Кыргызстандык акындар, обончулар жана ырчылар арасында чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн кыргыздарга өнөрүн көрсөтүп кайткандардын катары калыңдады.
Кыргыз театрларынын жайкы эс алуусу соңуна чыкты. Учурда театрлардын баары күзгү сезонго жана Ош шаарында өтө турган «Арт Ордо» эл аралык театр фестивалына даярданып жатат. Ал эми музейлер үчүн жайкы мезгил иш кызып турган учур болот.
Профессор Илзе Лауде-Циртаутастын элесине арналган тарыхчынын блогу.
Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеевдин АКШнын Чикаго шаарындагы комузчулар ийрими.
Кыргызстанда Интернет аркылуу таанылган өнөрпоздордун катары калыңдады. Алардын ичинде миллиондогон катталуучуларга ээ болуп, аалам тордон акча таба баштагандар да бар.
Жолдошбай Осмонов карапайым айыл турмушун, элеттиктердин өз ара мамиле-катнаштарын сүрөттөөгө кызыккан калемгер.
«Азаттык» менен «Эсимде: өз тарыхты эстеп» ой дөбөсүнүн кезектеги долбоору айрым адамдардын тагдыры аркылуу тарыхтын буга чейин козголбой келаткан жабык барактарына токтолот.
Экологияны жана көөнөргүс баалуулуктарды сактоо тууралуу ойлор.
Ушул күндөрү болуп жаткан саясий окуялар чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүн да тынчсыздандырып турат. Алар негизинен акыркы чыр-чатактар бийликтин жана алардын оппоненттеринин билимсиздигин, лидерлерди колдогон талапкерлердин кызуу кандуулугун көрсөткөнүн айтышат.
Анжияндык Жусуп ырчынын уулу Кенжебай быйыл сексен жашка таяды. Ал шарты келгенде топ жыйындарда кийинки муун өкүлдөрүнө атасы ырдап жүргөн дастандардан баян куруп, күү чертип берет.
Анжиян аймагында байыртадан жашап келаткан кыргыздар арбын.
Алай районунун тургуну Абдилазиз Шапаков 20 жылдан бери жыгачтан түрдүү буюмдарды жасайт. Уста акыркы жылдары ташка жаныбарлардын айкелин түшүрө баштады. Ал өзүнүн музейин ачып, өмүрүн искусствого арнагысы келет.
Дагы жүктөңүз