Прозаик, драматург, котормочу, публицист Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата акындын өзүнүн жашаган үйүнө эстелик тактасы илинди. Андан соң Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада “Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдөгү Эрнис Турсуновдун ролу” темасындагы илимий конференция уюштурул
Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” поэтикалык ырлар жыйнагынын, “Ак таңдагы ак бата” аттуу китебинин бет ачары болду. Китеп 1000 нускада чыкты. Төкмө акын быйыл 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн өткөн.
Кыргызстанда театрлар карантинге жабылганына жарым жылдан ашты. Мамлекеттик театрлар социалдык тармактарда өз репертуарындагы спектаклдерин жайылтышууда.
Кыргыз адабият таануусунда өзүнчө бир мектепке чыйыр салган профессор Абдыкадыр Садыков 87 жаш курагында быйылкы апаат учурунда көз жумду.
Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин эне, аялзат тууралуу жазган чакан блогу.
Кыргызстанда “Кыз китеп” жарык көрдү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан басылып чыккан китеп сегиз жаштан 18 жашка чейинки кыздарга арналган. Китепте кыздардын гигиенасы, спорт менен машыгуусу, жүрүм-туруму боюнча суроолорго жооптор камтылды.
Кыргызстанда совет заманынан калган мамлекеттик китепканалар бүгүн да иштеп жатат. Алардын эң ирилери баш калаада жайгашкан.
Коомдук шарт-жагдай өзгөрүлүп кетпесе, Чыныбай Турсунбеков акындык өнөрүн өркүндөтүп, адабияттын алдыңкы сабында жүрмөк. Ушул жылдын 15-октябрында 60 жашка чыкмак. Жайында каптаган апаат саясий ишмер, жакшы адам, жаркын акынды алып кетти.
Социалдык тармактар акындардын ырларын жайылтууда жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.
5-октябрда башталган нааразылык акцияларында саясий позициясын билдирип чыккан белгилүү ырчы, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков өлкөдөгү соңку окуялар боюнча өз ойлорун «Азаттыкка» бөлүштү.
"Ак Шоола" балдар хорунун ар бир баласы өзгөчө кылыктары, кыймылы менен көрүүчүлөрүн суктантып келет. 35 жылдык тарыхы бар топто комуз, скрипка, пианино сабактары өтүлөт. "Ак Шоола" хор искусствосунда классикалык өңүттөн чыгып, театралдык хорду түзө алган топ.
Миграциядагы акын Нарсулуу Гургубаеванын «Көз мончок», «Алыстагы ак жарык» аттуу ыр жыйнактары бар. Ал Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Учурда Москва шаарында жашайт жана иштейт. «Азаттык» 16 жылдан бери сыртта жүргөн акын менен баарлашты.
Дагы жүктөңүз