Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер, педагог, маркум Жангороз Каниметовдун (1950--2020) элесине арналган блог. Бул эскерүүнү элчи, кыргыз эл акыны Акбар Рыскул сунуштайт.
Заманбап калемгер саясий турмушту сатира тили менен куйкалап чагылдыра алганы кызыгуу жаратат. Самат Уранкай өзүнүн "Сынган миллион" китеби тууралуу баарлашат.
Динара Султанова Ош шаарындагы заводдордун биринде кранды башкарат. Анын кесиби сейрек кездешкени менен өндүрүштөгү орду чоң. Кранды башкарууну үйрөнүп, шаардагы авто мектептерден атайын билим алган. "Азаттыктын" кабарчысы ал иштеген заводго барып, аны менен чогуу иштеген башка айымдар менен да баар
Бишкекте Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев 83 жашында дүйнө салды. Ардагер журналист тууралуу 2019-жылы жазылган макаланы окурмандардын назарына сунуштайбыз.
Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, маркум Элмирбек Иманалиевди эскерип, №27 китепкананын жамааты маданий иш-чара уюштурду. Эскерүүгө маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, замандаштары катышкан. Акындын чыгармачылыгын мектеп окуучулары бүгүн дагы бир ирет даңазалашты.
Өкмөт ушул жылдын 1-июлунан баштап мамлекетке караштуу маданий мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүнү убада кылууда. Кыргызстанда аз маяна алган кызматкерлердин жоон тобун маданият тармагында эмгектенгендер түзөт.
Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Тагайбек Урматаев футболдун 68 жылдык тарыхын кооз кол жазма менен дээрлик 14 жыл бою кагазга түшүрүп келген. Өзгөчө кол жазманын ээси менен маекти сунуштайбыз.
Марттын башында Миландагы мода жумалыгында италиялык дизайнер Стелла Жан кыргызстандык уз айымдар менен бирге жараткан коллециясын тартуулады. Ысык-Көлдүн Барскоон айылындагы аялдардын чакан жамааты жасаган эмгектерге суктанган дизайнер келечекте алар менен кызматташууга кызыгып, кыргыздын эзелки маданий мурасын аздектеп, сактап калууга адамзат салым кошууга тийиш деп эсептейт.
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында орус элинин атактуу жазуучусу Фёдор Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» романынын негизинде сахналаштырылган “Мармеладовдор” аттуу спектакли коюлду.
Тагдырдын башаты үй-бүлө чөйрөсүнө да багыныңкы. Бирок инсан өз тагдырын дурус нукка буруу үчүн ар дайым өзү күрөшүүсү керек. Блогчу Элмурат Кочкор уулунун сереби.
Дагы жүктөңүз