндүрүшүнөн чыккан он беш "Тез жардам" машинасын сатып келгенин кабарлады.

Бирок ошол эле күнү илдетке каршы күрөш боюнча республикалык штабдын өкүлү Хабибулла Акилов Өзбекстан коронавируска каршы күрөшүүгө керектүү ресурстарын түгөткөнүн ачык айтты.

"Оорунун белгилери байкалбаган бейтаптарга үйүндө дарыланууга уруксат бергенибизге карабай коронавируска чалдыккандарды дарылоочу ооруканалар толду. Орун жетишсиздигинен улам өз убагында дарылана албай калган бейтаптар өлө баштады. Күн сайын 20 миң адамдан тест алынып жатат. Лабораториялар үлгүрбөй калды. Мурда тесттин жыйынтыгы 5-6 саатта чыкса, азыр эки үч-күн күндө араң чыгарып атышат. Мындай боло берсе, адамдар бири-бирине жуктура беришет. Азыр күнүнө коронавирустун 300-350 жаңы учуру катталып жатат. Кокус күнүнө миңдей учур катталса, башаламандык болот".

Акилов мына ушундай аргументтерге таянып, бийликти кайрадан карантин киргизүүгө көндүргөнүн кошумчалады.

Саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов коронавирус жаңы тарай баштаган апрель айында 16 миң орун даяр экенин, 20 миң бейтапка жете турган дары-дармек камдалганын жарыялаган. Андан сырткары коронавируска чалдыккандар үчүн дагы 10 миң орундуу оорукана куруларын убада кылган.

2020-жылдын 9-июлуна карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 11 миңге жакындады. Анын ичинен 6811 адам айыгып чыкса, 41 бейтап бул илдеттен каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG