Казакстандын маданият күндөрү “Абай” операсы менен жыйынтыкталды. 7-октябрда башталган иш-чаралардын алкагында Бишкекке Казакстандан дээрлик 300дөн ашуун мадният өкүлдөрү келди.
Казакстандагы жалгыз манасчы, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген кайраткери Баянгали Алимжанов Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Кыргызстанга келди. Ушул тапта Бишкек шаарында Алимжановдун казак тилине которгон «Манас, Семетей, Сейтек» эпосу китебинин бет ачары өтүүдө.
Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленүүдө. Анын урматына шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери майрамдык жүрүшкө чыкты. Салтанат кечинде гала-концерт менен уланмакчы.
Алай районунун Гүлчө айылында “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” өттү. Маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналган. Ага Кыргызстандын жети дубанынын жана Өзбекстандын Наманган облустук театрынын чыгармачыл топтору катышты.
Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылган ишмерлер түптөгөн мамлекеттин өнүгүү нугу учурда тиешелүү деңгээлде уланбай жатат. Бул тууралуу Касым Тыныстановдун небереси, Reuters Thomson фондунун стратегия жана корпоративдик өнүгүү боюнча директору Теңдик Тыныстанов "Азаттыкка" курган маегинде
Бишкектеги “Ынтымак” паркында кечкисин LED экран коюлуп, эс алуучулар ачык асман алдында караоке ырдашат. Ал жерде көрүүчүлөр да аз эмес. Шаардыктардын жана шаарга келген коноктордун ачык асман алдында ырдап эс алган бир кечине “Азаттык” саякат жасады.
Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестиваль өттү. Ага Өзбекстан, Орусия, Азербайжан баштаган ондон ашык өлкөдөн илимпоздор жана өнөр адамдары катышты. Уюштуруучулар фестивалдын башкы максаты Кыргызстанды эпостордун өлкөсү катары таанытуу жана эл аралык маданий мамилени бекемдөө экени
28-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы маданият борборунда Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Кечеге кыргыздын таланттуу уулунун жубайы акын, жазуучу Менди Мамазаирова, кыргызстандык адабиятчылар жана түркиялык коомдук ишмерлер катышты.
24-сентябрда АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын сактап калуу боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү. Иш-чарада байыркы тарыхый архитектуралык эстелик эсептелген Бурана сейсмикалык коркунучта турганы айтылып, аны сактап калуу демилгеси көтөрүлдү.
Дагы жүктөңүз