«Эмне үчүн эгемендүүлүктү алгандан бери кыргыз тили Кыргызстанда илим-билимдин, өнүгүп өсүүнүн тили болбой жатат?» деген маселени талкуулайбыз.
"Сөз дайра" берүүсүнүн бул чыгарылышында куу деген сөздүн ар түрдүү айтылышын жана алардын маанисин чечмелейбиз.
14-майда Түркиядагы ван кыргыздарынын тарыхчысы, санжырачысы, аалымы Абдулхалим Ватан дүйнө салды. Ал кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын изилдеп, айыл тургундарынын маселелерин Кыргызстанга жеткирип турган.
Карантин түрдүү кесиптеги адамдардын колу-бутун бууп, жумуш кылдырбай, бекерчиликтен тажатканы бүгүн көпчүлүк кыргызстандыктарга тааныш.
Бухенвалд концлагеринде нацист боксчуларды жеңген Андрей Борзенко тууралуу блог.
«Отузунчу станция», «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жузүнчү ыры», «Адамдын тагдыры» өңдүү чыгармалары менен даңазаланган Кыргыз эл акыны Омор Султанов быйыл 85 жашка чыгат.
9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганына 75 жыл болот. Миллиондогон өмүрдү алган согуштун тагы ушул күнгө чейин кете элек. Азыр да кан майданга кеткен жакындарын издеп, таппай жүргөндөр арабызда арбын.
Жакында Нью-Йоркто өткөн абройлуу «Трайбека» кинофестивалында кыргызстандык Ассоль Абдуллина «Мыкты актриса» наамына ээ болду. Ал бул сыйлыкты режиссер Дэвид Гутниктин «Энелик» («Materna») деген тасмасында аткарган ролу үчүн алды.
Экинчи Дүйнөлүк согуштун катышуучусу Турманбет Эргешбаевдин ырлары китеп болуп чыкты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус илдетине кабылгандар көбөйүшү мүмкүн деп эскертип жатканына карабай, Беларустун борбору Минскиде Европада Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 75 жылдыгына карата парад өттү. Ага 3 миңдей аскер катышып, 159 техника тартылган. Парадды көрүүгө 10 миңдеген к
Жалал-Абад шаарында жеңиш майрамы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда белгиленди. Согушка катышкан аталарынын сүрөттөрүн жана желектерди көтөргөн шаардыктар балкондордо өлбөс полк акциясына катышты. Мындан сырткары шаар көчөлөрүндө жеңиш ырлары жаңырды.
Дагы жүктөңүз