Curltai Folk чыгармачыл тобу төкмө акындар арасында эркин айтыш уюштурду. Негизги максат айтыш өнөрүнө заманбап түс берип, жаштарды кызыктыруу болгондуктан, иш-чара заманбап форматта өткөрүлдү. Ага "Азаттык+" командасы да катышып келди.
Орусиялык чыгаан археолог, кыргыз таануучу Юлий Худяков 24-декабрда, 75ке караган чагында, коронавирус илдетинин айынан дүйнө салды.
Бишкекте жалгыз бой энелерге арналган фотокөргөзмө ачылды. Ага "Азаттык" радиосунун фото кабарчысы Гүлжан Турдубаеванын жалгыз бой энелердин жашоо турмушун чагылдырган 20дан ашык документалдык сүрөтү коюлду. Көргөзмө балдарын жалгыз тарбиялаган энелерге дем берүү максатында уюштурулган.
Жаш сүрөтчүлөрдүн эл аралык пленэри "Ала-Арча" улуттук паркынан башталды. КМШ, Прибалтика жана Грузия өлкөлөрүнөн келген ондогон жаш сүрөтчүлөр 10 күн бою Кыргызстандын кооз жерлерин сүрөткө тартып, өз ара тажрыйба алмашышат. Мындай иш-чара 10-ирет өткөрүлүп жатат.
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда коомдук жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу расмий иш-чара өттү. Анда мамлекеттик ишмердин азыркы коомго үлгү болчу эмгектери белгиленип, анын мурастарын улоо, элесин түбөлүккө калтыруу максатында жүрүп
Кыргыз эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү. Ал “Азаттыкка” келип, сүрөтчүлүк өнөр, театр, анда бирге иштешкен өнөр адамдары, кыргыз маданиятынын күңгөй-тескейи тууралуу “сыябан-маек” курду.
Бишкекте жекшембиде Curltai Folk чыгармачыл жаштар тобу уюштурган төкмө акындардын эркин айтышы өттү. Айтыш өнөрүн көрармандарга жаңы форматта сунуштоого аракет кылган жаштар заманбап технологияларды колдонуу менен уюштурушту.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду “Бүт Кыргызстан китеп окуйт!” аттуу долбоорду баштады. Долбоордун максаты өлкө аймагы боюнча балдардын китеп окуу маданиятын жана муктаждыгын жаратуу. Китеп окуу акциясы бир жылга созулуп, жыйынтыгы келерки жылы жазуучу Айтматовдун туулган күнүндө чыгат.
Ошто 14-декабрда "Поэзия зомбулукка каршы" иш-чарасы өттү. Анда бир катар акындар гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы, жаштарды тарбияга, кыз-келиндерди урматтап-сыйлоого чакырган ырларын окушту. Уюуштуруучулар үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн чыгармачылык аркылуу элге жеткирүүнү көздөшөт.
Суджин Хан менен Улук Шаршенов - жаш түгөйлөр. Алардын үй-бүлө куруп жашап жатканына бир жылдан ашык убакыт өттү. Суджин - корей тектүү америкалык, ал мектепте мугалим болуп иштейт.
Дагы жүктөңүз