Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Борбор Азия

Чек ара чатагы дагы бир жоокердин өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан каза болгон кыргызстандык сержант Хуснидин Хажиевдин сөөгү 10-июлда өзү туулуп-өскөн Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди. Хажиевдин сөөгүн тажик тарап бир сутка өткөндөн кийин гана Кыргызстанга өткөрүп берген.

Чек ара чатагы дагы бир жоокердин өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

8-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан Кыргызстандын бир аскер кызматкери каза болду. Тажикстанда кармалып турган дагы бир аскер 10-июлда өткөрүлүп берилди.

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон аскер Хуснидин Хажиевдин сөөгү 9-июлда кечке маал алып келингенин кабарлады.

Буга чейин Чек ара кызматы атышуу шарты катаал, жолу татаал тоолуу аймакта орун алгандыктан 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиевдин сөөгү коңшу өлкө аркылуу алып келинерин, ал Кыргызстандын аймагында окко учканын билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин коңшу өлкөнүн чек арачылары кармап кеткен кыргыз аскери, прапорщик Умаров 10-июлда түнкү саат бирлерге жакын Кыргызстанга кайтарылды. Чек арачынын ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда.

Жаңжалда тажик тарап Кыргызстандын чек ара кызматынын үч атын жабдыктары менен кайра өткөрүп берген.

"Хуснидин мекенчил жигит болчу..."

9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы “Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат”, - деген маалымат тараткан.

Лейлектеги Көк-Жайлоо (Чашмагильдан ашуусу) аймагында Тажикстандын чек арачылары дагы бир кыргыз аскерин кармап, өз аймагына алып кетишкени маалым болгон.

“Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптан жаңжал учурунда кармалган жоокерди кайтарып берүүнү талап кылууда”, - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Хуснидин Хажиев.
Хуснидин Хажиев.

Маркум Хуснидин Хажиев Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы чек ара бөлүмүндө келишимдик негизде иштечү.

Ал 8-июлда райондун аймагындагы ашууларды кыдыруу учурунда ок жеп, каза тапты.

Чек араны бойлоп көзөмөлдөөчү чакан топ Көк-Жайлоо участкасында Тажикстандын чек арачыларына бет келип калган.

Маркумдун тажыясына даярдык көрүп жаткан досу Фердаус Ганиев мындай деди:

“Хуснидиндин жакындары, достору, айылдаштары үчүн оор жоготуу болду. Жакшы бала эле. Аскерге өз ыктыяры менен барып, кызматы аяктаганда калып калган. Жубайы кош бойлуу. Эки жаштагы уулу бар. Мекен үчүн каза болду досум. Жапжаш жигит үй-бүлөсүн, жакындарын сыздатып кете берди. Бул кайгылуу окуяга эмне себеп болгонун билбейбиз. Сөөгү келе элек”.

Хуснидин Хажиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-июлда өттү.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев президент Садыр Жапаров Хуснидин Хажиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, маркумдун жакындарын колдоо максатында Баткен облусунун Баткен шаарынан 82 чарчы метр жаңыдан курулуп жаткан үйдү берүүнү тапшырганын билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын чек ара кызматы эки тараптан тең каза таап, жараат алгандар бар экенин кабарлаган. Дүйшөмбү бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Окуя тууралуу тараптардын версиясы

Чек арадагы атышуу тууралуу кабарды алгач Тажикстандын улуттук "Ховар" агенттиги жазып чыккан. Андагы маалыматта "8-июль күнү саат 14:55 чамасында кыргыз-тажик чек арасынын Согд облусунун Деваштич районундагы бөлүгүндө дагы ок атылды" деп жазылган. Агенттик кыргызстандык төрт чек арачы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенин Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип кабарлады.

"Деваштич районунун тургундарына таандык тогуз жылкыны Кыргызстанга айдап кетүүнү көздөшкөн. Тажикстандык чек арачылардын чек ара бузулганы тууралуу эскертүүсүнө кыргыз чек арачылары автоматтан ок атышкан. Тажик чек арачыларынын жооп иретиндеги огунан эки адам жараат алды», - деп жазылган билдирүүдө.

Кийинчерээк Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы окуя тууралуу маалымат таратып, ок атышууга тажик чек арачылары себепкер экенин билдирди.

"Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат".

Учурда окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери жүрөт. Алар тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы эки өлкөнүн чек арачыларынын куралдуу жаңжалын териштирүүнү улантары кабарланды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери окуяны талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин "Азаттыкка" кабарлады.

Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согд облусунун губернатору Ражапбай Ахматзода. 16-июндагы жолугушуу.
Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согд облусунун губернатору Ражапбай Ахматзода. 16-июндагы жолугушуу.

"Лейлек районунун Көк-Жайлоо тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары нөөмөттө жүрүп, тажикстандык чек арачыларга бет келген учурда ортодо уруш чыккан. Натыйжада эки тараптан тең ок атылган. Бул окуя боюнча Согд облусунун губернатору Ражапбай Ахматзода менен сүйлөштүк", - деди Алимбаев.

"Эки тарап тең аскерлер менен иштеши керек"

Эксперттер апрель айынын соңунда болгон кандуу окуядан кийин эки тараптын чек арачыларынын мамилесин муздатып, бири-бирин жектеген абал жаралганын белгилешүүдө.

Активист Назгүл Алдашова чырдан кийин эки тарап жок жерден тирешип кетпеши үчүн бекем макулдашуулар менен чечимдер кабыл алынышы зарыл болчу деген пикирде.

“Апрель айындагы чек арадагы окуяга укуктук да, саясий да баа берилбей калды. Ошол ок атышуудан кийин аскерлер арасында чыңалуу сакталып калды. Ишеним калбына келе элек. Ок атышуудан кийинки жараат айыкпай турат. Анан туш келип калганда ушинтип чыр чыгып кетиши мүмкүн. Буга жол бербеш үчүн эки тараптын аскерлери менен өз-өзүнчө иш алып барыш керек эле. Анан биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарыл. Комплекстүү бир иш-чараларды өткөрүп, аскерлерди да сабырдуу болууга даярдаган иш-аракеттер болушу зарыл”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий жарыяланган. Эки мамлекетте тең бул жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 28-июнда Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда чек ара маселесин сүйлөшкөн. Бирок ал боюнча атайын документ кабыл алынган эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Эки өлкө жарандарынын ортосундагы пикир келишпестиктер дал ушул тилкелерден улам чыгары айтылып келет.

Чек ара: тараптар мунаса таба алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:13 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG