Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Борбор Азия

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы (Фото архивден)
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы (Фото архивден)

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймактарында жашаган жергиликтүү тургундар - алардын арасында мергенчилер да бар -  куралдуу кошуундарды түзүүдө. Анын себеби - соңку учурда Ооганстандын армиясы менен талибдердин ортосунда согуш аракеттери күчөп баратат.

6-мартта Тажикстандын Шамсиддин Шохин районунун төрагасы Почохон Зарифзода запастагы аскерлер, ошондой эле, аңчылар менен жолугуп, кооптуу кырдаалды талкуулады.

Почохон Зарифзода.
Почохон Зарифзода.

"Облустун ички иштер башкармалыгы, коопсуздук органдары менен макулдашып, чек ара аймагында жашаган мергенчилерди каттоого алдык. Керек болсо алардын колуна курал берип, чогуу өлкөнү коргойбуз ”, - деди Зарифзода.

Ушундай эле эскертүү Пянж дарыясын бойлой орун алган тоолуу райондордун тургундарына да берилген.

Бирок тажик бийлиги чек арадагы калкты окутуу-машыктыруу пландары тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Расмий өкүлдөр айткандай элдин колуна чек араны коргоо үчүн курал-жарак берилиши мүмкүн.

Соңку айларда Тажикстанга чектеш аймактарда Ооганстандын армиясы менен "Талибан" кыймылынын жана башка жоочулардын ортосунда кармаш күчөдү. Кабул Дүйшөнбүгө согушкерлердин арасында көп сандагы тажикстандыктар бардыгын эскерткен.

Шамсиддин Шохин району менен Ооганстандын түндүк-чыгыш аймагын бөлүп турган 112 чакырымдык чек аранын көпчүлүк бөлүгү бадал баскан аска-зоо. Бул аймак тажик чек арачылары үчүн эң татаал аймактардын бири.

Тажик-Ооган чек арасы.
Тажик-Ооган чек арасы.

Райондун жашоочулары Ооганстан тараптан атылган октун үнүнө көнүп калганы менен жаңылыш артиллериялык снаряд адашып келип тийбейби деп дайыма коркушат.

2 апта мурда чек аранын аркы тарабынан атылган бир нече ок, анан снаряд Тажикстандын Рузвай айылындагы эки турак үйдүн жана мектептин короосуна түшкөн.

Ал эми Ооганстандын Нусай районунда 24-февралга караган түнү өкмөттүк күчтөр менен талибдердин ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, тажик айылдарынын тургундары снаряддардан жана адашкан октон жараат алышкан.

Эртеси Нусай районунун башчысы Эшон Зайналобиддин “Азаттыктын” тажик редакциясына билдиргендей, кагылышта курман болгон согушкерлердин арасында кеминде Тажикстандын 2 жараны бар. Алар Мухаммед Юнус жана Хузайфа экендиги аныкталган.

Зайналобиддин расмий Дүйшөнбүнү тажикстандык согушкерлерге каршы чогуу күрөшкө чакырды. Анын маалыматы боюнча, жоочулар "Талибан" кыймылы, «Ислам мамлекети» террордук тобу менен тыгыз иш алып барышат.

Расмий Кабулдун эсебинде Ооганстанда 200дөй тажик согушкери бар, бирок, бул санды тастыктоо мүмкүн эмес.

Чек араны чыңдоо

Буга чейин Дүйшөнбү Ооганстан менен чектеш аймактарда көптөгөн согушкерлердин, анын ичинде Борбор Азиядан чыккан жоочулардын топтолуп жатканына кооптонгонун билдирген.

Былтыр декабрда талибдер тажик согушкерлеринин жардамы менен Ооганстандагы райондордун бирин басып алгандыгы тууралуу кабар тарагандан кийин Тажикстан чек арага кошумча аскер жайгаштырган.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы, Панж аймагы (2010-жылдын 21-сентябры).
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы, Панж аймагы (2010-жылдын 21-сентябры).

Соцтармактарда тараган видеодо теги тажик жоочулары мурдагы советтик республика менен чектеш Маймай уездинде Ооганстандын өкмөттүк армиясына каршы согушуп жатканы көрсөтүлгөн. Видеодон бир нече согушкер аскер формачан жана жарандык кийимчен адамдарды өлтүрүп, имаратты өрттөп жиберишкенин көрсө болот. Ошондой эле кээ бир жоочулар тажиктердин диалектисинде сүйлөшкөнү угулат.

Oоган саясатчы Латиф Педрам «Азаттык" радиосуна согушкерлердин былтыр май айында Маймай районунда жасаган чабуулун чагылдырган видеонун чын- төгүнү тастыкталбаганын айтты.

Маймай уездинде туулуп-өскөн Педрам да бул кол салууга катыштыгы бар адамдардын аты-жөнүн жарыялап, аларды Ооганстандан келген козголоңчулар, деп мүнөздөгөн.

Көп өтпөй Тажикстандын коопсуздук кызматы видеодон кеминде 15 тажик жаранын аныкташкан. Ошондой эле алардын аттары ооган бийлиги берген тизмелерде жана билдирүүлөрдө камтылганы кабарланган.

Кол салууга катышкан тажик согушкерлеринин баары 2010-жылы Тажикстандын жараны Амриддин Табаров Ооганстанда түзгөн "Жамаат Ансарулла" куралдуу тобуна кирери аныкталган. Табаровдун өзүн болсо 2015-жылдын июлунда Ооганстандын армиясы жок кылган.

Лидер аялдарга талап күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:36 0:00

Бишкекте "Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу форум өттү. Анда аялдардын коомдогу жана саясаттагы орду талкууланды. Бир канча секцияга бөлүнүп өткөрүлгөн жыйында катышуучулар COVID-19га каршы күрөштө аялдардын аткарган иштерин өзгөчө белгилешти. Форум жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында өтүп жатат. Максаты - аял талапкер менен шайлоочулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG