Эшбай Султанбеков - алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Комсомолдук-партиялык кызматтарда иштеген, республикада басма сөздү уюштурууга катышкан.
Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Москвада өткөн массалык жүрүштөр тууралуу.
Аскаралы Ражабалиевдин “Куру кайткан жуучу” аңгемесинде ушу күндөгү олуттуу моралдык-этикалык маселе көтөрүлгөн.
Кыргызстанда тарыхчылар, юристтер тобу «Саясий жана диний ишеними үчүн куугунтукталып, кийин акталган жарандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшүүдө.
Каракалпакстандын баш калаасы Нүкүс шаарындагы Савицкий музейине директорлукка Москвадагы Рерих музейинин директору Тигран Мкртичев тандалды.
Өзбекстанда премьер-министр Абдулла Арипов "Кара сүйүү" деп аталган түрк сериалын көрсөтүүгө кайрадан тыюу салды.
Кыргызстанда балбал таштарды мамлекеттик каттоого алуу Талас облусуна жетти. Буга чейин Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы балбалдар каттоодон өткөн.
Айдоочулардын, жөө жүргөндөрдүн көңүлүн көтөрүп, тазалыкка да көз салган ыктыярчы “жол инспектору” “эмне үчүн айдоочулар форманы көрсө гана тартип сактап калат?” деп суроо салат.
Туура 20 жыл мурда "Өзбекстан ислам кыймылы" радикал тобунун жоочулары Кыргызстандын чек арасын бузуп, Баткен аймагына кирип келишкен.
Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында колго жасалган куурчактардын көргөзмөсү өтүп жатат.
Колыманын азабын тартып келип, тагдыр жолундагы тоскоолдуктарга карабай кылым ашуун жашаган Шертай Субановдун “Туюктагы муң” китеби тууралуу “Азаттыкта” мурдараак кеп кылганбыз.
Дордой десе эле жергиликтүү элден баштап чет элдиктерге чейин "Дордой" базарын түшүнүп калды.
Дагы жүктөңүз