Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Борбор Азия

Кыргызстандык аскерлер чек араны кайтарып турушат. Баткен, Көк-Таш айылы. Май, 2021-жыл.
Кыргызстандык аскерлер чек араны кайтарып турушат. Баткен, Көк-Таш айылы. Май, 2021-жыл.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардан улам Кыргызстандын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалдан кийин кабыл алынды. 22-декабрда чек арада ок атылып, эл түнкү күзөт уюштурган.

25-декабрда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырып, кийинчерээк аны алып кеткени, ушул эле күнү тажик жарандары ыргыткан таштан кыргызстандыктардын төрт машинеси талкаланганы кабарланды. Тажикстан тарап 24-декабрда Кыргызстанды “чагым кылууда” деп айыптаган, акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 26-декабрь, саат он бирге карата кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал туруктуу экенин билдирди. Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп, чыр-чатак катталган жок.

“Аймакта чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Чек арачылар кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат”,- деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Асылкерим Ажиев.

25-декабрда кыргыз тарап Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырганын кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын тушунда тажик аскерлеринин топтолгону байкалган. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап минемотун алып кеткени айтылды.

Ушул эле күнү саат 19.30дарда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстандын 3-4 жараны кыргызстандыктардын төрт машинесине таш ыргыткан. Андан автоунаалар жабыркап, эч ким жаракат алган эмес. Окуя болгон жерге барган «Көк-Таш» чек ара бекетинин башчысы эскертүү иретинде үч жолу асманга ок чыгаргандан кийин тажик жарандары качып кеткен.

Эки өлкө бирин-бири айыптады

22-декабрда Баткен облусунда, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Максат айылына жакын жерде бараткан автоунаага ок атылганы айтылган. Мамлекеттик чек ара кызматы “кыргызстандык жаран айдап бара жаткан КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаага Тажикстандын чек арачылары ок чыгарып, машиненин айнегине жана дөңгөлөгүнө үч жолу аткан деп маалымат берген. Айдоочу айнектин сыныктарынан жеңил жаракат алган.

24-декабрда Тажикстандын Чек ара күчтөрү кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча билдирүү таратып, анда кыргыз тарапты "чагымчылдыкка" айыптаган.

Тажикстандын расмий маалыматында айтылгандай, Согд облусунун Хистерварз пунктунда кыргыз жаранына таандык КамАЗ унаасы чек араны бузуп кирген. Тажик чек арачылары аны токтотуу тууралуу белги берген жана бирок айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, чек арачылардын сүзүп кетүүгө аракет кылган.

Кыргызстандын расмий кабарына караганда, окуядан кийин Эки-Таш аймагында эки мамлекеттин чек ара бекеттеринин башчылары жолугушкан. Тажик тарап окуяга катышы бар адамдарды издеп жатканын билдирген. Эскалацияга жол бербөө максатында Баткен чек ара кызматынын башчысы жана УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси окуя болгон аймакка барган.

Максат айылынын тургуну Сапарали Адинаев аймактагы кырдаал тууралуу буларды маалымдады:

“Кимдер качты, кимдер калды” деп бири-бирибизди тыңшап, аңдып коюп, жашап жатабыз. Эл коркуп турат. Чек арага жакын жайгашкан айрым үйлөрдүн тургундары абалдан кооптонуп, балдарын айылдан чыгарып турууга туура келип жатат. Азыр абал тынч. Кудай деп турабыз”.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез эле ар кандай мүнөздөгү жаңжалдар катталып келүүдө. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган. Андан бери да чектеш аймактарда ар кандай масштабдагы бир катар талаш-тартыштар катталды.

Кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып келет. Коомдук ишмер Досбол Нур уулу буларга токтолду.

“Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 1924-жылдан бери уланып эле келе жатат. Жылына бул аймакта ондогон чатак чыгып турат. Мындай кырдаалдын алдын алуу үчүн чырды болтурбоонун жолун издеп, иштеп чыгып керек. Андай жол бар. Эң татаал маселени да чечсе болот. Бирок ага саясий эрк керек, кошуналардын тилин таап, алар менен сүйлөшө билиш керек. Эки өлкөнүн башчыларынын бири-бирине болгон мамилеси түз болуп, ынтымакка келмейин, мындай кылдаал улана берет”.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы акыркы окуя тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Эки өлкөнүн президенттеринин быйыл жазындагы кездешүүлөрүндө 32 чакырым жер тилкеси боюнча тараптар макулдашууга келгенин тажик мамлекет башчысы айткан. Июлдун аягында тараптардын топографиялык топтору дагы 40 чакырымдай жер боюнча документке кол коюшкан.

“Дордой” базарынын соодагерлери митингге чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00

“Дордой” базарынын ишкерлери жаңы салык кодексине ылайык колдонууга кирип жаткан көзөмөл кассалык машиналарга каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар кризиске байланыштуу ККМди кийинкиге калтырууну талап кылышууда.Оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматов эки айга камакка алынды. Анын тарапташтары соттун бул чечимин мыйзамсыз деп баалап, саясатчы бийликтин куугунтугуна кабылганын айтып жатышат. Вашингтон менен Киев Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Украинанын чыгышында аскердик операция даярдалып жатат" деген билдирүүсүн четке кагышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG