Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Борбор Азия

шейшемби 9 Февраль 2021

Мулла Абдул Гани Барадар баштаган "Талибан" делегациясы Ашхабадда. 2021-жыл, 6-февраль
Мулла Абдул Гани Барадар баштаган "Талибан" делегациясы Ашхабадда. 2021-жыл, 6-февраль

Tүркмөнстан "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен эл аралык газ куурунун коопсуздугун талкуулады. 

“Талибандын” саясий кеңсесинин башчысы Мулла Абдул Гани Барадар баштаган делегация түркмөн тараптын чакыруусу менен Ашхабадга келди.

6-февралда Ашхабаддагы Тышкы иштер министрлигинде түркмөн аткаминерлери "Талибан" саясий кыймылынын башчыларын кабыл алышты. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Талибандын" Катар шаарындагы өкүлү Мухаммад Наим Вардак жолугушуу Ашхабаддын расмий чакыруусу менен жүзөгө ашканын тастыктады.

"Мулла Барадар Түркмөнстандын чакыруусу менен болгон иш сапарынын алкагында түркмөн вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту", - деди Вардак.

Белгилей кетүүчү жагдай, Ашхабаддын расмий билдирүүсүндө түркмөн бийлигинен "Талибандын" лидерлери менен кимдер жолугушканы ачык айтылган эмес. Ал эми Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары бул жолугушуу тууралуу ооз ачкан жок.

Расмий билдирүүдө Ашхабаддагы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тарап Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуунун маанилүүлүгүн белгилешкени айтылган.

"Талибан" саясий кыймылы ооган элинин жыргалчылыгын жана өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга толук колдоо көрсөтүүгө дилгир экендиги белгиленет.

Ал эми ооган басылмалары кабарлагандай, талибдер Түркмөнстандын Ооганстандагы долбоорлоруна коркунуч жаратпоого убада беришкен. Түркмөн газын Ооганстан аркылуу Пакистанга жана Индияга алып өткөн узак мөөнөттүү долбоору – ТАПИ бул мамлекеттеги коопсуздук жана каржы маселелеринен улам илгерилебей турат.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр. Ашхабад шаары, 6-февраль, 2021-жыл.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөр. Ашхабад шаары, 6-февраль, 2021-жыл.

Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин "Талибандын" өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алардын өкүлү Сухейл Шахин Түркмөнстандын "учурдагы жана келечектеги саясий жана экономикалык долбоорлоруна колдоосун" баса белгиледи.

"Түркмөнстан демилге көтөргөн Ооганстандагы инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашуусу өзгөчө мааниге ээ. ТАПИ, TAП жана Түркмөнстандан Ооганстанга салына баштаган темир жол курулушу сыяктуу долбоорлор ооган экономикасын ыкчам жандандырууга өбөлгө болору шексиз. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүрүп жаткан учурда, жүзөгө ашырылып жаткан бардык улуттук долбоорлордун корголушун камсыз кылабыз жана элибиздин жыргалчылыгына, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга аракет кылып жатабыз”, - деди ал.

С.Шахин "Талибан кыймылы" TАПИ жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну жана алардын коопсуздугун толук коргой тургандыгын баса белгиледи.

Анткен менен талибдердин өкүлдөрүнүн басма сөз жыйынына кайсы медиа каражаттарынын журналисттери келгени белгисиз.

Ал эми расмий Кабулдун Ашхабаддагы жолугушуу тууралуу көз карашы белгисиз жана комментарий бере элек.

"Азаттык" радиосунун ооган кызматы маалымат каражаттарына шилтеме берип, "Талибан" саясий кыймылынын башчысы Абдул Гани Барадар расмий Ашхабаддын чакыруусу менен Түркмөнстанга келгенин тастыктады.

"Ariana News" агенттиги Барадар баштаган делегация түркмөн аткаминерлери менен Ооганстанга тынчтык орнотуу жараянын, эки тараптуу мамилелер, чек ара коопсуздугу жана Түркмөнстандын ооган жергесиндеги долбоорлорун талкуулагандыгын кабарлады.

Мухаммад Наим Вардак "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына "Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын колдоого байланыштуу маселелер да талкууланганын” айтты.

Ашхабаддагы бул сүйлөшүүлөр Пентагон “Талибан” өзүнө алган милдеттенмесин толук аткарбай жатат" деп жарыялагандан кийин өттү.

Барадар буга чейин Катардын борбор калаасы Дохада Ооганстан менен АКШнын расмий өкүлдөрү менен жолуккан. Ошондой эле өткөн аптада ал Тегеранда Ирандын башкы дипломаты Жавад Зариф менен сүйлөшкөн.

"Eurasianet" онлайн басылмасы ТАПИ долбоорун "Талибандын" колдоп атканын түркмөн газын экспорттоонун экинчи ири жетишкендиги деп мүнөздөдү. Буга чейин Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы 30 жылдан берки талашка чекит коюлган. Эми "Транскаспий" долбоору аркылуу түркмөн газы түздөн-түз Европага чыга алат.

Басылма ошондой эле талибдердин Ашхабадга күтүүсүз сапарынын артында ТАПИ долбоорун колдоп келген АКШнын ортомчулугу турушу мүмкүн деп божомолдойт.

Жон Байдендин администрациясы мурдараак «Талибан» кыймылы менен АКШнын ортосунда былтыр түзүлгөн келишимди карап чыгышарын, талибдер өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат деген кооптонуулар бар экенин билдиришкен. Ал келишимде талибдер ок атышууну токтотуп, «Ал-Каида» террордук тобу менен бардык байланыштарын үзмөк. АКШ болсо Ооганстандагы аскерлерин быйыл майга чейин чыгарып кетмек.

Азиянын Борбору менен түштүгүн туташтыруучу ТАПИ газ куурунун узундугу долбоор боюнча 1800 чакырымды түзөт. Анын алкагында Түркмөнстандан Ооганстанга, Пакистанга, Индияга көгүлтүр отун жеткирилет.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласын кыргызча которгон Элвира Будайчиева

Кордойдун Шор-Төбө кыштагы. Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.
Кордойдун Шор-Төбө кыштагы. Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.

2020-жылдын февраль айында Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда болгон этностор аралык жаңжалда 11 киши каза болуп, ондогон кишилер жаракат алышкан. "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кабарчысы Пётр Троценко үрөй учурган окуядан бир жыл өткөндөн кийин Кордой ооданына кайтып келди. Сыртынан гүлдөп-өскөндөй көрүнгөнү менен иш жүзүндө Түндүк Кореянын чакан өрнөгүндөй таасир калтырган жергиликтүү айылдардын учурдагы абалы бул сүрөт менен тастыкталган баянда чагылдырылган.

2020-жылдын 8-февралына караган түнү Масанчи, Булар-Баатыр, Аукатты жана Шор-Төбө (Сортобе) айылдарында Казакстандын заманбап тарыхындагы этностор аралык чыр-чатактардын бири орун алды. Бийлик казактар менен дунгандардын ортосундагы кан төгүүлөр коштолгон жаңжалдын этностор аралык мүнөзүн четке кагып, аны тек гана "үй-бүлөлүк чыр-чатакка" теңеди.

Кордойго кетээримдин алдында менин жергиликтүү тааныштарым бул аймакта "журналисттин келиши тууралуу тез арада мэрияга кабарлоо керек" деген жазылбаган эреже бар экендигин эскертип, аткаминерлер менен коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурдурбоо үчүн өтө этият болуума кеңеш беришти. Оболу мага бул эскертүү күлкү келээрликтей сезилген, бирок көп өтпөй анын чындыгын түшүндүм.

Эмесе, урматтуу окурман, бардыгын башынан баяндап берейин.

"ЖАКШЫ ИНТЕРНЕТ БАР, ГАЗ МЕНЕН ДА ЖАБДЫЛДЫК"

20 миңге жакын калкы бар Масанчи айылы былтыркы тополоң учурунда эң көп жабыр тарткан кыштак болду. Эң кызыгы, тополоңчулар мэриянын имаратына жана Маданият үйүнө тийбестен, жеке үйлөрдү жана дүкөндөрдү гана талкалашкан.

Масанчидеги турмуш огу айылдын борбордук бөлүгүндө топтолгондой: мында негизги соода жайлары, кафе жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан. Көчөдө кездешип калган жергиликтүү тургундар "жашоо уланып жатканын" айтып, айылда "баары жайында, кырдаал тынч" деген жооптон ашыкча сөз чыгарышпайт.

Масанчи айылында мөмө-жемиш саткан киши. Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.
Масанчи айылында мөмө-жемиш саткан киши. Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.

Бир караганда кырдаал мындай: унаа жолдо автоунаалар менен мотороллерлер толуп, чакан базарларда жашылча-жемиш сатуу кызуу жүрүп жатат. Быйыл жаз эрте келгендиктен, тургундар бакчада бел бүгүп иштеп жатышат, айрымдары шалгам жана жусай отургузуу үчүн күнөсканаларды куруу менен алек.

2020-жылдагы жаңжалдан кийин Кордой районунун бийлиги тополоңдон жапа чеккен айылдарды калыбына келтирүү иштерин баштады: жолдорду оңдоо, оптикалык интернет менен камсыздоо жана көптөн бери күтүлүп жаткан жаратылыш газ түтүгүн орнотуу иштери аткарылды.

Айылда жаңы мектептин курулушу башталып, жер кыртышынын астынан ичүүчү таза суу чыгарылды жана турак жай кезегинде турган жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге арналып үй салына башталды.

Өрттөн кийин калыбына келтирилген дүкөн. Масанчи айылы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.
Өрттөн кийин калыбына келтирилген дүкөн. Масанчи айылы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.

Былтыркы кырдаалды тополоңдон кийин оңдолуп, жаңыртылган имараттар жана коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алган полиция автоунаасынын арбындыгы гана эске салып турат.

– Көпчүлүк кишилер айылыбызды тааныбай да калышат. Мамлекет айылдын абалын жакшыртуу үчүн бир топ каражат бөлүп берди. Айылда 13 суу кудугу ачылып, суу басымын көзөмөлдөөчү мунаралар орнотулду. Бардык үйлөрдө ысык жана муздак суу бар. Эми газ кирип калса, шаардагыдай эле жашап калчудайбыз, – дейт Масанчи шаарынын тургуну, жергиликтүү аксакалдар кеңешинин төрагасы Дыдыр Думаров.

Масанчи кыштагынан эки жүз метр алыстыктагы Кара-Кемер (Қаракемер) аттуу казак айылында дагы ушундай эле абал: айылды көрктөндүрүү, жолго жаңы асфальт төшөө жана үйлөрдү курууга 217 миллион теңге (болжол менен 44 миллион сом) каражат бөлүнгөн.

– Интернет желесин орнотту, газ жүргүздү, жолду оңдоп берди. Кудайга шүгүр, жакшы тиричилик кылып жатабыз, эч ким менен урушпайбыз. Биз көп жылдар бою дунгандар менен коңшу жашап келдик. Тополоң кылгандардын арасында бир дагы Кара-Кемердин тургуну болгон эмес, – деди Кара-Кемер кыштагынын Алма аттуу тургуну.

Кара-Кемер кыштагы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.
Кара-Кемер кыштагы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.

Кара-Кемердеги башка тургундардын пикирлери дагы Алманыкына окшош: алар "биз ынтымактуу жашап жатабыз, жумушубуз бар, кирешебиз жетиштүү, интернет, газ жана бейпилдиктеги турмушубуз үчүн мамлекетке ыраазыбыз", – деп айтышты.

Кара-Кемерди кыйлага чейин аралап жүрсөм дагы жергиликтүү калайык менен диктофону жок эркин сүйлөшө алган жокмун. Аларга караганда Масанчи, Шор-Төбө (Сортобе) жана Булар-Баатыр айылдарынын калайыгы кыйла чечилип баарлашып жатышты.

"ЭЧ КИМ БУЛ ЖЕРДЕН ҮЙ САТЫП АЛГЫСЫ КЕЛБЕЙТ"

Кордой райондук акимчилигинин маалыматы боюнча, былтыркы тополоң учурунда өрттөлүп кеткен 63 имараттын көпчүлүгү турак жайлар болгон. Азыр бул үйлөрдүн бардыгы толугу менен калыбына келтирилди. Ишкерлер, демөөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар бир аз зыянга учураган 103 объектини калыбына келтирүүгө жардам беришти.

– "Самрук-Казына" жана "Байтерек" корлорунун каражаттарынын эсебинен катуу жабыркаган 54 объект толугу менен калыбына келтирилди. Бул максатка "Щивон" кайрымдуулук кору аркылуу 213 миллион теңге бөлүнгөн. 2020-жылдын сентябрь айында оңдоо иштери аяктап, адамдар дароо жаңыртылган үйлөрүнө киришти, – деди Кордой районунун акиминин орун басары Эрлан Орымбаев.

Булар-Баатыр айылынын тургуну Хаса Жалов (алдыда турган) уулу Ислам менен бирге. Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 31-январы.
Булар-Баатыр айылынын тургуну Хаса Жалов (алдыда турган) уулу Ислам менен бирге. Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 31-январы.

Булар-Баатыр айылындагы тополоңдун кесепетинен улам 56 жаштагы Хаса Жалов мырзанын бүтүндөй эки үйү өрттөлгөн. Хаса бир үйдө аялы менен, экинчисинде уулу Ислам үй-бүлөсү менен жашаган.

Хаса Жалов мени үйүнө чакырып, калыбына келтирүү иштери кандайча жүрүп жаткандыгын көрсөттү.

– Тополоң башталганда аялым экөөбүз Кыргызстанда болчубуз. Кудай жалгап, үйдө эч ким жок болчу. Окуя жөнүндө укканда биз дароо айылга кайтууну чечтик. Бирок чек ара жабылып, Казакстанга эч кимди киргизбей коюшкан. Бул жерде бардыгы өрттөлүп кеткен. Өрттүн табынан жана суудан үйдүн дубалдары ураган. Алгач, турмуш-тиричилик буюмдарын сатып алууга мамлекет тарабынан 530 миң теңге каралган. Жалпы чыгым беш миллион 300 миң теңгеге бааланды. 12% салыкты чыгарып салгандан кийин колума төрт миллион 700 миң теңге алдым, – дейт Хаса Жалов.

– Бул акча каражаты жеттиби?

– Албетте, жеткен жок. Калайык, кошуналар жана уулдарым жардам беришти. Баары колдон келишинче жардам беришти, биз баарыбыз чогулуп жыйнадык. Мисалы, өкмөт чатыр үчүн 46 гана темир тактайчага жетчү каражат бөлүп берген. Үйдүн чатырын толугу менен жабуу үчүн 212 тактайча керек эмеспи.

– Мамлекеттен алган акчаңыз эмнелерге жетти?

– Үч бөлмөнү оңдоп, терезе коюп, шыпты жаап коюуга араң жетти. Ал эми биздин мүлкүбүздүн ордун толтурганга эч акча берилген жок. Кордой районунан тергөөчүлөр, андан кийин Тараздан кызматкерлер, акыры жумурияттык деңгээлдеги комиссия келип, келтирилген чыгымды эсептеп кетишти. Бирок бийлик жоголгон мүлктүн акысын төлөйбү же жокпу, билбейбиз, – дейт Хаса Жалов.

Анын уулу Ислам дагы өз үйүн көрсөттү: анын чатыры гана жабылып, оңдоо иштери алигиче баштала элек. Бөлмөлөрдө курулуш таштандылары, автоунаа дөңгөлөктөрү жана күл, таштандылар көп. Өрттөлгөн үйдөгү идиш-аяктын сыныктары бардык жерде чачылып жатат. Ислам бул идиштерди ага жана анын жубайына тойго келген коноктор белек кылып берген деп айтты.

– Жап-жаңы идиш-аяк болчу, бир дагы жолу колдонгон эмеспиз, – деп чаң баскан ак фарфор идиштин сыныгын карап турган Ислам кошумчалады.

Булар-Баатыр айылынын тургуну Ислам Жалов кайра оңдолуп жаткан өз үйүнүн ичинде. 2021-жылдын 31-январы.
Булар-Баатыр айылынын тургуну Ислам Жалов кайра оңдолуп жаткан өз үйүнүн ичинде. 2021-жылдын 31-январы.

– Менин аялымдын буту ооруп, азыр Алматыга кетти. Мен ушул жерде калып, атама үйдү оңдоого жардам бердим. Өрт (былтыр) февраль айында чыгып, октябрь айында гана бир үйүбүздү бүтүрдүк. Экинчи үйдү качан оңдойбуз, билбейм, акчабыз болгондо көрөбүз да, – дейт Ислам.

Масанчиде үйү өрттөлгөн дагы бир тургун, Шор-Төбөдөгү казак мектебинин директору Идирис Бицаров менен да баарлаштым. Тополоң учурунда директордун үйү кирпичи менен кошо толугу менен күйүп, анын мүлкү бүт бойдон өрттө ойрон болгон. Азыр ал үйүн калыбына келтирүү аракетин көрүп жатат.

– Эми үйдүн жанына ашкана жана зал кошуум керек, бул бүткөн жагы болбосо таптакыр башпаанасыз калмакмын. Мен 15 жылдай батирде жашап, ушул үйдү курууга акча топтогон элем. Мен мамлекеттен бир миллион 700 миң теңге гана жөлөкпул алдым. Бул акча чатырга керектүү темир жана курулуш материалдарын алууга гана жетти. Жергиликтүү эл болбосо, мен оңдоп-түзөө иштерин жалгыз өзүм жасай албас элем. Жергиликтүү кайрымдуулук кору биринчи күндөн баштап жардам берип келет. Азыр үйдү акырындык менен оңдоп жатабыз. Башка дагы эмне кыла алабыз? Азыр курулуштун эң кымбат бөлүгү – ички жасалгалоо иши калды,–дейт Бицаров.

Идирис Бицаров өткөн жылдын февраль айында болгон окуяны эстегиси да келбейт. Ошол күнү ал Кордой райондук акими өз ишинин жыйынтыгын баяндаган отурумга катышкан, андан соң отурумдун катышуучулары прокуратура жана улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү катышкан чукул жыйынга чакырылган. Бул жыйналышта: "Үйгө баргыла, жарыкты өчүрүп, балдарды сыртка чыгарбагыла" деп эскертишкен.

Идрис үйдө аялы, келини жана небереси болгонун айтат. Ал кайсы бир тууганына телефон чалып, үй-бүлө мүчөлөрүн үйдөн алып чыгарып кетүүсүн суранган. Көп өтпөй анын бош турган үйүндө өрт чыккан.

Масанчи айылынын тургуну Идрис Бицаров өрттөлгөн үйүнүн ичинде. 2021-жылдын 31-январы.
Масанчи айылынын тургуну Идрис Бицаров өрттөлгөн үйүнүн ичинде. 2021-жылдын 31-январы.

– Эмнеге капа болгонумду билесизби? Мен казак мектебинин директору болуп, билим берүү тармагында 31 жылдан бери иштеп келе жатам. Анын ичинде 16 жыл директор болуп иштеп келдим. "Балдар казак тилин билбейт" дейбиз. Казак тилин мен билем, аялым билет, балдарым да казак тилинде эркин сүйлөйт. Бирок муну эч кимге далилдей албайсың, – деп Идрис Бицаров мени менен коштошоордо айтты.

Жергиликтүү тургундар айылда кыймылсыз мүлккө болгон баа төмөндөп кетти дешет. Бир жыл мурун кенен тосмо, бийик дарбазалары, чоң короосу жана 15-20 сотке жери бар дунган үйү Алматыдагы жакшы батирдин баасына барабар келчү.

– Үйлөр 50 миллион, ал тургай 70 миллион теңгеге сатылып турчу. Азыр алар болгону 15-20 миллионго сатылып жатат. Адамдар бул жерден үй сатып алгысы келбейт, – дейт Хафиз аттуу тургун.

"КЫРГЫЗСТАН, ОРУСИЯ, КАРАГАНДЫГА ЖУМУШКА КЕТЕТ"

Жергиликтүү дунгандар "бизге жерди эле берсеңер болду, биз оокат кылып кетебиз, анткени биз мээнет кылып иштегенди билебиз" деп көп айтышат. Чындыгында да жергиликтүү калктын жашоосу дыйканчылык менен тыгыз байланыштуу.

Мен өткөн жылы февраль айында Кордой районуна келсем, дыйкандар Казакстанда дыйканчылык менен алектенгиси келбей тургандыгын, эгерде эгилген талаалары кол салуудан зыянга учураса, анда түшүмсүз таптакыр мукурап калабыз го, деп коркуп жатышкандыгын айтышкан болчу.

Багбандар жана дыйкандар "Азаттыктын "кабарчысы менен сүйлөшүүгө макул болушту, бирок өз атын атабоону өтүнүштү.

Өзүн Айдир деп атоону суранган дыйкан сүрөткө түшүүдөн таптакыр баш тартты. Анын айтымында, азыр айыл чарбасында "башка тандоосу калбай калган" кишилер гана иштешет.

Бакчада иштеп жаткандар. Шор-Төбө (Сортөбе) айылы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.
Бакчада иштеп жаткандар. Шор-Төбө (Сортөбе) айылы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.

– Менин бул жакта иштегенге такыр көңүлүм чаппай турат. Өткөн жылы Орусиянын Краснодар аймагында пияз отургуздум. Жигиттердин көпчүлүгү бул жерде дыйканчылык менен алектенбеш үчүн Кыргызстанга, Орусияга, Карагандыга жана Астанага иш издеп кетип жатышат. Өткөн жылы дыйкандардын 20-30% гана айыл чарба иши менен алектеништи. Калгандары мындай тобокелге барууга батынган жок. Жамбыл облусунда жашоого башка айласы жоктор гана жер, бакча менен алектенип калды. Анча-мынча акчасы жана азык-түлүк кору бар кишилер эч нерсе экпеди. Жамбыл облусунда иштөө үчүн калып калган бир нече дыйкан чарбанын пияз салынган каптарын кесип, автоунааларын сүздүрүп кетишти. Бул жөнүндө уккан жок белеңиз?

Шор-Төбөнүн Рашид аттуу тургуну пияз өстүрөт. 2020-жылы ал коңшу Чүй (Шу) районунда пияз эккен. Себеби ал "Кордойдо пыяз экчү болсом, түшүм ала албай калам го", деп чочулаганын айтты. Рашиддин сөзүн башка дыйкандар дагы колдошот. Алардын айтымында, Кордой районунда эч ким айыл чарба өнүмүн өндүрүү менен алектенгиси келбейт, анткени алар мээнети кайтып, өз түшүмүн жыйнай албай калабызбы деп кооптонушат.

– Былтыр жер тилкелеринин ээлери бизге “башка жер издегиле” деп айтышкан. Мага гана эмес, башка дыйкандарга, ал түгүл буга чейин ижаралык акыны төлөп келгендерге да жер тилкеси берилбей калды. "Кийинчерээк сугатка суу бербей коюшат экен" деген ушак-айың сөздөр болгон. Ошентип, көптөрү былтыр эч нерсе эгишкен жок. Бардыгы коркуп турушту.

– Эми быйыл эмне кыласыздар?

– Бир нерсе эгебиз го, бирок көп деле экпейбиз. Мурда бир адам 20 гектар жер айдай турган болсо, эми бир саат басып алаамат чыгып кетчү болсо, чыгым азыраак болсун үчүн ошол 20 гектарды төрт кишиге бөлүп алалык деп жатабыз. Менин агам Адыгейге (Орусиянын бир бөлүгү. - ред.) кетти, ал жерге картөшкө менен пияз экти. Өзүнө ал жер жакты, эми "мен ал жакка жыл сайын барам" деп жатат.

Рашиддин айтымында, гектарына пияз эгип, өстүрүү жана түшүм жыйноо үчүн болжол менен 1,5 млн. теңге, ал эми 20 гектарга болжол менен 25 миллион теңгедей каражат керек.

– Акчаны кантип салабыз? Жер семирткичтер менен химикат заттарды карызга алабыз. Пияз сатылганда, ошол түшүмдүн акчасынан карызыбызды төлөөгө жумшайбыз. Менин кандай тобокелчиликке барып жатканыбыз тууралуу айтып жатканымды эми түшүнүп жатасызбы? Пияз өстүрүп, акча ала албай, түшүм ала албай калсак, анда карызыбызды кантип төлөйбүз? Биздин эмгегибизге эч ким зыян келтирбейт деп кимдир бирөө кепилдик бере алабы?

Дыйкандардын сөздөрү ырасмий маалымат каражаттарынын айткандарына дал келбейт. Кордой районунун акиминин орун басары Эрлан Орымбаев аймактагы дыйканчылыктын абалы туруктуу деп ишендирүүдө.

– Калайык, өзгөчө алганда дунган калкы, жер сырын жакшы билгендигинин жана мээнеткечтигинин аркасында жылына үч ирет түшүм жыйнап алышат.

Ал жактардан (Масанчи, Шор-Төбө жана Булар-Баатыр айылдары. - ред.) калайык кетпей жатат. Айылдык аймактын акими байкоо (мониторинг) жүргүзүп, калайык менен баарлашып келет. Кишилердин айылдан көчүп кетип жаткандыгы эч байкалган жок. Дыйкан чарбалардын саны азайган жок. Кордой районунан тышкары дыйкандар негизинен Чүй (Шу) районунда (Жамбыл облусу. - ред.) жана Алматы облусунда жер иштетүү менен алектенип келишет, – деди Эрлан Орымбаев.

Кордой районунун акиминин орун басары Эрлан Орымбаев. Кордой. 2021-жылдын 2-февралы.
Кордой районунун акиминин орун басары Эрлан Орымбаев. Кордой. 2021-жылдын 2-февралы.

"АЛАР ҮЙҮБҮЗДҮ КОРГОП ЧЫГЫШКАН БОЛЧУ ДА"

Кордой районундагы этностор аралык жаңжалдан кийин 90дон ашуун кылмыш иши козголуп, 60 киши ар кыл жоопкерчиликке тартылган.

2020-жылдын апрель айында Кордай райондук соту эки айыпталуучуга өкүм чыгарды. Ал эми былтыр сентябрда Алматы гарнизонунун аскердик соту айыпталуучулардын жетөөсүн абак жазасына кесип, кийинчерээк төртөөсүнүн жазасын шарттуу жазага жеңилдеткен.

Кордойдогу жаңжалга катышкан 51 кишиге "тополоң чыгаруу", "куралдар, ок-дарылар, жарылуучу заттар жана жардыргыч шаймандарды мыйзамсыз сактоо, өткөрүп берүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү", "опузалап акча өндүрүү", "каракчылык" жана "киши өлтүрүү" беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, айып коюлган. 18 айыпталуучу райондон эч жакка кетпөө тууралуу тил кат берген.

Кордой райондук полиция бөлүмүнүн башчысы Максат Эрежепов кайрадан тополоң башталат деп чочулоого эч негиз жок деп билдирди.

– Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча райондо кылмыштуулук деңгээли 15%га азайган. Ооба, буга коронавирус эпидемиясы сыяктуу кээ бир факторлор да таасир тийгизген болушу мүмкүн... (ушул жерден полиция башчысы бир азга тынып калды). Бирок, биз узак мөөнөттүү ыкчам алдын алуу иш-чараларынын аркасында кылмыштуулукту азайта алдык. Ошондуктан Кордой районунда кырдаал туруктуу, тополоңго же башка баш-аламандыкка жол берчү өбөлгөлөр жок деп ишенимдүү айта алам, – деди Эрежепов.

Кордой райондук полиция бөлүмүнүн башчысы Максат Эрежепов (Мақсат Ережепов). Кордой. 2021-жылдын 2-февралы.
Кордой райондук полиция бөлүмүнүн башчысы Максат Эрежепов (Мақсат Ережепов). Кордой. 2021-жылдын 2-февралы.

Былтыркы окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон кишилердин көпчүлүгүнө Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренесинин экинчи бөлүгү ("тополоң чыгарууга катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп жатат.

"Азаттыктын" кабарчысы менен баарлашуу маалында айрым айыпталуучулардын туугандары өздөрүнүн айыпталып жаткан жакындарына коюлуп жаткан доолор менен макул эместигин билдиришти. Алар өз аты-жөнүн ачыктабоону суранышты.

– Менин уулумду тополоң чыгарууга катышкан деп айыпташууда. Азыр 14 кишиге коюлган айыпты Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренесинен 32-беренесине ("Зарыл коргонуу") которуу боюнча сотко өтүнүп кайрылдык. Алар биздин үйүбүздү коргоо үчүн чыгышкан эле да. Эми алар жапатырмак тополоңго, киши өлтүрүүгө, талап-тоноого жана өрттөөгө катышкан деп айыпталууда. Андай болсо алар өз үйүндө ушундай ишке барып калабы? Деги мындай жорук болбойт да! - дейт узун бойлуу карыя дунган жаран.

Дагы бир Ахмед (анын өтүнүчү боюнча аты өзгөртүлдү) аттуу жаран чоң сурак учурунда өзү ур-токмокко алынганын айтты.

Кордой районундагы былтыркы тополоңго байланыштуу козголгон иш боюнча сот жүрүмү маалы. Тараз шаары, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 19-январы.
Кордой районундагы былтыркы тополоңго байланыштуу козголгон иш боюнча сот жүрүмү маалы. Тараз шаары, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 19-январы.

– Уулумду 15 саат бою суракка алышкан. Эртеси Кордойго жөнөдүк. Бизге уулубуз менен жолугушууга уруксат берилген жок. Октябрь айында жолугушууга мүмкүнчүлүк болгондо, уулум түнү бою сурак берип чыкканын, аны өзүнчө бөлмөгө киргизип, денесинде көгөргөн тактар калбай тургандай кылып сабашканын айткан. Азыр менин балам Таразда түрмөдө отурат. Ал жердеги тамак-ашы жакшы, оруну жылуу, эң башкысы – эч ким аны урбайт, – деди Ахмед.

Тараз шаарында 51 айыпталуучунун катышуусу менен жүрүп жаткан сот отурумунда абакта кармалгандар аларды ур-токмокко алышканын жана кыйнашканын билдиришти. Бийликтер бул айыптоолор боюнча расмий билдирүү жасаган жок.

"ТУУГАНЫМ, ЖАГЫМДУУ МААНАЙДАГЫ РЕПОРТАЖ ЖАСАЙСЫҢ ГО ДЕП ҮМҮТТӨНӨМ"

Жаңы жол салынып, жогорку ылдамдыктагы интернет желеси тартылган Масанчи айылына киргениме 10 мүнөткө жетип-жетпей, галстук тагынган сылык жигит жаныма басып келди.

Ал өзүн мэриянын кызматкери Ибрагим деп тааныштырып: "Сизге жардам керекпи?" – деп сурады.

Андан кийин ал мени жаш аткаминер – Кордой райондук ички саясат бөлүмүнүн башчысы Нурболот Сатымкул (Нұрболат Сатымқұл) менен тааныштырды.

"Ибрагимдин унаасы бар, ал сизге айылды көрсөтөт, керектүү жерге жеткирет, кишилер менен таанышууга жардам берет", – деп Нурболот менин ишиме ийгилик каалап узатты.

Андан кийин Ибрагим менен бирге Масанчинин борборуна жана Кара-Кемер айылына жөнөп, өткөн жылдагы тополоң учурунда үйү өрттөлгөн Исмар Лутурдун үйүнө бардык. Ал үйүн калыбына келтирүүгө жетишкен экен. Ошондуктан журналисттер анын үйүнө арбын катташат.

Масанчи кыштагынын тургуну Исмар Лутур былтыр тополоңдо өрттөлүп кеткен үйүн кайра куруп чыкты. 2021-жылдын 2-февралы.
Масанчи кыштагынын тургуну Исмар Лутур былтыр тополоңдо өрттөлүп кеткен үйүн кайра куруп чыкты. 2021-жылдын 2-февралы.

Биздин алдыбызда эле Лутурдун үйүндө дагы бир тасма тобу - "Евразия" биринчи каналынын журналисттери болуп кетти. Алар да биз сыяктуу эле айылдын жаңжалдан кийинки жашоо-тиричилиги менен таанышып, репортаж жасоо менен алектенип жүрүшүптүр. Аларды саал мурдараак мени менен таанышкан Нурболот Сатымкул коштоп жүрдү.

Исмар Лутур үйүн кантип оңдогондугу жөнүндө шыктануу менен айтып берди. Ал башпаанасы өрттөлүп кеткен калайыкты талаада таштабаган мамлекет менен жергиликтүү бийликтин дарегине алкышын жаадырды.

Мен фото камерамды алып, үй ээсин жана короону кантип сүрөткө тартсам деп ойлонуп жатканымда:

– Эми го-о, минтип сүрөткө тартып жатасыз, анан мындан соң "жыргап өмүр сүрүп жатыпсың го" деп кайра өрттөп кетишет ко, – деп Исмар тамашалап сүйлөдү.

– Бул кебиңиз эмне? – деп Нурболот сөздү бөлүп аңгемеге аралаша кетти.

Сүрөткө тартып жатканымды байкап, дагы бир жолу Исмарга кайрылып: "Күлүп коюңуз, күлүңүз!" – деп айтты.

Жаш аткаминерлердин чакыруусу менен мен жергиликтүү №13 мектепке башпактым. Нурболот менен Ибрагимдин айтымында, учурда дунган айылдарында мектеп окуучуларынан баштап имамдарга чейин казак тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Масанчи кыштагындагы орто мектепте казак тили сабагын өтүү маалы. 2021-жылдын 2-февралы.
Масанчи кыштагындагы орто мектепте казак тили сабагын өтүү маалы. 2021-жылдын 2-февралы.

Казак тилинде окуткан мектептин фойесинде бизди директор Камбар Иманкулов тосуп алды. Эсенчилик сурашкандан кийин ал окуучуларлын сабагына катышууга чакырды. Сабак алдын-ала даярдалып коюлгандыгы көрүнүп турду. Окуучулар социалдык аралыкты сактап, парталарга шахмат тактасындагы сөлөкөттөр сыяктуу бир катарда отуруп, балдар мугалимдин суроолоруна эч такалбастан жооп берип жатышты.

Классты бир нече өңүттөн сүрөткө тартып, андан соң сыртка чыгып кеттим.

– Биздин мектепте 1–11-класстардын 939 окуучусу бар. 25 баласы – казак, калгандары – башка этностордун өкүлдөрү. Балдар олимпиадалык сынактарга катышып, мамлекеттик тилге кызыгышат. Сынактарда байгелүү орундарды ээлеп, ар кандай тармактардагы сынактарга катышып келет. Сыйлык кагаздары дагы бар. Мектепте дене тарбия ийрими иштейт. Ал жерде балдар волейбол, баскетбол, улуттук оюндар – чүкө жана тогуз коргоол оюндарын үйрөнүшөт. Балдар мамлекеттик тилге кызыгышат, казак тилин жакшы түшүнүшөт жана көпчүлүгү эркин сүйлөйт, – дейт Камбар Иманкулов.

Казак тилин үйрөнүү менен алектенип жаткан имамдар. Шор-Төбө (Сортөбе) кыштагы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.
Казак тилин үйрөнүү менен алектенип жаткан имамдар. Шор-Төбө (Сортөбе) кыштагы, Жамбыл облусу, Казакстан. 2021-жылдын 2-февралы.

Ибрагим менен бирге дунган кафесинде түштөндүм (бул жерде башка ашкана деле жок). Кийинчерээк бизге "Евразия" каналынын берүү даярдоо тобу жана Нурболот Сатымкул келип кошулду.

Нурболот түшкү тамак учурунда менин жаныма келип отурду.

– Пётр, бир боорум, репортажың оң маанайда болот деп ишенем, – деди ал мага суроолуу жүз менен карап.

Мен репортаж эң оболу калыс болушу керек, деп айттым.

Кечинде Нурболот менен коштошуп, Шор-Төбө айылында дагы жолугушуум бар экенин айтып, "мен ал жакка барышым керек болот ко" дедим.

"Пётр, Шор-Төбөгө же Алматы тарапкабы? Каякка баратканыңды так айта аласыңбы? Мен жетекчиликке айтышым керек", – деди ал.

Дал ошол саатта мен ар бир баскан кадамыма көңүл бурган чоочун көздөн бат эле арылып, өзүм менен өзүм болуп, ээн-эркин жүрүүгө ашыктым.

Бир жерден шарт бурулуп, үйлөрдү аралап башка көчөгө түштүм да, тез эле такси кармап отуруп, Шор-Төбөнү көздөй жол тарттым. Ал жакта көп жумуш мени күтүп жаткан эле.

Пётр Троценко,
Эркин Европа / Азаттык үналгысынын кабарчысы.

Даректүү тасма. Түнкү ойрондоо. Кордойдогу жаңжалдын чоо-жайы (2020-жылдын 11-февралындагы окуялардын архиви. Казак тилинде).

Түнгі ойран. Қордайдағы жанжалдың жай-жапсары
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:24 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG