Сүрөтчү, керамист, дизайнер Замир Илипов «Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыккан китептин сүрөттөрүн, «Беш берен», “Манастын келиши”, «Сейтек» аттуу композицияларын жараткан. Ал кыргыз эл жомокторуна, балдар адабиятына байма-бай сүрөттөрдү тартып келет.