Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Октябрь айында болуп өткөн коопсуздук кеңешинде электр энергиясынын карызын жыл аягына чейин 950 млн. сомго азайтуу белгиленген. Депутаттар ал карыздар прокуратура жана милиция кызматкерлеринин жардамы аркасында күч менен өндүрүлүп жаткандыгын айтышат.

Элдин, ишканалардын жана мекемелердин электр энергиясы үчүн карызы азыр 2 млрд. сомдон ашык. Азыр энергокомпаниялар,башкасын айтпаганда да, жумушчуларына айлыкты өз убагында бералбай жатышканы маалым. Энергетика тармагы кризиске кирип баратканына тынчызданган Эл аралык валюта кору өз программасына тармактын квазифискалдык дефицитин кыскартуу тууралуу көрсөткүч киргизген. Аны кыскартуунун жолу үчөө - тарифти көтөрүү, электр энергиянын жоготууларын азайтуу жана өнбөй жаткан карыздарды өндүрүп, электр энергиясына акыны өз убагында түшүрүү. Эл аралык валюта кору «кайсы жолду тандап аларыңарды өзүңөр билгиле, иши кылып энергетиканын финансылык абалын оңдосоңор болду» деген. Турмуш тарифти көтөрүү менен аны оңдоо мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан өкмөт азырынча карыздарды жыйноо жана электр энергиянын жоготууларын төмөндөтүү тууралуу чечимге келген.

25-октябрда болуп өткөн коопсуздук кеңешинде карызды жыл аягына чейин 950 млн. сомго азайтуу тууралуу чечим кабыл алынган. Өкмөт башчынын айтымында азыр карызды өндүрүүдө бир топ жылыштар бар.

- Коопсуздук кеңеши болгон күнү 2 млрд 513 млн. сом карыз бар болчу. Азыр карыз 2 млрд 132 млн сом. Карыз аз-аздап төмөндөп баратат, - деди Николай Танаев жума күнү кышка карата жылуулуктун берилиши тууралуу Эл өкүлдөр жыйынында отчет берип жатып.

Бирок депутаттар жер-жерлерде карыз милиция жана прокуратура кызматкерлеринин жардамы аркасында күч менен өндүрүлүп жатканын билдиришет.

- Бүгүн жер-жерлерде прокуратура жана милиция кызматкерлери “электр энергия үчүн акча төлөбөйт экенсиңер” деп, үймө-үй кыдырып жүрүшөт. Мага Алайдан бирөө телефон чалды. Үйлөрүнө кирип, эгиндерин тартып алган фактылар бар экен, - дейт депутат Азимбек Бекназаров.

Муну башка депутаттар да ырастап жатышат:

- Облустан жана райондордон үйлөргө чейин барып жатышат. Мен бир фактыны айтып берейин. Бир үй-бүлөнүн 3-4 сотка кайрак жери бар экен. Ошол жерге семичке эгип, 12 мүшөк семичке алыптыр. Үйүнө кирип туруп, 12 мүшөк семичкесин алып кетишкен экен. Бул туура эмес да, - дейт Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбеков.

Азимбек Бекназаров электр энергия боюнча карыз атуулдук ишке жатаарын, аны күч менен өндүрүү мыйзамга туура келбестигин белгилейт:

- Сот аркылуу чечиле турган нерсени булар кылмыш ишине айландырып жатат. Бир тарап келишимдеги өз милдетин аткарбаса, экинчи тарап сотко берип, өндүрүп алышы керек болчу. Прокуратура зордук менен күчкө салып өндүрүп жатат.

Депутаттардын айтымында жер-жерлерде энергия компаниялары “карыз төлөбөйсүңөр” деп, электр энергияны айыл-айылы менен жалпы бир нече сааттап өчүрүп коюп жатышат. Башкалар менен катар электр энергия үчүн акыны убагында төлөгөндөр да чырак менен отурат. Николай Танаев бул тууралуу өкмөт быйыл жыл башында токтом кабыл алгандыгын, ага ылайык электр энергияга акыны төлөбөгөндөрдүкүн гана өчүрүүгө көрсөтмө берилгенин, жалпы өчүрүүгө тыюу салынганын айтат.

- Электр энергияны жалпы өчүргөн фактылар болсо бизге айткыла, биз аларга жаза беребиз, - деди өкмөт башчы.

Сапар Орозбаков, Бишкек Бюджеттин 15% кайтарма каржылоо жолу менен ишке ашырылат. Ушу күндөрү сессия өткөрүп жаткан Эл өкүлдөр жыйынын депутаттары кайтарма каржылоо коррупцияга жол берерин жана аны жок кылуу керек экенин айтышты.

Мурда өз ара эсептешүү деген болор эле. Анын маңызы, жөнөкөй тил менен айтканда, кимдин салык боюнча бюджетке карызы болуп, аны накталай акча менен төлөй албаса, бирок ал кардардын бюджеттен аласасы болсо, Каржы министрлиги салык төлөмөрдүн товарынын эсебинен бюджетке акча түштү жана берилди кылып коет. Товарга оңой менен кардар чыкпагандыктан, бул схемага бир нече субьектилер катышып, операция ортомчу аркылуу жүргүзүлчү. Албетте, ал ортомчу өз ишин бекер аткарбайт. Акча адатта баанын айырмасынан чыгат.

- Базарда күйүүчү май 12 сом болсо, 16 сомдон алып жатабыз. Шифер 160 сом болсо, 180 сомдон алып жатабыз, - дейт депутат Эсенбек Назаралиев.

Мындан 5 жыл мурда Эл өкүлдөр жыйыны өз ара эсептешүүгө тыюу салып койгон болчу. Бирок Каржы министрлиги анын ордуна кайтарма каржылоо деген нерсени ойлоп тапты.

- Мурда өз ара эсептешүү деп аталчу. Азыр кайтарма каржылоо деп жатабыз. Эки адамдын шапкесин алмаштырып, Эшмат Ташмат болуп калды дегендей эле нерсе, - дейт депутат Жуман Акулиев.

Өз ара эсептешүү финансы министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия аркылуу чечилсе, кайтарма каржылоо банк аркылуу өтөт. Ал азыр коррупциянын булагына айланганын айтышууда. Депутат Муратбек Мукашев аны таптакыр жок кылуу зарыл экенин айтып, бул тууралуу 2004-жылдын бюджети жөнүндө мыйзамга жазып коюуну сунуш кылды. Аны депутаттар Жаныш Рустенбеков, Сооронбай Жээнбеков, Жуман Аккулиев жана башкалар колдоп чыгышты.

- Бул жерде көп адамдардын жана мекемелердин кызыкчылыгы бар. Ошол үчүн муну токтотуш керек дегендерге кошулам, - деди вице-спикер Сооронбай Жээбеков. Ал өз ара эсептешүү деп атып, энергетика сызга отургандыгын эскертти. Жаныш Рүстөнбеков кайтарма каржылоого уруксат берип, коррупцияга депутаттар да кошумча болуп жатканын белгиледи:

- Өлкөдөгү бул тартипсиздикти биз өзүбүз бекитип беребиз да, анан чиновниктерди коррупцияга кирип кетти деп айыптайбыз.

Бирок башка депутаттар, мисалы, Каныбек Иманалиев, Шамшыбек Медетбеков, Кыдыкбек Исаев кайтарма каржылоо турмуштун зарылдыгынан келип чыкканын айтып, аны акырындап жоюуга чакырышты.

- Биз аны өзүбүз эле мыйзамдаштырып жатпайбызбы. Эсиңиздердеби, салык ордуна тамеки алгыла дебедик беле. Буудайды змне албай жатасыңар деп күнөөлөгөнбүз. Эми 10 миң тонна төө буурчакты айтып жатабыз, - деди Кыдыкбек Исаев.

Кызуу талаш-тартыштан кийин, бул маселе колго салынганда, бир аз артыкчылык менен кайтарма каржылоого уруксат берилсин деген өкмөттүн сунушу өтүп кетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG