Туура 20 жыл мурда "Өзбекстан ислам кыймылы" радикал тобунун жоочулары Кыргызстандын чек арасын бузуп, Баткен аймагына кирип келишкен.
Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында колго жасалган куурчактардын көргөзмөсү өтүп жатат.
Колыманын азабын тартып келип, тагдыр жолундагы тоскоолдуктарга карабай кылым ашуун жашаган Шертай Субановдун “Туюктагы муң” китеби тууралуу “Азаттыкта” мурдараак кеп кылганбыз.
Дордой десе эле жергиликтүү элден баштап чет элдиктерге чейин "Дордой" базарын түшүнүп калды.
Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Виктор Самсонов учуучу аппаратын жасап жатат. Төрт орундуу кичи тик учагын учурууну ал эки жылдан бери кыялданып жүрөт. Биринчи топтогу майып күнүмдүк жашоосуна каражатты маркумдарга эстелик жана ар кандай айкелдерди жасап табат.
Республиканын булуң-бурчунан чогулган “Аккордеончу айымдар” тобу жакында аймактарды кыдырып келди. Учурда чыгармачыл топтун алты мүчөсү бар. Көбүнчө музыкант мугалимдерден түзүлгөн аккордеончулар негизинен жайкы каникул учурунда чогулуп концерт коюп, ар кандай теледолбоорлорго катышат.
Апта ичинде дүйнөдө болуп өткөн орчундуу окуялар сүрөттөрдө.
Айгүл Кыдыралиева – гримёр. Ал Саякбай Каралаевдин образын жаратканы үчүн Лондондо сыйлык алган. Таланттуу гримёрго актерлор гана эмес, башка кесиптин ээлери да кайрылат.
Профессор Токторбек Өмүрбековдун элесине багышталган тарыхчынын блогу.
Жумагүл Барктабасова кийинки муун кара сөзчүлөрдүн өкүлү. Эгемен өлкөнүн энчисине тийген кыйынчылыктар менен карама-каршылыктар мына ушул муундун чыгармаларында кандай чагылдырылууда?
Тогуз-Торо районунун Өрнөк айылы тоо коюнунда, райондун борборунан алыс жайгашкан. Мындан улам айылда жергиликтүү телеканалдар тартайт. Бирок эки ай мурда ушул эле айылдын тургуну Сейтек Сулайманов жөнөкөй шаймандар менен Кыргызстандын ТВ каналдарынын сигналын кармады.
19-20-июлда Соң-Көлдүн жээгинде “Акмөөр” фестивалы болду. Фестивалга атайын келбесе да, капыстан туш болгон туристтердин көптүгү иш-чаранын негизги өзгөчөлүгү катары бааланды. Эми Ак-Талаа районунун жетекчилиги бул фестивалды эки жылда бир жолу өткөрүүнү пландоодо.
Дагы жүктөңүз