Бүгүн,17-ноябрда Кыргызстандын кино кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип жатат. Майрам күнү сүрөтчүлөр Муса Абдиев, Элдияр Мадакимдин кол издери түшүрүлгөн плиталар Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын алдына орнотулду.
Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры 11-ноябрда күзгү тетралдык сезонун «Жат эмесмин» спектакли менен ачты.
Маркум Жүсүп Мамайдын айтуусундагы “Манас” вариантынын ар кандай цензурадан эркин текстин чукул арада жарыялоо зарыл. Кытайлык залкар кыргыз манасчынын өзү менен чогуу отуруп, анын эпостук вариантынын текстин тактаган манас таануучу Орозбүбү Сатиш кызынын пикири дал ушундай.
11-ноябрда Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөрдүн мамлекеттик театрында репрессияга кабылып, өз мекенине кайтып келбей калгандардын жаркын элесине арналган «Жат эмесмин» спектакли алгач ирет көрсөтүлдү.Татарстандын Эл жазуучусу Аяз Гилязовдун «Үч карыш жер» повестинин негизинде коюлган спектаклд
Бишкекте 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты. Сыдыков «Манас» айтууну Бишкектин Ала-Тоо аянтында эртең менен баштап, кечинде аяктады. Ал 14 сааттан ашык наар албай өнөрүн тартуулады.
Ала-Тоонун авто ышкыбоздору дүйнөнүн эң ылдам жүргөн "феррари", "ламборжини" сыяктуу машинелердин көрсөткүчүн жаңылаган автоунааны курап чыкты. Аталган машинеге машыгуу учурунда күнүнө 40 миң сомдун тегерегинде акча жумшалат.
Дүйнөлүк рекорддор күнүнө карата 12-ноябрда Манасчы Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөт “Манас” айтуу менен Гиннестин рекорддор китебине катталууга аракет кылууда.
Казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгын жайылтууда жигердүү эмгектенгендиги үчүн «Абай» медалы Түгөлбай Казаковго, Атантай Акбаровго, Айдарбек Сарманбетовго, Керимбек Кадыракуновго, Абдылдажан Акматалиевге ыйгарылды.
Владикавказдагы эл аралык театралдык «Чексиз асман» фестивалынын баш байгесинин ээси, театр режиссёру Алмаз Сарлыкбеков быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.
Кыргызстандын заманбап ойчул жана публицисттеринин бири, мурдагы “азаттыкчы” Эсенбай Нурушев 70 жашка чыгып, торколуу тоюн үй-бүлө кашында, жакын чөйрөдө белгилөөдө. Анын кичүү кесиптеши Т.Чоротегин маараке ээси тууралуу ой толгоосун сунуштайт.
Жедигер Саалайдын «Манас Дух» аттуу китеби жарык көрдү.
Дагы жүктөңүз