Оппозиционер Жениш Молдокматовго октябрь окуяларына байланыштуу дагы үч айып тагылды. Депутат Мирлан Жээнчороев жүзгө жакын жарандын телефонун тыңшоого уруксат берген Биринчи Май райондук сотунун судьясын кызматтан кетирүүнү сунуштады. "Талибан" Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады.
Америкадагы кыргызстандыктар Эгемендиктин 30 жылдыгын быйыл Чикаго шаарында белгилешти. Эки миңдей адамдын башын бириктирген майрамдык салтанатты “Кыргыз комюнити центр” деп аталган уюм өткөрдү. Иш-чаранын алкагында спорттук таймашт кыргыз коомдук борборунун ар, бизнес форум уюштурулду.
Борбор калаадагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Сабиджан Бабаджановдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө сүрөтчүнүн ар кыл жанрдагы эмгектери коюлган.
Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышы коомчулуктун бүйүрүн кызытып, сын-пикирлерге да жем таштады. "Азаттыктын" маек төрүндө айтышка катышкан төкмө акындар пикир бөлүштү.
31-августта Анкаранын Кечиөрен аймагында орнотулган Манастын айкели ачылды. Ачылышка Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кыргызстандыктар катышты.
"Арай көз чарай" талкуубузда ушул маселеге кайрылабыз.
Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык кыргыз-казак айтышы өттү. Бул айтыш ошону менен катар “Айтыш” фондунун 20 жылдыгына, Жеңижок Көкө уулунун 160 жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналды. Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түздү.
Парламенттик шайлоо үчүн партиялардын арыздарын кабыл алуу мөөнөтүнүн аякташына эки күн калды.
Кыргызстандын эгемендик алганына 30 жыл болду. Бул аралыкта эмнеден утуп, эмнеден утулдук деген суроого аймактагы эл жооп узатты.
Дагы жүктөңүз