Базар-Коргондогу Коргон-Жар чалдыбары айтылуу түрк-монгол кол башчысы Аксак Темирдин чеби болгону тууралуу айтылып келет. Тарыхчылар эл оозунда айтылып жүргөн аңызды ырастабаганы менен четке да кагыша элек. Коткор айылынын тургуну Орозбек Шабданов бүгүн ошол аймакты мал-жандан коруп келет. 87 жаштаг
Салижан Жигитовдун 44 жыл илгерки “Күн тууду” повести -- анын реализмге ээ-жаа бербей ала качкан кыялдан, санжыргалуу фантазиядан келип чыккан керемет иллюзия камтылган чыгармасы. Адабиятчы Калык Ибраимовдун толукталган блогун сунуштайбыз.
Кыргыз жазуучусу Рыспек Адиевдин “Мугалим” аңгемеси ушу тапта абдан чоң талкууга түшүп, талаш жаратып аткан темага – билим берүүчүнүн коомдук кадыр-баркын көтөрүү көйгөйүнө арналган.
Бейшенбай Мураталиевдин өмүр жолу көпчүлүк партиялык кызматкерлерге окшош. Бирок анын тагдырында достору гана айтып калган өзгөчө барактар да болгон.
«Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» аттуу ырлардын автору, белгилүү акын, журналист, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалы театрда коюлмакчы.
Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылы бир жылдары “Новая Россия” деп аталып, анын калкынын 80% орустар түзгөн. Ушул тапта бул чакан айылда кыргыздар менен жуурулушуп калган он чакты орус үй-бүлө жашайт.
2010-жылдардан кийин адабий коомчулукка дагы бир жаңы муун, жаңы топ келгени байкалды. Алардын катарында калеми төшөлө баштаган, өз окурмандарын таап келаткан жаш калемгер Мелис Маматжанов да бар.
Интернет доорунда өз алдынча билим алуу кыйла жеңил болуп калды.
СССРдин эл артисти, коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаев - совет заманында жашап, кыргыз балет өнөрүнүн зоболосун көтөргөн таланттардын бири.
Быйыл Кыргызстанда жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевдин 115 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу 28-январда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бир айлык көргөзмө уюштурулду. Ага Элебаевдин китептери, гезит-журналдагы макалалары, фотодокументтери коюлду.
Дагы жүктөңүз