Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Борбор Азия

Чек арадагы атышуудан жоокер окко учту
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:00 0:00

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан улам бир кыргыз жоокери каза болду. Ош шаарында добуш сатып алуу шектелген алты киши кармалды. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвада билдирүү жасап, алар Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч жаратпай турганын жарыялады.

"Талибан" кыймылынын лидерлери Москвага 8-июлда келишти.
"Талибан" кыймылынын лидерлери Москвага 8-июлда келишти.

Талибан кыймылы Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбай турганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 9-июлда билдирди.

Бул тууралуу Москвада Талибан кыймылынын өкүлдөрү менен орус бийлигинин расмий адамдарынын бейшембиде өткөн сүйлөшүүсүндө айтылган.

Талибдер Ооганстанда бир катар аймактарды, анын ичинде Тажикстан менен чектеш провинцияларды да ээлеп алды. Мындан улам миңден ашуун ооган аскерлери Тажикстандын аймагына кире качканга аргасыз болушкан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, Талибан кыймылы ушул тапта ооган-тажик чек арасынын 85% көзөмөлдөп турат. Анткен менен бул маалымат ырастала элек. Министрликтин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, ооган-тажик чек арасында кандайдыр бир чагымчыл аракеттер же агрессия байкалса, Москва чечкиндүү кадамдарга барууга даяр.

Тажикстандагы 201-база Орусиянын чет жактагы эң ири аскердик объектиси катары саналат.

"Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, талибдерге орус президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов жолуккан.

Талибан кыймылы Ооганстандын бир катар аймактарын, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондорун ээлеп алган. Мындан улам жүздөгөн ооган аскерлери Тажикстанга кире качкан. Буга чейин расмий Дүйшөмбү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) коопсуздукту сактоого көмөктөшүүнү суранган. Ошондой эле, президент Эмомали Рахмон чек арага 20 миң аскерди кошумча тартууну буйруган.

Ал арада Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги Ооганстандын түндүгүндөгү бир нече аймак талибдердин көзөмөлүнө өткөндөн кийин миңден ашуун качкын кошуна мамлекеттин аймагына кире качканын билдирди.

Жергиликтүү бийлик кошумчалагандай, аларга бардык шарттар түзүлүп, тамак-аш менен камсыздалды. Учурда эл аралык уюмдар менен гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле, ооган-түркмөн чек арасындагы кырдаал дагы тынч эмес.

8-июлда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арасында түзүлгөн кырдаалдан улам Кыргызстандын коопсуздугуна да коркунуч туулушу ыктымалдыгын билдирди.

"Биздин өлкө үчүн да чоң коркунуч бар. Тажикстанга жана Өзбекстанга качып өткөндөр биздин өлкөгө да келиши мүмкүн. Биз мындай коркунучтарга даярданып жатабыз. Бул багытта азыр иш жандуу жүрүп жатат. АКШнын аскерлери Ооганстандан чыга баштагандан тартып Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы террордук уюмдар жандана баштады. Биздин байкообуз боюнча Сирияга кеткендер да кайтып жатышат".

Байден: АКШнын Ооганстандагы аскердик миссиясы аяктайт

АКШ башында турган эл аралык күчтөр 1-майдан тартып чыгарыла баштагандан бери талибдер чабуулун күчөтүп, ондогон райондорду ээлеп алышты.

Ооган коопсуздук күчтөрү алдырган аймактардын баарын жакын арада кайтара турганын убада кылып келет. Ал эми Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден ооган лидери Ашраф Ганинин администрациясын АКШ аскерлерин чыгарып кетсе да колдой турганына ишендирди. 8-июлда Байден АКШнын Ооганстандагы аскердик миссиясы 31-августта жыйынтыкталарын кошумчалады.

"Биз Ооганстанга мамлекет куруу үчүн барган эмеспиз. Өз келечегин, мамлекетти кандай башкарууну чечүү ооган элинин гана колунда жана жоопкерчилигинде. Өнөктөштөрүбүз жана НАТОдогу союздаштарыбыз менен биз ооган коопсуздук күчтөрүнүн 300 миңдей аскерин даярдыктан өткөрдүк".

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9-июлда билдиргендей, Ооганстанда ушул жылдын биринчи чейрегинде жай тургундардын арасындагы курмандыктар былтыркы жылга салыштырмалуу 29% өскөн. Маалыматка ылайык, соңку бир аптада эле 60га чукул карапайым адам өлтүрүлгөн. Ошондой эле, эл аралык уюм медициналык мекемелерге жасалып жаткан чабуулдар боюнча камтамачылыгын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG