Бүгүн Бишкекте Дилшат Кангелдиева, Салима Балтаева, Жайнагүл Калчаева жана башка бир катар ырчылардын биргелешкен концерти өтөт. “Достор” деген аталыштагы бул кечеде ырчылар өз үнү менен ырдашат.
6-июнда Кыргыз Эл артисти, Кыргызстандын Баатыры Асанкан Жумакматовдун 85 жылдыгынын урматына Улуттук Консерватория “Дирижерлор парады” аттуу концерт өткөрөт.
Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Советтик фотосүрөтчү Евгений Халдейдин чыгармалары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый маанилүү учурларын тартып калтырышы менен баалуу. Ушул тапта Германиянын борбору Берлинде анын көргөзмөсүн немис сүрөтчүсү Эрнст Волланд (Ernst Volland) уюштуруп өткөрүүдө.
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде немец сүрөтчүсү Гудрун Криппнердин эмгектеринен турган “Кыргызстанга көз ирмемдер” аттуу фото көргөзмө өтүүдө.
Чехиянын Злин шаарында 8-июнга чейин созула турган балдар жана өспүрүмдөр тасмаларынын Эл аралык фестивалына Кыргыз Эл артисти Айтурган Темирова кинофестивалдын жюри мүчөсү катары катышып жатат. Ал эми аталган кинофестивалга чакыруу албаган кыргыз киносунда балдар жана өспүрүмдөр проблемаларын көтөргөн кинотасмалар жок эмес эле.
Амирбек Усманов, Прага Мурдакы коммунисттик Чехословакиянын тап душмандарына каршы айоосуз күрөшүнө арналган опера Праганын быйылкы театралдык турмушундагы чоң окуя болду. "Эртең да болот" операсынын баш каарманы Милада Горакова өкмөткө каршы төңкөрүш уюштурду деп айыпталып, 1950-жылы өлүм жазасына тартылган. Дээрлик алтымыш жыл мурда болгон окуя чехтерди бир жагынан таң калтырса, экинчи жактан өткөн коммунисттик бийликтин көмүскөдө жаткан зомбулуктарын ашкерелейт.
Режиссер Темир Бирназаров жакында “Белгисиз маршрут” кинотасмасынын бет ачаарын өткөрдү.
29-майда Түркияда Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүлдү. Кыргыз жазуучулары да түрк тилдүү коомчулуктун бул демилгесин колдоого алышарын билдиришти.
“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөктүн кадырлуу меймандары жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал обончу, ырчы, композитор, Республикалык эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиева жана көрүнүктүү обончу, комузчу Атайбек Бөдөшов. Эки шайыр улуу муун үчүн ар кандай маныздагы ырларды жазуу менен бирге балдар ырларын да жазышып келүүдө.
Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага 27-29-май күндөрү Анкарада “Түрксой” уюмуна кирген өлкөлөрдүн маданият министрлери юбилейлик жыйын өткөрүштү. Уюмдун жыйынында козголгон маселелер тууралуу Кыргызстандын маданият министри Султан Раев “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.
“Өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың” дегендей залкар дирижер, айтылуу композитор, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл артисти Калый Молдобасанов 2006-жылдын 29-майында экинчи жолу кан басым оорусу менен ооруп 3-4 күн тил оозсуз жатып о дүйнөгө сапар алганына мына бүгүн эки жыл толуп отурат. Буга байланыштуу кабарчыбыз Балбай Алагушов Эл артисти Кайыргүл Сартбаеваны кепке тарткан.
Дагы жүктөңүз