"Жарандык көзөмөл комитети" Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин бийликтин "саясий кысымы" деп баалап, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылды.Баткенде Сох анклавына жол ачылды. Орусияда абакта отурган саясатчы Алексей Навальный ачкачылык жарыялады.
“Супара” этнографиялык комплексинин курамында жаңы ачылган интерактивдүү музей чыгаан ишкер жана философ Табылды Эгембердиевдин мурастарынын бири болуп калды. Маркумдун жубайы, комплекстин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева “Азаттыкка" сыябан маек куруп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болду. Транспорт министрлигинин жетекчилигинде камалгандар көп. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарына арналган баяндамасын чыгарды, анда кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу да айтылган.
Боршайком жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын эскертти. Өлкөдө азык-түлүк баштаган товарлардын баасы кымбаттоодо. Тамак-аштын айрым түрлөрү 50% көтөрүлдү.
28-мартта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык мелдеш өттү. Байгеси бир миллион сомдук жарышта 12 ак таңдай акын ат салышты.
Баткендиктер ашар ыкмасы менен 7 чакырым жол салышып, аз каражатка деле көп иш бүтүрсө болоорун далилдешти. Сүйлөбөгөн балдарга тил бүтүргөн Гүлнур элетте сейрек болгон сурдопедагог, логопед кызматтарын көрсөтүп келет. Белдемчини даңазалаган көлдүк уз Асел улуттук кийимдерди даңазалады.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиевдин таланты “Ак илбирстин тукуму” кинотасмасы аркылуу ачылып, даңазалуу актерго айланган. Ал “Азаттыкка” сыябан маек куруп, 40 жыл мурда тартылган фильмдин машакаты менен ырахатын, кинорежиссер Океевдин табылгаларын эскерди.
Өзбек улутундагы кыргызстандык жазуучу Бегижан Ахмедовдун «Дервиш» деп аталган жаңы чыгармасында маданий аракечтик, псевдо-динчилдик, табият менен адамдын ортосундагы күрөш, рух, ыйман издөө маселелери чагылдырылган. Чыгарманы кыргызчага Маркабай Ааматов которгон.
Абдырахман Алиевдин (1923–1971) элесине арналган блог.
Коомдук ишмер, кинорежиссёр Садык Шер-Нияздын демилгеси менен Бишкекте кыргыздын байыркы тамгаларына арналган эстелик орнотулду. Илимге Орхон-Энесай тамгалары деген ат менен кирген улуу мурас кыргыз элинин жазуусу Азия элдери арасында биринчилерден болуп пайда болгонунан кабар берет.
Күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн өкмөт Казакстан менен Өзбекстандан чийки зат алып келет. Бишкектеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан баңгизат колдонгондон улам көз жумганы аныкталды.
Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандан капитал тартылышы ыктымалдыгын айтты. Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды.
Дагы жүктөңүз