Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Борбор Азия

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада дагы 17 чакырымдан ашык тилкени аныктоону макулдашты. Эки өлкө мунаса тапкан жерлердин көбү Баткендин Лейлек районуна туура келет.

Бул быйыл сентябрь айында болгон чек арадагы куралдуу кагылыштан кийинки көзгө көрүнөрлүк жылыш катары бааланууда. Жакында эле президент Садыр Жапаров кошуна өлкө менен чек араны тактоо иштери жанданганын айткан. Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара сызыгын макулдашкандан кийин Тажикстан чек ара боюнча мунаса табыла элек жалгыз өлкө болуп калды.

Соңку жолугушуунун жыйынтыгы

Баткен шаарында 1-6-декабрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жолукту.

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыкка” билдиргендей, тараптар чек арадагы 17,66 чакырым тилкени аныктоону макулдашты. Ал мунаса табылган жерлер дээрлик Лейлек районунун аймагында экенин айтып, бирок алар кайсы тилкелер экенин тактаган жок.

“Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 17,66 чакырымын тажик тарап менен макулдаштык. Бул ушунча тилке жумушчу топтордун деңгээлинде такталды, бүттү деген сөз. Булар эми жалпы жыйында бекилгенден кийин анан күчүнө кирет. Азыркы сүйлөшүүлөрдө ушундай жыйынтыкка жетиштик. Бул эми негизинен Лейлек районунун аймагында”.

Баткен облусунун Лейлек району Тажикстан менен чек арада чыр чыккан сайын эң көп жабыр тарткан аймактардын бири. Быйыл сентябрь айындагы куралдуу кагылышта 100дөн ашык турак жай өрттөлүп, талкаланган. Жергиликтүү тургундар жаңжалда үйүн таштай качып убактылуу жер которууга аргасыз болушат.

Бул жолку жолугушууда жетишилген 17,66 чакырым тилке сентябрь айында болгон чек арадагы куралдуу кагылыштан кийинки кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эң чоң жылыштардын бири катары бааланууда.

Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат таратып, кыргыз тарап менен 17,66 км жер боюнча макулдашуу жетишилгенин билдирди.

Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайырбек Орозалиев Лейлектеги чек ара чыры көп чыккан аймактар тууралуу буларды айтты.

“Кулунду айыл аймагында чек ара көйгөйү Максат айылында, Сай участкасында, Раззаков, Сада айылдарында жана башка көп жерде бар. Көбү шахмат түрүндө жайгашып калган. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топ айыл өкмөт, айылдык кеңеш менен кеңешкен жок. Жумушчу топто Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери бар экен. Ошолор иштеп жатат. Маселени эки мамлекеттин президенттери келишип туруп эле чечпесе бул өтө оор”.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору 2023-жылдагы иш графигин такташып, кийинки жолугушууну Тажикстанда өткөрүүнү да макулдашты.

Назирбек Бөрүбаев чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жумушчу топтору Баткен районундагы Төрт-Көчө аймагы боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан менен Тажикстандын жашоочулары жана аскерлеринин ортосундагы бир канча жаңжал дал ушул аймакта орун алганы белгилүү жана ал эки өлкөнүн чек арасын аныктоодогу эң бир талаштуу тилкелердин бири. Анткени кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына алып барган жолу кесилишет. Ошондуктан ал стратегиялык мааниге ээ.

Кыргызстан Тажикстан менен гана чек арасын чече элек

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынына катышкан учурда Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу аймак макамы берилип жатканын билдирип, анын айланасында Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстандан үч-төрт турак жай алынарын айткан.

Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны тактоо иштеринде мунаса табылып жатканын акыркы айда бир нече жолу кайталады. 18-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына курган маегинде, Тажикстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр тууралуу мындай деген:

“Мурда биз жалаң тирешүү менен кепке келе албай келген болсок, азыр бир аз тил табыша баштадык. Бири-бирибизге чечиле турган жактарын көрсөтүп, мунасага келдик. “Силер бул жерди алгыла, биз бул жерди алалы, силерге бул жер керек болсо, бизге анын ордуна бул жерди бергиле” деп Тажикстан менен сүйлөшүп чечип атабыз. Протоколдорго кол коюлду, мамлекеттик макулдашууларды жүргүзүп ала турган болсок, аны парламентте ийне-жибине чейин талкуулап, анан депутаттарыбыздын макулдугу менен кабыл алабыз. Президенттер кол коёт, анан маселе чечилет”.

Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сунуш парламентке жыл соңуна чейин берилерин айткан. Коңшу өлкө менен болгон чек ара сүйлөшүүлөрү жөнүндө 26-ноябрда Элдик курултайда да сөз кылган.

“Тажикстан менен алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик, бирок кол коё элекпиз. Эки тарап тең макул болдук. Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев) барып, алдын ала кол коюп келди. Эми алар жакын арада бизге келишет, кол коюшат. Андан кийин биз аны парламентке алып барабыз, буга чекит коёбуз. Азыр биз алар менен “ок атышпайлы, жаңжал чыгарбайлы” деп сүйлөшүп жатабыз”.

Диаолог жанданып, жумушчу топтор жолугуп жаткан тапта кыргыз-тажик чек арасында 3-декабрда эки тараптын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытуудан эки өлкөнүн бирден жараны жараат алды. Бул окуяны тараптар чогуу иликтемей болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 км такталып, талаштуу делген 290 чакырымы калды.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келет. Быйыл 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.

Кыргызстан төрт өлкө - Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек ара сызыгы буга чейин эле толук такталып бүткөн.

Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын буга чейин такталбай келген 15% же 312 чакырымын жакында макулдашып, аны эки тараптын парламенттери мыйзам менен бекитти. Келишимге президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койсо, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгону 30-ноябрда жарыяланды.

Эми Кыргызстан үчүн чек араны тактоо иштерин бир беткей Тажикстан менен жүргүзөт. Бирок бул Кыргызстан үчүн чек аранын эң оор тилкеси бойдон калууда.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий Ташкент жекшембиден бери өлкөнүн Бухара, Фергана, Анжиян, Сурхандарыя облустарында жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учураганын ырастады. Калың жааган кардан улам Ташкенттен башка шаарларга автoбус каттамы толугу менен токтогону кабарланды.

Быйыл кыш өзбекстандыктар үчүн оор болчудай. Баш калаа Ташкентке жааган калың кар, ызгаардуу суук энергетикалык көйгөйлөргө себеп болду.

Ташкенттик Шахноза Усманова үч күндөн бери көп кабаттуу үйлөргө жылуулук келбей жатканын Фейсбук баракчасына жазды.

"Нукус көчөсүндөгү көп кабаттуу беш үй, үч күндөн бери жылуулуксуз турат. Батирлер суук. Батареялар тоңуп калды. "Таштеплоэнерго" басым жок экинин айтып жатат. Мекемелер менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок. Маселени чечүү үчүн кайда кайрылуу керек? Кыш эми гана башталды".

Дүйшөмбүдөн тарта Ташкент автобекетинен башка шаарларга автобус каттамдары убактылуу токтотулганы кабарланды. Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, бул чектөө жолдор тоңуп, үшүк жүргөндүктөн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилген.

Ташкент: газ толтурган станциялар убактылуу жабылды

Ал арада жекшембиде шаардык мэрия Ташкентте автоунааларга газ толтурган станциялар убактылуу жабылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, коммуналдык кызматтар колдогу газды бардык керектөөчүлөр арасында теңме-тең таратууга аракет жасаганы менен газ басымынын төмөндөшү, ресурстардын жетишсиздиги буга түрткү болду.

Буга чейин соцтармактарда газ станциялары бир нече күнгө чейин жабылары кабарланган. 4-декабрда "Худудгазтаминот" ишканасы бул маалыматты четке кагып, калкты мындай кеп-сөздөргө ишенбөөгө чакырган.

Ошол эле күнү Энергетика министрлиги сууктан улам Фергана өрөөнүндө электр кубатын берүүдө үзгүлтүк болуп жатканын да билдирген.

"Өкмөт кышка даяр эмес"

"Давлетовуз" Телеграм-каналында Өзбекстандагы мындай энергетикалык кризиске кирептер кылгандарды жоопко тартуу маселеси талкууланды.

"Өкмөт кышка даяр эмес, бүгүнкү энергетикалык кризисти чече албайт. Жакынкы жана узак мөөнөткө кандай пландар бар? Жаңы министр келгенден бери элге комментарий бере элек. Бүгүнкү энергетикалык кризистин себепкерлери белгилүү. Мындан беш-алты жыл мурда сөз берип, кызматтагы чечимдери менен бизди ушул күнгө жеткирген адамдар кайда? Балким, алардын жоопкерчилиги тууралуу маселени карап чыгарбыз? Эл "баатырларын" билсин" деп жазат "Давлетовуз" Телеграм-каналы.

Өзбекстандык экономист Отабек Бакиров көгүлтүр отко салык үч эсеге кыскарганы менен, өлкөдө жаратылыш газын өндүрүү азайып баратканын эскертет.

"2022-жылдын 1-январынан тарта "Өзбекнефтегаздан" башка бардык газ өндүрүүчү ишканалардын салыктары 30 пайыздан 10% чейин төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, аларга башка салыктардан бошотуу боюнча жеңилдиктер да берилди. Бирок биз бул жеңилдиктер такыр эле пайдасыз экенин, энергетика тармагында жеңилдиктердин ийкемдүүлүгү жок экенин айтканбыз".

Экибастуз: түтүктөрдү калыбына келтирүү иши аяктап калды

Ал эми 28-ноябрда Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарында жергиликтүү жылуулук электр борборунун отказаны токтоп калып (ЖЭБ), өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Алгач шаардагы көп кабаттуу 17 үй, беш социалдык объект жана 21 юридикалык объект жылуулуксуз калган.

Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.
Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.

“Азаттыктын” казак кызматынын маалыматы боюнча, Экибастузда жекшемби күнгө карата көп кабаттуу 11 үй жылуулук борборуна кошула элек. Шаарда баш-аягы 689 көп кабаттуу үй бар. Оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 500гө жакын адам тартылган.

Экибастузда 150 миңдей калк жашайт. Шаарда көмүр өндүрүшү жана электр энергетикасы өнүккөн.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин Улуттук диспетчердик борборунун директору Музаффар Бобоев 12-ноябрда энергоблоктордун технологиялык өлчөмдөрдүн төмөндөп кетпеши жана жабдуулардын бузулуп калбашы үчүн айрым жабдыктардын иши токтотулганын эскерткен. Натыйжада Ташкент Жылуулук станциясында иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмү азайган.

Мындан улам Улуттук диспетчердик борбор жадыбал менен улам бир жерде электр жарыгын өчүрүп келет.

Бобоевдин катында айтылгандай, электр энергияны керектөө азайтылбаса, Өзбекстандын айынан Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергетикалык системада авария кайталанышы ыктымал.

Белгилей кетсек, быйыл 25-январда Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын көптөгөн жерлеринде электр энергия берүү үзгүлтүккө учурап, ири аймак жарыксыз калган. Мартта өкмөттөр аралык комиссия буга Өзбекстандын энергосистемасындагы алешемдик алып келген деген жыйынтык чыгарган.

Казакстан менен Кыргызстанда электр энергия менен камсыздоо бир нече саатта калыбына келтирилсе, Өзбекстанда буга бир нече күн кеткен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG