Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн баласы Сердарды өзүнүн орун басарлыгына, ошондой эле, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындады.
Tүркмөнстан "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен эл аралык газ куурунун коопсуздугун талкуулады.
Дүйнөлүк басылмалар Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу жазган макалаларга баяндама.
Казакстандык ишкер жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев Карагандыдагы фармацевтикалык комплексте өндүрүлгөн орусиялык "Sputnik V" вакцинасын сатуудан киреше таппай турганын билдирди.
Тажикстанда жашап, социалдык тармактардан акча тапкандар эми салык төлөй баштайт. Бул тууралуу өлкөдөгү белгилүү блогер Рафаел Гулов билдирди. Аны өлкөнүн Салык кызматы атайын чакырып, бул кабарды угузган.
Шинжаңдан качып чыккан аялдар “лагерде” такай зордукталып, ур-токмокко, кыйноого кабылышканын Би-Би-Сиге айтып беришти. АКШнын Мамдепартаменти бул боюнча “терең тынчсыздануусун” билдирип, Бээжинди айыптады.
"Баткендеги "Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга өтүп кетти" деген маалымат жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жаратты. Чек аралаш аймактагы стратегиялык жайга байланыштуу талкуу күчөдү.
2016-жылы жер маселесине байланыштуу митингдердеги ролу үчүн камакка алынган активист Макс Бокаев 4-февралда Атырау шаарындагы абактан бошотулду. Укук коргоочулар "саясий туткун" деп мүнөздөгөн Бокаевди өлкөнүн булуң-бурчунан ондогон адамдар тосуп алышты.
2-февралда Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасынын 20 миң дозасы коңшу өлкөгө дем алыш күнү келди.
Дагы жүктөңүз