Кыргызда байларды мүнөзүнө, адамдарга жасаган мамилесине жараша атап келишкен.
Акын Шайлообек Дүйшеев топтогон элдик көркөм мурастын бир ажайып шиңгили.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин окуучусу Уран Айбек уулу жөжө чыгарган инкубатор жасап чыкты. Учурда анын кол эмгегине кызыккан айылдаштары көбөйүүдө. Уран инкубатордон чыккан жөжөлөрүн 50-60 сомдон сатып жатат.
Маркум Камат Касенов Кыргызстан менен Казакстандын театр жана кино искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө бараандуу салым кошту.
Эстеликти тургузуунун, сактоонун жана кулатуунун тарыхы да чоң маанини камтыйт.
Темир Бирназаровдун "Кумар" тасмасына жазуучу Аким Кожоевдин берген баасы.
Ысык-Көлдүк уста Баттал Байзаков тоо текенин мүйүзүнөн жаа жасап, аны дүйнөнүн төрт бурчуна сатыкка чыгарып жүрөт. Жаанын баасы миң доллардан 5 миң долларга чейин барат. Эми ал бул эмгегин араб өлкөлөрүнө чыгарам деп турат.
Алфред Лисков -- нацисттер СССРге кол салаардан 7 сааттай мурда уруш башталган жатат деп эскерткен жоокер.
Азамат Омош – жаңы муундун өкүлү, социалдык тармакта чет жерде иштеп жүргөн улутташтарынын көйгөйлөрүн козгоп келаткан активдүү авторлордун бири.
“Манас” эпосу жаатындагы мыйзам долбоорунун айрым талаштуу беренелери жөнүндө.
Сергей Есениндин “Фарсы кайрыктары” түрмөгүндөгү ырлардын бирин акын Шайлообек Дүйшеевдин котормосунда сунуштайбыз.
Соңку учурда өнөр адамдары өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга өз ой-пикирин ачык айтып чыккан учурлар арбыды. Айрыкча төкмө акындар жана жаштар арасында популярдуу рэп жанрындагы аткаруучулар бийликке, коомчулукка кайрылып, мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү ыр аркылуу билдирип жатышат.
Дагы жүктөңүз