Гүлсүнай Маамова көркөм чыгармачылык менен журналистиканы эриш-аркак ала жүргөн талант эле.
Бишкекте Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун он бешинчи курултайы өттү. Жыйында кыргыз поэзиясынын, прозасынын, драматургиясынын, адабий сынынын абалы талкууланды.
«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов чет элдик «Ирланддык», «Бир жолу... Голивудда» жана атамекендик «Шериктер» («Напарниктер») фильмдери тууралуу баяндайт.
«Азаттыктын» белгилүү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылды. Күбөлүгү жана төш белгиси 12-декабрда Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында Уланбектин жакындарына тапшырылды.
Кыргызстанда 12-декабрь жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленип келет.
«Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыкты. Китепти Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев жазып, сүрөтүн Замир Илипов тарткан. Чыгарманын бет ачарын «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду уюштурду.
Бейшебек Акунов социализм заманында мамлекеттик жооптуу кызматтарда бел чечпей иштеди. Кийин заман өзгөргөндө коммунисттик билетин таштап, башка партияларга өткөн жок.
Улуттук Гвардиянын 10127 аскер бөлүгүндөгү китеп окуу бөлмөсү "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында жүздөй китеп менен толукталды.
Кыргызстандагы медиа каражаттарында “улут жогорубу, же адам укугу жогорубу?” деген суроонун тегерегинде талкуу жүрүүдө.
Бишкекте “Ооэдодайко” тобунун концерттик программасы өттү. Концерттик программада жапон добулбастарынын коштоосунда күүлөр жаңырып, "Манас" эпосунан үзүндүлөр да айтылды.
Айым Айтбаева жооптуу кызматтарды аркалап жүрүп, адабий ишке кечигирээк аралашкан.
Дагы жүктөңүз