24-сентябрда АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарыхый Бурана мунарасын сактап калуу боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү. Иш-чарада байыркы тарыхый архитектуралык эстелик эсептелген Бурана сейсмикалык коркунучта турганы айтылып, аны сактап калуу демилгеси көтөрүлдү.
Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 16-сентябрь күнү Чоң-Алайдын био-маданий ар түрдүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды.
Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Британиядагы Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду.
Өзбекстандык “Электрооко” синти-поп тобу евразиялык музыкалык турунун алкагында Бишкекте концертин коюп кетти. Постмодерндик лирикалары, жандуу скрипка, гитара жана электрониканын айкалышы менен таанылган альтернативдүү топтун музыканттары “Азаттыктын” студиясына келип дымактуу ойлору менен бөлүштү.
Белгилүү скульптор-монументалист, Кыргыз илимдер академиясынын, СССР сүрөтчүлөр академиясынын академиги, ондогон мамлекеттик сыйлыктардын, наамдардын ээси Тургунбай Садыков 86 жашта. Ал бүгүн өзү түптөгөн улуттук көркөм академияны жетектеп, өнөрканасында жаңы чыгармаларды жаратуу менен алек.
Ысык-Көлдө жаш айкелчи курорттук пансионат жана эс алуу жайларын жаңыча кооздой баштады. Буга чейин айкелдерди чет элден алып же буйрутма берип келгендер эми чыгым азайганын айтып жатышат.
20-сентябрда Улуттук филармониянын чоң залында эл артисттери Эсенгул Жумабаев, Сардарбек Жумалиев, Жылдыз Малдыбаева, Акимжан Жээнбай, Түгөлбай Казаков баштаган бир нече юбиляр композитордун мааракеси чогуу белгиленди.
16-сентябрда сүрөтчү Нурбек Жолбунов жаратылышты сактоого үндөгөн жана улуттук баалуулуктарды чагылдырган кол эмгектеринин көргөзмөсүн уюштурду. Иш-чара Нарын шаарындагы искусство галереясында өтүп, сүрөтчүнүн чийге, ташка жана кийизге түшүрүлгөн эмгектери эл алдына коюлду.
Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган этно-фольклордук фестивал уюштурулду. Иш-чара тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында өткөрүлдү.
Дагы жүктөңүз