"Кудук" маданий борбору Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетин чагылдырган "Аккорд" аттуу спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Анын автору согуштун айынан жетим өсүп, ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан сүрөтчү Диана Рахманова.
Бостери айылында жашаган Брюховецкийлердин үй-бүлөсү дээрлик 50 жылдан ашык убакыттан бери күлүк таптап, аргымак багат. Эдуард өз маалында ат оюндары боюнча Советтер Союзунунун курама командасына мүчө болуп, Мексикага Олимп оюндарына чейин барган.
Eurovision-2021 обондуу ырлар сынагында италиялык "Måneskin" тобу утту
Акын, котормочу Манас Алымбаев көр тирликтин айынан чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеткен. Дээрлик он жылдан ашык тыныгуудан кийин ал кайрадан жаңы дем менен чыгармачылыкка кайтты. Ал учурда жаңы котормолор менен иштеп жатат.
82 жаштагы Зинат Базарбаева 1941-жылдагы согушка кеткен атасын издеп келет. Ал Орусиянын борбордук архивине чейин кат жазып, атасынын дайын-дарегин сураштырган. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жашаган Зинат апа атасы менен катар эле Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган айылдаштарын да сурашт
"Раритет" китеп дүкөнүнүн аянты аукционго коюлду. Мамлекеттик мүлк фонду аукционду июнь айына белгилеген. "Раритеттин" Ала-Тоо аянтындагы дүкөнү мамлекеттик имараттын ичинде жайгашкан.
Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептери” - кыргыз окурмандарынын сүйүп окуган чыгармасы. Бүгүн кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун белгилүү коомдук ишмер Корчубек Акназаров тууралуу жазган “Атаңды ажалдан алып калат элем” документалдык баяны тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.
Быйыл Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашык эр азамат катышкан. Алардын көбү кан майдандан өз жерине кайткан жок. Ал эми мекенине жеңиш менен кайтып келип, азыр арабызда бакубат өмүр сүрүп жаткан ардегерлердин катары жыл айын суюлууда. Алардын бири Сузак ра
“Супара” этнокомплексиндеги музейде жаш кол өнөрчү Акылбек Каныбек уулунун миниатюралык композициялары коюлган. Алар "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деп аталган үч бөлүктөн туруп, жалпысынан 700гө жакын экспонатты камтып турат. Экспонаттардын көлөмү колдун манжасындай болгону менен, бир топ түй
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындарына турак үйлөр курула баштады. Улуттук валюта сомдун киргенине туура 28 жыл болду. Ооганстанда "Талибан" кыймылы Орозо айттын алдында ок атышууну үч күнгө токтоторун жарыялады.
Дагы жүктөңүз