24-25-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык казак-кыргыз сармерден оюну өттү. Бул сармерден канатташ эки элдин ортосундагы алгачкы ирет өтүп жаткан кыз-жигит оюну.
Нарында “Шырдак” фестивалы онунчу ирет өттү. Эл аралык деп айтылган бул иш-чарада 7 облустун уздарынын кол эмгектери көрсөтүлдү. Кыргыз шырдагын дүйнөгө таанытууну көздөгөн бул фестивалга чет өлкөлүк туристтер келгени менен кол өнөрчүлөрдүн соодасы анчейин кызыган жок.
23-августта А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Казакстан Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов менен жолугушуу өттү. Иш-чарага белгилүү коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Быйыл 79 жашка чыккан Мухтар Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын арк
Өзбекстандын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында соңку 32 жыл ичинде өлкөдөн 1 миллионго чукул орус улутундагы жарандар чыгып кеткен. Ал эми этникалык тажиктердин жана кыргыздардын саны дээрлик эки эсе өскөн.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин "Алтын өрөөн" республикалык фестивалы уюштурулду.
Улут адабиятында диний жанкечтик – "шахид" тууралуу жазылган чыгармалар жок дээрлик. Башкалардын өмүрүн тыйынча санабаган жанкечти кайдан чыгат? Зинакан Пасаңованын “Жаңы жылга арналган “шахид куру”” аңгемесинде мына ушул жагдай баяндалат.
Кыргызстан эгемендик алган жылдарда туулуп-өскөн жаңы муун өсүп, жетилди. Алардын алды 30 жашка чыкты.
Бейшемби күнү кечинде Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Эркиндик бульварында мода көргөзмөсү өттү. Сейилдеп жүргөн адамдар Кыргызстандын мода дүйнөсүнүн жылдыздары менен аралашып, дизайнер Толгонай Байранын колунан жаралган эмгектерге күбө болушту.
Совет өлкөсүндөгү ГКЧП деп ат менен белгилүү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 30 жыл толду.
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кыргын-Сай деп аталган жерде Үркүндө каза болгондор эскерилди. Ага жергиликтүү тургундар, окумуштуулар, активисттер жана парламент депутаттары катышты. Быйыл кыргыз тарыхындагы трагедиялуу окуялардын бири Үркүнгө 105 жыл болду.
Дагы жүктөңүз