Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Борбор Азия

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акыркы үч жылда өлкөдө бала сатуу боюнча 185 факты аныкталган.

7-январда Самарканд облусунун Каттакурган районунда эки жаштагы наристесин 2,5 миң долларга сатууга аракет кылып жаткан жеринен өзбекстандык келин кармалган.

"Daryo.uz" интернет басылмасы билдиргендей, Кадан районунда жашаган 26 жаштагы келин уулун сатууга аракет кылган. Райондук милиция кызматкерлери келинди баласын 1,5 миң долларга берип жаткан жеринен колго түшүрүп, ага кылмыш иши козголгон.

"Daryo.uz" интернет басылмасынын сүрөтү.
"Daryo.uz" интернет басылмасынын сүрөтү.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Тергөө башкармалыгынын өкүлү Наргиза Хожибоева 2017-2020-жылдар аралыгында өлкөдө 185 бала сатуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын айтымында, жакырчылык, никеге турбай төрөгөн келиндер, баласыз үй-бүлөлөрдүн наристелүү болуу аракети жана бекем укуктук базанын жоктугу ымыркайларды сатууга түрткү болуп жатат.

Бирок өзбекстандык юристтер Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн "мыйзамдык база жок" деген сөзүнө кошулбайт. Алардын бири, адвокат Рухиддин Камилов буга чейин бала сатуу боюнча бир канча соттук жараянга катышкан.

"Мен бала сатууга ортомчу болгон адам Өзбекстандын Жаза кодексинин 135-беренеси "Адам сатуу" боюнча алты жылга эркинен ажыратылганына күбө болгом. Баланын энеси да алты жылга шарттуу кесилген. Ортомчу төрт жыл гана абакта отуруп, кутулуп чыккан".

Адвокаттын айтымында, көпчүлүк учурда энелер жаңы төрөлгөн балдарды сатууда пассивдүү ролду ойношот. Негизги бизнести, башкача айтканда, кылмышты ортомчулар жасашат. Андыктан адвокат мындай кылмышты жасаган жарандарга өзбек мыйзамдары бөгөт коё албайт деген пикирлерге кошулбайт.

"Өзбекстандын Жаза кодексинде адам сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган 135-берене бар. Бул беренеде чындыгында "жаңы төрөлгөн баланы сатуу" деген так сүйлөм жок. Бирок ал сөзсүз керек эмес. Анткени беренеде "18 жашка толо электер" деп жазылганы жетиштүү. Мыйзамдар катаал деп айтсак болот. Алардын сакталышы жана аткарылышы гана аксап жатат".


Ал эми адистер белгилегендей, Өзбекстандагы балдар үйлөрүндө тарбияланган ымыркайлардын 20 миңден ашыгы, башкача айтканда 70% тубаса майып балдар. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттери Ташкенттеги балдар үйүнүн биринин кызматкерлери менен жашыруун маектешкен. Алар балдар үйүндө 58 ымыркай чоңоюп жатканын, алардын бири «сатылып кеткен» наристе экенин айтып беришкен.

"Азыр бул баланы ата-энесине кайтарып берүү маселеси каралып жатат. Анын ата-энеси да балдар үйүндө тарбияланганы белгилүү болду. Андан тышкары бул үй-бүлөдө эки бала бар болгонун, энеси кош бойлуу экенин билдик. Учурда сот жараяны уланууда. Эгерде соттун чечими чыкса, биздеги наристе үй-бүлөсүнө кайтарылат".

Кызматкерлер балдар үйүндөгү 58 наристенин 32си майып экенин айтып берди.

"Майып төрөлгөн ымыркайларды энелери төрөтканада же кийин балдар үйүнө таштап кетишет. Негизинен Даун синдрому, церебралдык шал оорусу бар же гидроцефалия менен жабыркаган балдар", - деди атын жашырган кызматкерлердин бири.

Ал ошондой эле балдарды асырап алуу үчүн 600гө жакын үй-бүлө кезекте турганын, бирок алардын бири да майып наристени асырап алууну каалабаганын кошумчалады.

"Майып балдарды асырап алышса кандай жакшы болмок, бирок аларды эч ким алгысы келбейт. Түгөйлөр балдарды тандашат. Алар дени сак балдарды гана карашат. Баланын акыл-эсине, мусулман үй-бүлөдөн чыкканына жана музыкалык жөндөмүнө көңүл бурушат. Кээде түз эле "бала ооруган эмес жана кийин да оорубайт" деп жазып берүүнү талап кылышат".


Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Наргиза Хожибоева дагы бир фактыны – никеси жок аялдар төрөгөндө аны үй-бүлөсүнөн жашыруу үчүн ымыркайларды сатуу көбөйгөнүн белгилеген. Бирок “Марифат” гезитинин кабарчысы Шарифа Мурод соңку кезде бул фактор өз актуалдуулугун жоготконун айтат.

"Азыр көпчүлүк кыз-келиндер намыстан анчалык коркушпайт. Бирок алар каржылык жактан кооптонуп, баланы жалгыз багуудан коркушат. Андыктан никеге турбай кош бойлуу болуп калган келиндер боюнан алдырышат же баланы сатууга аргасыз болушат. Өткөн айда биздин аймакта да бала сатуу боюнча кылмыш иши козголгон. Төрөгөн эне баланы бага албай калам деп коркуп, аны сатууну чечкен".

Ушундай эле пикирди Ташкентте өткөн басма сөз жыйынында Өзбекстандын Үй-бүлөнү колдоо министрлигинин өкүлү Угилой Урозова да билдирген. Анын айтымында, мындай кылмышка барган аялдардын көпчүлүгү жашоо шарттын начардыгынан улам социалдык колдоого жана психологиялык жардамга муктаж болгондор.

Ал эми Өзбекстанда ата-энелер балдарын саткан учурлар маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылып турат. Ошол эле учурда алар сураган баа көбүнчө 1000 доллардан ашпайт. Буга чейин Өзбекстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу боюнча төрөткананын кызматкерлери да кармалган учурлар болгон.

Түркмөнстандын Лебап облусунун бийлиги мамлекеттик кызматкерлерди жана мектеп окуучуларын кызыл мыянын тундурмасын (сироп) такай көтөрүп жүрүүгө милдеттендирди. Президент Бердымухамедов демилгечи болгон бул жаңы эрежеге ылайык, бул чөптүн ширеси ар бир кызматкердин кол сумкасында болушу керек.

11-январда "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өлкөнүн Лебап облусундагы мамлекеттик кызматкерлер жана окуучулар жанына такай кызыл мыянын (солодка) тундурмасын алып жүрүүгө милдеттүү экенин жазып чыккан.

Жарандар бул дaры чөптү коронавирустан коргонуу үчүн ичип турууга да милдеттүү экени маалым болду.

Ошондой эле мындай талапты Фарап районундагы мамлекеттик кызматкерлер дагы аткарууга милдеттүү. Аларга керектүү дары-дармеги болбосо жумушка кире албай турганы эскертилген. Бул жаңы эреже аймактын мектеп окуучуларына да тиешелүү. 18-январдан баштап ар бир окуучунун жанында кызыл мыянын тундурмасы, антисептик, беш беткап, оксолин майы жана резина колкап болушу шарт. Ансыз мугалимдерге сөгүш жарыяланып, ата-энелер айып пул тартышы мүмкүн.

Бул жаңы талап президент Бердымухамедовдун коронавируска каршы кызыл мыянын тамырынын дарылык касиетин изилдөө тууралуу буйругунан улам келип чыккан. Түркмөн лидери 25-декабрда өкмөт жыйынында мыянын тамыры коронавируска каршы даба болушу мүмкүн экенин айткан.

"Мыянын тамыры илгертен бери элдик медицинада ички илдеттерди, жөтөлдү, бөйрөктүн, дем алуу органдарын жана он эки эли ичегинин жараларын дарылоодо колдонулуп келген" деп билдирген президент.

Ал ошондой эле кызыл мыянын 15 түрүнүн төртөө Түркмөнстанда өсөрүн айткан. Түркмөн лидери бул өсүмдүктүн тамырында глицирризин кислотасы көп экендигин белгилеп, өлкөнүн Илимдер академиясына мыянын башка пайдалуу касиеттерин «кылдаттык менен изилдөөнү» тапшырган.

Ал арада "Азаттык" радиосунун Лебап облусундагы кабарчысы кызыл мыянын ширесин милдеттүү түрдө сатып алуу жарандар үчүн кошумча чыгым экенин белгиледи.

"Аймактык дарыканаларда ширенин баасы баасы 30-40 манатты түзөт. Бул 23 доллардын тегерегинде болуп калат. Ошол эле учурда, экономикалык кризис күчөп, калктын материалдык абалы начарлап баратат. Кышында аймактагы айрым үй-бүлөлөр балдарына жылуу кийим, бут кийим ала албай жатат. Айылдагы балдар үйүнөн бир нече чакырым алыс жайгашкан мектептерге барууга аргасыз", - деди кабарчы.

Былтыр окуу жылында түркмөн окуучуларынын ар бири дары- дармек үчүн жеке баштыкча алып жүрүүгө милдеттендирилген. Баштыкчада беткап, йод, резина мээлей, антисептик жана оксолин майы болушу керек. Жалпы баасы 180 доллар турган бул баштыкчанын ар бир окуучу мектепке такай жанына алып жүрүшү керек.

Президент Бердымухамедов буга чейин өз элин коронавирустан адырашман менен сактанууга чакырган. Ал бул өсүмдүк «түркмөндөр миңдеген жыл бою колдонуп келген, жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба экенин далилденген» деп чечмелеген.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Бердымухамедовдун мындай сунушунан кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде күнүнө кеминде эки жолу адырашман менен ысырыктоо жапырт башталганын жазган.

Ошондой эле президент Бердымухамедов буга чейин 50дөн ашык китеп, анын ичинде «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» деген жыйнак жазган. Өлкөдө табыптар колдонмо катары президенттин дары чөптөр жөнүндөгү китебин пайдаланышат жана андагы маалымат мамлекеттик деңгээлде жайылтылат.

Ал эми Түркмөнстан коронавирусту өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан жалгыз мүчөсү. Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө өпкө кагынынан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG