Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Курман айтта калаага мал ташып келүүгө чектөө киргизди. Полиция шаарга кирген машинелерди текшерип жатат. Алматынын сыртындагы мал базар ачык. Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы элди мал сатып алуу үчүн базарга барбай, онлайн кызматтан пайдаланууга үндөдү. Коңшу өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн катаал карантин чаралары 17-августка чейин узартылды. "Азаттыктын" казак кызматы тарткан видео.
Борбор Азия
бейшемби 30 Июль 2020
Орусиянын Мамлекеттик думасы насыбай саткандарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Жаңы мыйзам күчүнө кирсе, насыбай саткандар беш эсе көп айып пул төлөшөт. Орусиялык мыйзам чыгаруучулар мындай чара өспүрүмдөрдү насыбайдан оолак кылып, ден соолугун коргоо максатында көрүлүп жатканын айтышат.