Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Борбор Азия

Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

АКШ Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлигин Бишкекте кармалган өзбекстандык көз каранды эмес журналист Бобомурод Абдуллаевдин эркиндигин чектебөөгө чакырды.

Журналист бир жума мурун Өзбекстандын өтүнүчү менен Бишкекте кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган журналисттин адвокаттары аны менен жолугуша албай жатканын айтып арызданышууда.

Укук коргоочулардын кайрылуусу

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлигин эркин журналист Бобомурод Абдуллаевди камактан бошотууга чакырды. Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросу Ташкент менен Бишкекке «сөз эркиндиги жана каттоо эркиндиги адам эркиндигинин пайдубалы экенин» эске салган.

«Биз Өзбекстандын жана Кыргызстандын өкмөттөрүн өз милдеттерин аткарууга жана мурдараак Бишкекте кармалган өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин ушул укуктарын коргоого чакырабыз», деп айтылат бюронун «Твиттер» социалдык баракчасындагы билдирүүсүндө.

Бишкекте кармалган өзбекстандык эркин журналист Бобомурод Абдуллаев тууралуу жергиликтүү уюм - «Саясий репрессияга каршылык комитети» да билдирүү таратты. Кыймылдын жетекчиси Адил Турдукулов 17-августта тараткан кайрылууда Абдуллаевди өзбек бийлиги кыйноого салышы мүмкүн экени, Кыргызстан адам укуктары бузулган окуядан оолак болушу керек экендиги белгиленген.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Биз качкындарды кабыл алуу жагынан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи орунда болуп келгенбиз, - деди Адил Турдукулов. - Ошондуктан Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын активисттерине, оппозиция өкүлдөрүнө Кыргызстандан баш паанек алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Мисалы, 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин 400гө жакын өзбек жараны качкын макамына ээ болуп, Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге чыгып кеткен эле. Соңку бир нече жылдан бери абал өзгөрдү. Бул көрүнүш «демократия аралчасы» деген аттан алыстап баратканыбызды далилдеп жатат».

Өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди УКМКнын кызматкерлери расмий Ташкенттин өтүнүчү менен 9-августта баш калаадагы кафелердин биринен кармап кеткен. Өзбекстан Абдуллаевди «Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү» жана «Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү» беренелеринин негизинде айыптап жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча азыркы маалда «Кора мерган» деген каймана ат менен Шавхат Мирзиёевдин дарегине сын макала жазган адам Бобомурод Абдуллаев болушу мүмкүн.

Журналистти Биринчи май райондук соту 8-сентябрга чейин камакка алган. Анын адвокаттары 13-августта апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышты. Шаардык соттогу алгачкы отурумдун убактысы 10 күндүн ичинде белгилүү болушу керек.

Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айынан бери Кыргызстанда жүргөн. Ал Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, журналист кайра кете албай калган.

Ал камалар алдында Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Бишкектеги кеңсесине кайрылып, баш паанек сураганга жетишип калган. Анын өтүнүчү карала башташы үчүн Мамлекеттик миграция кызматына да арыз жазышы керек.

Адвокат Тимур Карабаев арызга Бобомурод Абдуллаевдин колун койдура албай жатканын айтты:

«УКМК Бобомурод Абдуллаев менен 14 күндөн кийин гана жолукса болорун айтып жатат. Карантин адвокаттарга эмес, УКМКнын тергөө абагында ОТУРГан башка адамдарга тиешелүү болушу керек. Себеби Абдуллаев адвокаттары менен кармалган күнү жана сотто да жолугушуп жүргөн. Биз УКМКнын жетекчилигине кат менен да кайрылганбыз. Атайын кызмат азырынча унчукпай жатат. Менимче, УКМК атайын тоскоолдук жаратып, Мамлекеттик миграция кызматына кайрылышыбызды кечеңдетип жатат».

УКМК адвокаттын дооматтары боюнча пикирин билдире элек.

Адвокаттар акыркы жолу Бобомурод Абдуллаев менен 10-августта Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып жаткан кезде жолугушкан.

Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берүү маселесин Башкы прокуратура карап жатат. Көзөмөл органынын басма сөз катчысы өзбекстандык журналист боюнча маалымат бере албай турганын айтты.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал. Ал 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турарын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган эле. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бул иште кыргыз бийлиги кылдат саясат жүргүзүшү керек экенин айтты:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Абдуллаевдин Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов жөнүндө жазып жүргөнү боюнча маселе жок. Ал кишинин режимин дүйнө жакшы билет. Бирок Шавкат Мирзиёев келгени Өзбекстанда адам укуктары боюнча абал оңолгону айтылып жүрөт. Бобомурод Абдуллаев ошого карабастан Шавкат мырзаны бир жактуу каралаган болсо, «Кора мергандын» артында Абдуллаев турганы аныкталса, анда биздин өлкө Өзбекстандын ишине кийлигишпеши керек. Өзбекстандык журналистти өткөрүп беришибиз керек. Эгерде Бобомурод Абдуллаев ак жеринен кармалып жатса башка кеп. Анда биз Борбор Азиядагы демократия өнүккөн өлкө катары Абдуллаевди өткөрүп берүүдөн баш тартып койсок болот».

12-августта «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму да Абдуллаев боюнча билдирүү таратып, кыргыз бийлиги расмий Ташкенттин өзбекстандык эркин журналист Бобомурод Абдуллаевди экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн четке кагууга, аны бошотууга тийиш экенин билдирген. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон:

«Абдуллаев Өзбекстанда кыйноого туш болушу ыктымал деген коркунучту эске алуу менен Кыргызстандын башкы прокурору өзбек бийлигинин кайрылуусун аткарбашы керек. Кыргыз бийлиги тигил же бул адамды саясий көз караштары же фундаменталдык укуктарын пайдалангандыгы үчүн кыйноого же куугунтукка туш болушу мүмкүн деген жерге кайтарууга эл аралык мыйзамдар жол бербей турганын жакшы билет», - деп айткан.

11-августта Бобомурод Абдуллаевдин энеси Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, жалган жалаага кабылган уулун бошотууну суранган. 73 жаштагы Гавхаржон Мадаминова «уулуна касташкандар жалган жалаа жапканын, алар аны жок кылууну көздөп турушканын» айткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Айсултан Назарбаев.
Айсултан Назарбаев.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси, 29 жаштагы Айсултан Назарбаев Лондондо каза болду.

Уулунан айрылганын казак парламентинин мурунку спикери Дарига Назарбаева да тастыктады. Айсултандын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы тууралуу маалымат социалдык тармактарга желдей тарап, түрдүү талкууларды жаратууда.

Айсултандын жүрөгү токтоп калганын «Zakon.kz» сайты кабарлады. Бул сайттын жаңылыгын бир катар жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары басып чыгышты.

Жекшембиде «Нурсултан Назарбаев» фондунун «Фейсбуктагы» баракчасында Айсултан дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу билдирүү жарыяланып, фонддун жетекчиси Дарига Назарбаева уулунун өлүмүн тастыктаган.

«Сүйүктүү уулубуз Айсултандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөбүз кайгырып турат. Мындай оор учурда коомчулук биздин орду толгус жоготуубузду түшүнүп урматтайт деп үмүттөнөбүз», деп жазылган анда.


Быйыл жыл башында Айсултандын Улуу Британиядан саясий баш калка сураган видеосу тараган. Кийинки убакта ал өзүнүн үй-бүлөсүнө, жакындарына ар кандай дооматтарды коюп, Казакстандын бийлигин сындап келген болчу.

Айсултан Назарбаев 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону кабарланган. Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Британиялык «Телеграф» басылмасынын маалыматы боюнча Айсултан Англияда коронавируска чалдыгып, ошондон улам Казакстанга кеткен, бирок Лондонго 10 күн мурун кайтып келген.


Айсултандын жүрөгү токтоп, жарыкчылык менен кош айтышканы тууралуу маалымат социалдык тармактарда түрдүү талкууларды жаратууда.

«Твиттерде» Айсултандын замандаштары миңдеген пост жазып, көңүл айтышкан:

Казыбек Иса: - Ооба, жаш, күчтүү, кайраттуу, ишенчээк эле. Эң таасирдүү үй-бүлөнүн чөйрөсүнө туура келбеди. Ал ушул үй-бүлө курган «чепте» камалып калганын сезди.

Анита Гурман: - Мен бул жигиттке боорум ооруп турат. Бирок байлар да ыйлашат. Баарынан мурун мен энесине көңүл айтам. Ал эне эмеспи? Менин ага аябай боорум ооруйт. Бирок майып балдарды «түрү суук» деп айтуу аял энеге жарашпаган нерсе. Айсултандын жаткан жери жайлуу болсун.

Бота Джардемали: - Ушул жылдын башында Айсултан апасы Дарига аны өлтүргүсү келгенин ачык айтып чыккан. Айсултан Нурсултан Назарбаевдин баласы экенин айткан. Казакстанда жийиркеничтүү нерсе болду. Айсултан ошондой эле Тимур Кулибаевдин Путин менен сүйлөшүүлөрүн жазды. Албетте, бул инфаркт же баңгизаттын ашыкча дозасы эмес. Бул - киши өлтүрүү. Ошентип Назарбаевдер Айсултандын оозун түбөлүккө басышты.

Казакстандагы кырдаалды байкаган чет элдик укук коргоочулар жана журналисттер да Айсултандын мезгилсиз өлүмү тууралуу жазышты. Норвегиянын Хелсинки комитетинин мүчөсү Ивар Дали «трагедиялуу жашоонун трагедиялык соңу» деп «Твиттердеги» баракчасына жазды. «France-Presse» агенттигинин Борбор Азиядагы кабарчысы Крис Риклтон Айсултандын өлүмү менен коомчулук «кичинекей, бирок тумандуу терезени» жоготконун жана ал терезе аркылуу эл Казакстандагы «жашыруун күрөшкө» көз чаптырышканын жазды.

Айсултан Назарбаев 26-августта 30 жашка толмок. Ал казак Сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Айсултандын улуу агасы Нурали Алиев 2014-2016-жылдары Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген.

Айсултан Назарбаев Улуу Британиянын «Сандхерст» аскердик академиясын бүткөргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы жети айдай Казакстандын Футбол федерациясынын вице-президенти болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG