Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Борбор Азия

Аялзаттын укугу үчүн күрөшкөн мырзалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:23 0:00

Аялдарга карата зомбулук менен негизинен аялдар күрөшөт: акцияларды өткөрүшөт, жабыркагандарга жардам берет. Бүгүн биздин коноктор — зордук-зомбулукка активдүү каршы чыгып, бул жаатта бир топ иштерди аткарып жаткан мырзалар болмокчу.

Кылмышка шектүүлөр өрттөп жиберген автоунаа. Кара-Суу шаары, 13-декабрь.
Кылмышка шектүүлөр өрттөп жиберген автоунаа. Кара-Суу шаары, 13-декабрь.

Кыргызстандагы эң чоң дүң соода базары жайгашкан Кара-Суу шаарында болгон куралдуу карактоо ишкерлер арасында тынчсызданууну жаратты. 13-декабрда таламандын так түшүндө болгон ​окуяда бир киши травматикалык тапанчадан жабыркап, шаардын так ортосунда автоунаа өрттөндү. Ош облустук милициясы тонолгон 114 миң АКШ долларынын дайыны табылбай жатканын айтууда.

Чак түштөгү куралдуу карактоо

Ички иштер министрлиги 13-декабрда Кара-Суу шаарында болгон окуяга байланыштуу мурда соттолгон үч киши кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар мурда дагы куралдуу каракчылык менен алектенип жүргөн.

Кылмышка шектүүлөр.
Кылмышка шектүүлөр.

Кармалган шектүүлөрдүн бири Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну, мурда "Адам өлтүрүү", "Мыйзамсыз курал сактоо" беренелери менен эки жолу соттолгону белгилүү болду.

Экинчи шектүү дагы "Диний экстремизм боюнча" мурда соттолгон, Ош шаарынын 48 жаштагы жашоочусу. Үчүнчүсү - Орусиянын Татарстан Республикасынан, 46 жашта, мурда "уурулук" боюнча соттолгон деп айтылды.

Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан курал-жарактар, ок-дары, рациялар, атайын бет каптар табылган.

Милициянын маалыматына караганда, карактагандар акча жеткирип бара жаткан кишинин автоунаасын сүзүп токтотуп, травматикалык тапанча менен бутуна аткан. Колго түшүрүү учурунда шектүүлөр "кылмышты жашыруу" максатында “Дэу-Лачетти” үлгүсүндөгү автоунааны өрттөп жиберишкен. Буга алдын ала даярдык көргөнү айтылды. Колго түшүрүү учурунда милицияга куралдуу каршылык көрсөткөн.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы каракталган 114 миң АКШ долларынын дайыны табылбай жатканын ырастады. Ал акча кытай жаранына таандык болгон. Тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу көп маалыматтар ачык айтылган жок.

"Акчаны Ош шаарынын тургуну башка кишиге жеткирип берүү үчүн алып бара жаткан. Бирөөгө бере турган 109 миң АКШ доллары, андан сырткары өзүнө таандык 5 миң АКШ долларын каракчылар тоноп кеткени белгилүү болгон. Бирок, ошол кылмышка шектүүлөрдү кармаган учурда алардын жанынан акча табылган эмес", - деди облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Милиция каракталган акча өрттөлгөн унаанын ичинде калды деп болжогон. Бирок эксперттиза өрттөлгөн унаадан акчанын калдыктарын тапкан эмес. Учурда күбөлөр суралып, окуя болгон жердеги байкоочу камералар текшерилип жатат деди Жеңиш Аширбаев.

Кытайлык ишкер Кара-Суу базарында соода-сатык менен алектенери айтылууда. Кара-Суу базарынын басымдуу бөлүгүндө Кытайдан келген товарлар сатылат.

Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан табылган курал-жарактар.
Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан табылган курал-жарактар.

Кооптуу коңгуроо

Жогорудагы окуя акыркы эки жылдагы төртүнчү учур. Бир жыл мурун Кара-Суу районундагы ишкердин 100 миң АКШ доллларын үйүнөн тоноп кетишкен. Андан кийин дагы бир ишкердин 5 миллион сому каракталган. Кийинкисинде карактоо учурунда ишкердин жанынан акча таба албай, кылмышка шектүүлөр унааны өрттөп качып кетишкен.

Ош ОИИБдин маалыматында, 5 миллион сомду карактаган топтон бирөө гана кармалып, калганы колго түшүрүлө элек.

Юрист Максатбек Жорокулов каракчылык кылгандардын курал-жарак менен жабдылганы өтө кооптуу көрүнүш дейт. Мунун өзү укук коргоо органдарынын жетиштүү деңгээлде иш жүргүзбөй жатканынан кабар берет деди ал.

"Бул окуя уюшкан топтор алдын ала аныкталбай жатканынан кабар берет. Эгерде аскердик куралдар буга чейинки тополоңдордо жоголгон болсо, аларды табуу боюнча иш-чаралар жетиштүү жүргүзүлбөгөнүнүн белгиси. Канча курал-жаракты жоголуп кетти деп айтышат. Бирок табылганы боюнча аз эле маалымат берилет".

ЖИА Бизнес-ассоциациясынын Оштогу филиалынын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулунан мындай окуялардын ишкердик чөйрөгө таасири тууралуу сурадык.

"Албетте, куралдуу кол салуу, адам уурдоо (Бишкектеги чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылган окуя) жакшы көрүнүш эмес. Эки окуянын кыска аралыкта, биринин артынан бири болгону бизнес климатка терс таасирин тийгизет. Бизнестин биринчи каалаганы эле - туруктуулук. Экинчиси, бул коопсуздук жагы. Ишкерлер мамлекеттин гарант болуусун күтөт. Мамлекет коопсуздугун камсыздап берсе, ишкер ишин ийгиликтүү жүргүзүп, салыгын төлөп, жумуш орундарын түзүп ишин жүргүзө берет".

Кара-Суу базарынын борбордук бөлүгү. Архив сүрөт.
Кара-Суу базарынын борбордук бөлүгү. Архив сүрөт.

Экономикалык эксперт Эркин Абдразаковдун пикиринде, мындай окуялар кайсы бир деңгээлде коңшу өлкөлөр менен соода-сатык алакасына деле таасир этиши мүмкүн дейт.

"Каракчылык дагы бир себеби — жумушсуздук. Анын үстүнө уюшкан кылмыштуу топторго тыкыр көзөмөл болбой жатат. Аларды коомдон бөлүп туруш керек эле. Бул жагынан укук коргоо органдары аксап жатат. Таламандын так түшүндө эч нерседен коркпой курал колдонгон кылмыштуу топ шаарда машинеден машинеге олтуруп жүрүшү бул криминалдардын өтө агрессивдүү деңгээлге чыгып кеткенинен кабар берет. Бул кыргыз-өзбек соода алакаларына сөзсүз таасирин тийгизет".

Ош облусундагы "Кара-Суу" базары Борбор Азиядагы эң ири соода жайларынын бири болуп саналат. Базардын жалпы аянты 20 гектарга чукулдайт. Жалпысынан 7 миңден ашуун контейнер, 400дөй соода түйүнү бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG