Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Борбор Азия

28-февралда Ошто “кылмыштуу кирешесин адалдаган” деп шек саналып, эки айга камалган мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовду колдогон акция өттү. Ага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары катышты.

Митингге чыккандар бажыда көмүскө коррупциялык система түзгөнүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд. сом төлөп берген мурдагы аткаминерди актап, өлкөдөгү бир катар маалымат каражаттарына жана бейөкмөт уюмдарга каршы ар кандай чакырыктарды таштады.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда сөз эркиндиги жана маалыматтык манипуляция тууралуу талкууладык.

Программага "3-каналдын" жетекчиси, жарандык активист Жаннат Токтосунова, журналист, “Темиров Live” каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров, “Т-Медиа” маалымат компаниясынын жетекчиси, медиа эксперт Данияр Садиев катышты.


"Азаттык": - Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн, мамлекеттик кызматта иштеген айрым адамдар Райымбек Матраимовду актаган пикирлерди айтышууда. Журналисттерге ар тараптан чабуул жасалып, басым-кысым көбөйгөндө бийлик кандай реакция кылышы керек?

Жаннат Токтосунова: - Жекшембидеги окуя мени албетте санааркатты. Митингде “Азаттыктын”, “Клооптун” аты аталып, алар өлкөдөн чыгарылышы керек, жабылышы керек деген сөздөр айтылды.

Бул сөз эркиндигине, медиа каражаттарына, көз карандысыз медиаларга түздөн түз чабуул кылууда. Эки күндөн бери буга бийликтин жооп кайтарбай отурганы мага да таңкалычтуу.

Себеби, биздин мамлекетте “Азаттык” радиосуна, медиа каражаттарга, сөз эркиндигине болгон чабуул эмне менен бүтөрүн билебиз. Ошондуктан буга бийлик реакция кылып, өз сөзүн айтышы керек эле.

Жеке эле медиа каражаттарына эмес, азыркы бийликке жана мамлекеттүүлүккө чоң чабуул коюлуп жатат. Мындан ары эл топтоп, чагым уюштуруп, коркутуп-үркүтүп өз максатына жетсе болот деген чоң белги.

“Азаттык”: - Парламент депутаттарынын "медианы, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүн кууп чыгуу керек, оозун жабыш керек" деген чакырыктарына кандай баа берилиши зарыл?

Данияр Садиев: - Бийликтин бир бутагы болгон парламент депутаттарынын ЖМКга каршы элди тукурганы жакшы көрүнүш эмес. Алар тескерисинче элди мыйзамдуулукка чакыра турган адамдар.

Бул биринчи учур эмес, мурдагы президенттердин учурунда да медиага, сөз эркиндигине каршы кампания орун алган.

Бул окуя объективдүү маалымат бергендерди, сөз эркиндигин кысымга алуу катары сезилип жатат. Андай болбосо бийлик эмне үчүн реакция кылган жок?

Болот Темиров: - Матраимовду колдогондор журналисттерге асылуу менен муштум көрсөтүп, бийликке эскертүү беришти. Балким төңкөрүш да кылабыз деген коркутуп-үркүтүү. Кимде курал, күч болсо ошонун сөзү чындыкка айланып кетүүдө. Мамлекетте адилеттүүлүк жок болсо кантип жашайбыз?

“Азаттык”: - Болот мырза, октябрда келген жаңы бийлик журналисттерди жемкорлук менен күрөштө жакындан жардам берүүгө чакырган. Иликтөөчү журналисттер андан бери бир топ иштерди жасадыңар. Антикоррупциялык күрөштө силердин эмгегиңердин бийликке жардамы тийдиби?

Болот Темиров: - Кээ бир иликтөөлөрдүн артынан иштер козголуп атат. Кээ бирлери көңүл сыртында эле калууда. Тандоо болуп жаткандай. Мына Дашков тууралуу иликтөө чыгардык эле эч кандай иш козголо элек.

"ПолитКлиника" Абжалиев боюнча иликтөө чыгарса, иш козгошту. Финполиция боюнча иликтөө чыккандан кийин Токоевге иш козголду. Биздин Мамытов менен Матраимовдун тууганчылыгы тууралуу иликтөөбүзгө реакция болгон жок. Ушундай тандоо болуп атат.

“Азаттык”: - Данияр мырза, Оштогу митинг болуп атканда социалдык медиада да кызуу талкуу жүрүп атты. “Матраимовдор күзүндө акчасын кандай чачса, азыр да элди акчанын күчү менен көчөгө чыгарышты. Булар өлкөнүн тынчтыгын бузууга аракеттенүүдө” деп жазгандар да болду. Мындай пикирлер канчалык негиздүү?

Данияр Садиев: - Оштогу митингге көбүнчө кызыкчылыктары бар тараптар келди. Партия менен бирге иштешкендер болду. Жердештери да келген экен.

“Азаттык”: - Парламенттин дагы бир депутаты Дастан Бекешев “Твиттер” баракчасына “Эгер Садыр Жапаров Матраимовдорго байланыштуу жагдай менен ойной берсе, Сооронбай Жээнбековдой туткунга түшөт. Матраимовдордун кланы 2011-жылдан бери тамырын бекемдеп алды” деп жазды. Мындай пикир канчалык негиздүү?

Жаннат Токтосунова: - Бул окуялар, буга чейинки кылмышка шектүүлөрдү коргоого чыккан акциялар өлкө кандай кризиске батканын көрсөтүп турат. Матраимовдор шайлоодо кантип, кандай жеңгенин, элге канча акча төлөгөнүн, шайлоочуларды малдай эле сатып алганын көрбөдүкпү. Ага чейин коркутуп-үркүтүүлөр болду, бардык күч структуралары булар тарапта иштеди.

Сооронбай Жээнбековдун убагында бизде эки клан болгону белгилүү. Жээнбековдун жана Матримовдордун башкармалыгы. Бирок элдин күчү менен бири бийликтен четтеди, бирине каршы иш козголду. Бирок бул кландар дагы деле күчтүү бойдон калууда.

Бул жерде эки тараптуу оюн болуп атат. Мисалы, УКМК иликтеп, Матраимов эки айга камакка алынды. Бирок ошол эле УКМКнын башчысына байланышы бар телеканал Раим Матраимовду актагансып бир тараптуу телеберүүлөрдү чыгарып, “ак, таза киши” деген сыяктуу сөздөр чыгып атат.

Мен бул оюнду түшүнгөн жокмун, эл да түшүнгөн жок. Бул оюн өтө коркунучтуу, бийлик тезирээк үн катып, өз позициясын так айтпаса аягы жакшылык менен бүтпөйт.

“Азаттык”: - Болот мырза, Оштогу митингден кийин "журналист иликтөөчүлөргө каршылар эми көчөгө чыгышты" деп жазышты. Бул чындап эле сигналбы, сиздер кандай кабыл алдыңар? Кооптонуу жокпу?

Болот Темиров: - Троллдор көбүнчө саясатчыларга керек. Саясатчылар өзүн ак көрсөтүп, башкаларды жаманатты кылуу үчүн ушул фейктерди, троллдорду жалдап жүрүшөт. Айрым ЖМКнын кызматкерлерин сатып алууда. Ушундай жол менен элдин пикирин өзгөртөбүз, бурмалайбыз деп ойлошот. Бирок жалганды канча айтышпасын, чындыктын үнү өчпөйт.

“Арай көз чарай” талкуусун толугу менен бул шилтемеден көрө аласыз.

Президент Садыр Жапаров 2-мартта, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG