Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Экономика

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бажы жана салык төлөмдөрү боюнча комитетинде базарлардагы чакан дүкөндөргө эсеп-кысап аппараттарын коюу маселесине арналган парламенттик угуу өткөрүлөт. Ага каржы министрлигинин Кирешелер комитети, салык кызматынын өкүлдөрү, базарчылар катышат.

Эсеп-кысап аппараттарын ири базарлардагы дүкөндөргө (контейнерлерге) орнотуу маселеси буга чейин бир нече ирет өкмөт менен базарчылардын ортосунда талаш пайда кылган. Бишкектин ири базарларындагы иш таштоолорго, соодагерлердин нааразылыгына карабай, өкмөт эсеп-кысап аппараттарын соода түйүндөрүнө орнотуу тууралуу токтомун чыгарып, талашка чекит койгон.

Өкмөттүн мындай саясатына ичи чыкпаган айрым базарчылар Бишкектин “Дордой” жайма базарындагы дүкөндөрүн башкалаадан 30 чакырым алыстыктагы Казакстандын Кордой базарына көчүрүшүүдө.

Кыргызстандын каржы министрлигинин Кирешелер комитетинин эсеп-кысап аппараттарын колдонууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Туратбек Имеров базарда отургандар тапкан пайдасына жараша салык төлөөсү керек деген пикирде:

- Кирешеге жараша салык төлөнүшү керек. Текшерүүнүн жыйынтыктарын карасак, ортодо соодасы дурус жүргөндөр деле бир жарым миң сом, четинде отургандар деле бир жарым миң сом патент төлөп атышат.

Бирок бул ойду Бишкектеги Оберон базарынын кесиптик жамаатынын төрагасы Темирбек Токтоналиев колдобойт:

- Бизге эсеп-кысаптык аппараттын кереги жок. Анткени, аны киргизүүнүн механизми туура эмес ойлонгон. Эсеби чыгарылган эмес.

Кыргыз өкмөтү февраль айында парламентке калкты жылуулук менен камсыздоонун абалы боюнча кайрадан маалымат бермей болду. Мындай пунктту Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйыны бүгүн аталган маселе боюнча даярдалган токтом долбооруна киргизди. Бирок, жума күнкү талкуунун жыйынтыгы менен иштелип чыккан бул токтом долбоору бүгүн кабыл алынбай калды. Анткени, кышка даярдыкка байланыштуу токтомго депутаттар бул күнү 30га жакын кошумча сунуш беришти.

Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр Жыйыны кезектеги сессиясынын жума күнкү отурумунда күзгү-кышкы жылытуу маселелерине байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн маалыматын угуп, аны талкуулаган болчу. Премьер-министр Николай Танаев анда жылуулук менен жабдуу боюнча жагдай канагаттандырарлык экенин белгилеп, электр кубатын уурдоону жана төлөмдөрдүн өз убагында жүрбөй жатышын негизги көйгөйлөрдүн катарында атаган. Бирок, депутаттарды премьер-министр Николай Танаевдин кышка даярдык боюнча маалыматы дээрлик канагаттандырган эмес.

«Кышка даярдык жетиштүү деңгээлде жүрбөй, анын кесепетинен карапайым калк кыйналып жатат» деп эсептеген депутаттар тобу бүгүнкү талкууда депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүп чыгышты.

Депутат Жаныш Рустембековдун сунушуна караганда, бул комиссиянын курамына беш депутат кирип, ал тартип коргоо жана фискалдык органдардын көмөгү менен отун ресурстары менен камсыздоочу тармактардын жана ишканалардын каржылык-экономикалык жагдайын иликтеп чыгышы керек.

Депутат Искак Масалиев токтомго «премьер-министр Николай Танаевдин парламентке берген маалыматы туура эмес» деген пункт киргизүүнү сунуштады:

- Николай Тимофеевич айтып атат, жылына Кыргызстанда эл 59 млрд квт. энергия иштетет деп. Бир топ депутаттар “бул – калп” деп атышат. Николай Тимофеевич “жалпы өчүрүүнү токтоттук” деп атат. Биз баарыбыз шайлоо чөлкөмдөрүнө барып келдик, ал жерде жалпы өчүрүү күнүнө болуп атканын айтышууда. Ошондуктан мен токтомго «Кыргыз Республикасынын премьер- министри Николай Танаевдин парламентке сунуштаган маалыматы туура эмес» деген кошумча пунктту сунуштайм.

Мындай сунушту колдогон депутаттар калайыктын карызын электр кубатын берүүнү жапырт өчүрүү жолу аркылуу өндүрүү аракети элдин социалдык абалын оорлотуп жатканын айтып чыгышты. Бирок, «Бишкек ТЭЦ» ишканасынын башчысы, депутат Лев Васильев Кыргызстанда даректүү өчүрүүгө мүмкүндүк жогун айтты:

- Коопсуздук Кеңешинин чечимин аткаруу үчүн мындан башка жол жок. Биздин бөлүштүрүүчү системалардын технологиялары жана бөлүштүрүү компанияларынын жабдуулары биз каалагандай даректүү өчүрүүгө жол бербейт. Тилекке каршы, электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар муну жасай алышпайт. Ал эми даректүү өчүрүүгө жетүү үчүн компанияларды азыркыдан ондогон эсе артык жабдыш керек.

Шайлоо округдарын кыдырып келген депутаттардын пикирлерине караганда, Кыргызстан аймагындагы шаар-кыштактардын бардыгында газга, көмүргө, электр кубатына байланышкан маселелер санааркаткан калыбында калууда. Маселен, депутат Болот Байкожоевдин айтымында, эми айыл өкмөттөрү өздөрү калктын акы төлөбөгөн бөлүгүнүн жарыгын өчүрүп коюу суранычы менен кайрылып жатышат. «Бул - парадокс» дейт депутат.

Ал эми анын кесиптеши Шамшыбек Медетбековдун айтымында, азыр өлкөдө 23 миң трансформатор болсо, анын 80 пайызы электр эсептегичтери жок иштейт. Чакан подстанцияларды айыл өкмөттөрүнүн карамагына өткөрүү, элет калкын суюлтулган газ менен жабдууну жандандыруу, элетти мончо менен камсыздоо өңдүү маселелерди да депутаттар токтомго киргизүүнү каалашты.

Парламенттин Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү комитети менен Мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук маселелери боюнча комитет иштеп чыккан токтом долбоорун депутаттар жалпысынан колдошту. Анда 2004-жылдын биринчи кварталы үчүн Кыргызстанга газды пландуу берүү боюнча Өзбекстан менен макулдашууга кол коюуга бардык аракеттерди көрүү милдети да өкмөткө жүктөлгөн.

Токтом долбоорун депутаттар алымча-кошумчалары менен шаршемби күнү кабыл ала турган болушту. Сессияга катышып отурган премьер-министр Николай Танаевдин долбоор боюнча пикирин билүү максатында жасаган айрым депутаттардын аракеттери көпчүлүктө колдоо тапкан жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG