Кыргыз эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев - айыл турмушун сүрөттөөнүн таанымал чебери.
Милянфан кыштагындагы окуялардан улам ой толгоо. Тарыхчынын блогу.
Айтылуу орус акыны Александр Блоктун эки ырын Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин котормосунда сунуш кылабыз.
Ж. Жабаевдин (1846––1945) ырларын сталиндик доордо орусча бурмалап которуу учурлары тууралуу блог.
Быйыл Ленинград шаары курчоодон бошотулганына 77 жыл өттү. Тарыхта курчоодо калган шаарды бошотууга кыргызстандыктар да салым кошуп, эвакуацияланган невалыктарга жардам көрсөткөнү белгилүү. Шаардын боштондукка чыккан күнү Кыргызстанда да эскерилип, мамлекеттик деңгээлде бир нече иш-чара өтөт.
Социалдык тармактарда Бишкекте оюн койгон Санкт-Петербургдан келген «Искушение» (кыргызча «Азгырык») театрынын айрым сценалары цензурага туш болгону талкууга түштү.
Күлсакун (башка документтерде Гүлсакун) Мергенбаев репрессияга 1938-жылы кабылган. Совет бийлигине кылган кызматынын натыйжасы атылуу менен аяктады.
Баратбай Аракеев социалдык курч окуялуу чыгармаларды көп жазат.
Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов куудулдук өнөрдүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жарым кылымга жакын угармандардын жарпын жазып келатат.
Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 29-январда 49 жашында дүйнөдөн өттү. Ал «Асаба», «Агым», «Де-Факто» гезиттеринде башкы редактор болуп эмгектенген. Адабий чөйрөдө өзгөчө стили бар акын, дүйнөлүк адабияттан бир топ чыгармаларды кыргызчалаган котормочу катары белгилүү болчу.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги экспонаттар санарипке өткөрүлүүдө. Учурда искусство ышкыбоздору музейдин Интернеттеги баракчасынан миңдеген живопись жана скульптура боюнча шедеврлерди үйдө жатып алып, онлайн режиминде көрсө болот.
Маркум президент Жон Кеннединин атуулдук тууралуу ойлонууга чакырган «Каармандык өрнөктөрү» китеби кыргызчага которулду.
Дагы жүктөңүз