Максуда Ормонова эки жыйнактын автору. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жаш автордун “Эки кап алма” деген баянына токтолсокпу деп турабыз.
Жума күнү 72ге караган жашында чыгаан кыргыз тарыхчысы Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 4-июлда “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилмекчи. Анын жаркын бейнеси тууралуу кичүү үзөңгүлөшү Тынчтыкбек Чоротегин эскерет.
“Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.
Сардарбек Рыскулов саяпкерлик, мүнүшкөрлүк өнөрдүн кызыктарын, көөнө замандагы көчмөн турмуштун окуяларын кемелине келтирип сүрөттөчү. Бул ирет жазуучунун “Мырза тору” аңгемеси жайында кеп кылуунун удулу келип турат.
Өзбекстанда балдар телеканалынын кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Буга каналда көрсөтүлгөн мультфильмдеги өбүшкөн кадрлар себеп болгон.
Кыргызстандык Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен теннис боюнча Гиннесттин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылды. Ал буга чейин рекорддун эки баскычынан ийгиликтүү өткөн
Борбордо “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Чыгаан жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Жубайы, Онкология улуттук борборунун директору Бактыгүл Султангазиева сыябан-маек курду.
Караколдук уста комуздун бүктөмө, гитар-комуз деген сыяктуу 12 түрүн чабат. Чүйдүн айылдарында дыйкандарга суу жетпей эгин-тегин күйүп баратат. Көк-Жаңгакта кароосуз калган президенттик дача. Археологдор Кочкордо биздин заманга чейинки болжол менен 2500 жыл мурунку жайдын калдыгын табышты.
Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын эмгек жамааты майда Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде сахналаштырылган “Эсимде” аттуу спектаклди тартуулады.
Дагы жүктөңүз