Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Борбор Азия

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Англияда тоңдурулган 29 миллион долларлык мүлктү бир жаңсыл кылыш үчүн Британиянын прокурорлору азыр мекенинде түрмөдө отурган Гүлнара Каримовага келип жолугушу мүмкүн.

26-июнда «Bloomberg» басылмасы «22 миллион фунт турган үйдүн ээсинин изи өзбек түрмөсүнө алып барат» аттуу макаласын жарыялады. Британиянын ири өлчөмдөгү алдамчылыкка каршы күрөш бюросу Каримованын мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу боюнча мындан эки жыл мурун сотко кайрылган эле.

Британ полициясы Гүлнара Каримовага жана анын мурунку күйөөсү Рустам Мадумаровго катталган мүлк Өзбекстандагы коррупциялык келишимдерден түшкөн акчага алынган деп эсептейт. Ошондуктан полиция Каримованын мүлкүн Англиянын пайдасына алып койсо болот деген ойдо турат. Бирок британ бийлиги бул иш боюнча чыккан соттун чечимин Каримова менен Мадумаровго эки жылдан бери угуза албай отурат. Анткени экөө тең Өзбекстанда түрмөдө отурат.

Макаланын авторлору коронавирус пандемиясынан улам британ полициясы Каримова менен түрмөдө беттешүү мүмкүнчүлүгөн ажырады деп эсептешет. Демек Каримованын Англиядагы мүлкүнүн тагдыры дагы бир нече убакытка чейин белгисиз бойдон кала бермекчи.

Ушул айдын башында Франция Гүлнара Каримованын 10 миллион долларлык активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайтарып берген. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги «кайтарылган каражат социалдык долбоорлорго жумшалат жана алар тууралуу ачык маалымат берилип турат» деп кабарлаган.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Швейцариянын, АКШнын, Франциянын жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды да кайтаруу ишин улантууда. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллары жөнүндө болуп жатат.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча коюлган айыптар менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл төрт айга кесилген.

Өзбек бийлигинин эсеби боюнча Каримова келтирген зыяндын көлөмү бир млрд. 651,8 млн. долларга барабар. Учурда Каримова Ташкент облусундагы аялдар колониясында отурат.

Прокуратуранын маалыматына караганда Каримованын үстүнөн өткөн акыркы сотто бир нече адам күнөөсүн мойнуна алганын Юстиция министрлиги «мыйзам талаптарына ылайык бир нече кылмыш боюнча айыпталып отурганына карабай алардын жаза мөөнөтү 2015-жылдын 21-августунан баштап эсептелет» деп билдирген.

Каримованын үстүнөн жүргузүлгөн бардык соттук териштирүү жабык режимде өттү.

Каримовага карата АКШда, Швейцарияда, Швецияда, Голландияда, Францияда жана башка дагы бир катар өлкөлөрдө кылмыш иши козголгон. Ошондуктан азыр Каримованын дүйнөнүн туш тарабында камакка коюлган мүлкүн бир нече өлкө талашып жатат.

Шавкат Мирзиёевдин өкмөтү акыркы үч жылдан бери Каримованын банк эсептериндеги акча каражаттарын кайтарууга аракеттенип келатат. Өзбей бийлиги ал акча Өзбекстандан уурдалган деген жүйө келтирүүдө. Бирок ушул күнгө чейин Өзбекстан ал акчанын аз гана бөлүгүн кайтара алды.

Юстиция министрлиги: «Тизмектей келгенде 2019-жылдын 24-июнунда Швейцариянын башкы прокуратурасы 133 миллион долларды гана кайтарарын билдирди. Бул каражаттар өлкө казынасына келип түштү. Эми ал акча жалпы тартипте колдонулат» деп маалымат тараткан.

Өзбек бийлиги Каримованын ар кайсы өлкөлөрдө сакталып турган бир миллиард 300 миллион доллар акчасын өлкөгө кайтаруу боюнча аракеттерин уланта берерин билдирген.

2020-жылдын башында Каримованын Британиядагы мүлкүнүн тизмеси «The Times» гезитине жарыяланган. Сөз Суррей графтыгындагы хан сарай менен Лондондун эң кымбат районундагы жалпы баасы 52 миллион долларга бааланган эки батири тууралуу болуп жатат.

Анын ичинен Сюррей графтыгындагы хан сарайды Каримова 2020-жылы 23,5 млн. АКШ долларына сатып алган. Ал мүлктүн азыркы баасы 39 млн. доллар турат. 1912-жылы пайда болгон короонун жалпы аянты жети гектарга жакын.

Лондондун Мейфэр районундагы батирлерин ал 10,4 млн. долларга, Белгравия районундагы батирин 2,6 млн. долларга алган.

Ал мүлк объектилери Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага, анын күйөөсү Рустам Мадумаровго жана алардын азыр Лондондо жашап аткан баласы Ислам Каримовго катталган.

Британ полициясы ал үйлөрдү Гүлнара Каримова 2004-2012-жылдар аралыгында эл аралык телекоммуникациялык компаниялардан алган 500 миллион доллар паранын эсебинен сатып алган деп эсептейт.

Британ полициясынын айыптоосуна караганда Каримова ал пара түрүндөгү акча каражаттарын алып, Өзбекстанда ылдам өнүгүп аткан телекоммуникациялык рыногуна жол ачып берген. Ал эми парадан түшкөн акчаларды өзүнө жана жакындарына катталган оффшордук компанияларга которгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дарыгерлердин абалын айткан адис ыйлап жиберди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова түз эфирде бузулуп калган "Тез жардам" машинеси тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди. 3-июлда Кыргызстанда 509 адам COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болду. Он адам каза тапты, 23 адам пневмонияга чалдыгып кайтыш болду. Буга чейин пульмонолог Талант Сооронбаев шаардагы сасык тумоо, өпкө кагыны менен ооруп жаткандын баары коронавирус жугузуп алганын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG