Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35

Борбор Азия

Татаал жол: чакырыктар жана коркунучтар
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:09 0:00

30 жыл аралыгында Кыргызстан 3 ири окуяны баштан кечирди. Алардын келип чыгыш себептери барып келип эле бийликтин коррупцияга батышы, жакырчылык, эл менен башкаруучулардын ажырымы, ыплас шайлоолорго байланыштуу. Көтөрүлүш менен жеңиштерге, жоготуулар менен кубанычтарга, сүйүнүч менен кайгыга толгон мамлекет турмушунун өзөгүндө эмне жатты? Келечекте Кыргызстанды эмне чакырыктар менен коркунучтар күтүп турат? Мына ушул суроолорго Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган видеоматериалда жооп изделди.

Кабулдан келген каттам. 9-сентябрь, Алматы, Казакстан.
Кабулдан келген каттам. 9-сентябрь, Алматы, Казакстан.

Казакстандын Коргоо министрлиги 9-сентябрда Ооганстандан 41 адамды алып келди. Алардын бирөө Кыргызстандын жараны. Талибдер басып алган бул өлкөдө дагы жүздөгөн казактар бар жана алар өздөрүн алып кетүүнү Нур-Султандан суранышууда.

Казакстандын Коргоо министрлигинин атайын борту Кабулдан 41 жүргүнчүсү менен учуп келип Алматы аэропортуна конду. Алардын 35и ооганстандык казактар (Казакстанда сырттан туруктуу жашоо үчүн келген казактарды кандаш дешет).

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги булардан тышкары төрт казакстандык, бир кыргызстандык жана Казакстанда туруктуу жашаган бир оогандык алып келгенин кабарлады.

Бул "Талибан" (Казакстанда террордук уюм катары таанылган) бийликке келгенден бери Ооганстандан Казакстанга келген алгачкы каттам. Нур-Султан буга чейин Кабулдан өз жарандарын коопсуздукка байланыштуу чыгарып кеткен.

Нур-Султан Ооганстандагы этникалык казактарды тарыхый мекенине алып келүү маселесин караштырып жатканын бейшембиде президент Касым-Жомарт Токаев билдирди.

8-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан Ооганстандагы татаал маселелерди жөнгө салуу үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен бирге иш алып барып жатканын айтты.

"Эң алды менен биз ошол жердеги жарандарыбызды эвакуацияладык. Азыр Ооганстандагы казак диаспорасынын мүчөлөрүн, башкача айканда кандаштарыбызды алып келүү маселесин караштырып жатабыз. Гуманитардык түшүнүктөргө ылайык, ооганстандык 57 студенттин билим алуу визаларын узарттык", - деди Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Ал расмий Нур-Султан Ооганстандан чыккан учактардын Казакстан аркылуу каттамына уруксат бергенин, Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча агенттиктеринин кызматкерлери да убактылуу Алматыга жайгаштырылганын кошумчалады.

"Талибан" Ооганстанда бийликти колго алгандан кийин улуту казак экенин айтып, Казакстандын бийлигинен жардам сурагандар көбөйдү. Алардын бири Кундуз шаарынын тургуну, казак тектүү Абдуллах (аты өзгөртүлдү). Ал бутунан жараат алганын, бирок ооруканада дарыгерлер баш болуп бардык кызматкерлер качып кеткенин "Азатыкка" айтып берди.

"Мен Кундуздагы базарда соода кылам. "Талибан" шаарга кирип келгенде борбордук базарда бомба жарылып, бытырандылары бутума тийди. Кундузда клиника жок. Анан Кабулга машина менен качып келдим. Үч күн ооруканада жаттым. Дарыгерлер бүгүн келген жок. Алар талибдерден коркуп качып кеткен. Азыр бир үйдө жашырынып отурам", - деди Абдуллах.

Ал үйүндө жубайы, үч кызы жана бир уулу менен турарын, акыркы үмүтү казак өкмөтүнөн келе турган жардам экенин айтып кейиди.

Ал эми ушул аптанын башында өздөрүн "оогандык казактарбыз" деп тааныштырган бир нече адам Казакстандын Кабулдагы консулдугуна кире албай жатканын билдиришкен. Өткөн аптада да Ооганстандын Саманган провинциясында жашаган бир нече үй-бүлө казак бийлигине кайрылып, аларды ооган жергесинен чыгарып кетүүнү суранган.

"Биз согуштун ортосунда калдык. Бизге жардам керек. Биздин ата-бабаларыбыз Казакстандан келген. Нурсултан Назарбаевден, Касым-Жомарт Токаевден жардам сурайбыз. Саманганда беш казак үй-бүлө бар", - деди өзүн Нуролкак Абдулкак деп тааныштырган жигит.

Ал Саманган облусунун борбору Айбакта 50гө жакын казак жашай турганын жана алардын баары Казакстанга көчүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы казактарды тарыхый журтуна кайтарууга байланыштуу иш-аракеттер башталганын, бирок ооган жергесиндеги саясий-аскердик кырдаалдан улам аларды алып келүүнүн так мөөнөтү белгисиз экенин билдирген эле.

БУУнун кызматкерлери келген учак. 18-август.
БУУнун кызматкерлери келген учак. 18-август.

Деген менен Бириккен Улуттар Уюму 300гө жакын кызматкеринин үчтөн бирин Казакстанга көчүрөрүн жарыялаган. 18-августка караган түнү эл аралык уюм Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясы жана башка агенттиктеринин кызматкерлеринин бир бөлүгү Казакстандын Алматы шаарына убактылуу көчүрүлгөнүн ачыктаган. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

“Ооганстандагы ички саясий абалдын курчуганына байланыштуу БУУнун Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясы (UNAMA) жана башка агенттиктерин Алматыга убактылуу жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылган. БУУ менен Казакстандын көп тараптуу кызматташтыгы жана бул уюмдагы толук кандуу мүчө катары милдеттемелеринин алкагында президент Касым-Жомарт Токаев өтүнүчтү колдоо чечимин кабыл алды”,-деп айтылат казак министрлигинин маалыматында.

Казакстандын мамлекеттик маалымат каражаттары Алматыга учак менен 141 киши келгенин жазышкан.

"Талибан" радикал кыймылы 15-августта Кабулду басып алгандан кийин казак бийлиги Ооганстанда 15 этникалык казак үй-бүлөсү бар экенин, алардын жалпы саны 200гө жакындай турганын маалымдаган. Бирок Ооганстандагы этникалык казактар бул сан алда канча көп экенин айтып келишет.

Июль айында Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен талибдердин куралдуу кагылышуулары күчөп турган мезгилде Вахан коридорундагы 350дөй этникалык кыргыз Кыргызстанга өтүп келүү үчүн Тажикстанга кире качкан. Бир нече күндөн кийин тажик бийлиги аларды кайра артка кайтарган болчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG