Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Экономика

2004-жылдын 1-январынан тартып Орусияда автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу тартиби киргизилет. Эми орус жери аркылуу өткөн кыргыз атуулдары да өз автоунааларын камсыздандырууга милдеттүү.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган «Милдеттүү түрдө автоунааларды камсыздоо тууралуу» мыйзамга ылайык Орусиядан транзит менен өткөн унаалар дагы бул өлкөнүн аймагына кирээри менен камсыздалууга тийиш. Ага ылайык эми Орусияга каттаган Кыргызстандын жүк ташуучу увтоунаалары жана Европа, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн жеңил автоунаа айдап келип, Кыргызстанда сатып жаткан атуулдар да Орусиянын аймагына кирээри менен автоунааларын камсыздоого милдеттүү. Эгерде бул тартипти бузушса орус МАИ кызматы 800 рублга чейин айып сала алат. Орусиянын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, камсыздоо полисинин базалык баасы 1980 рубль. Бирок ал берилген мөөнөтүнө жана автоунаанын түрүнө жараша өзгөрө берет.

Орусияда кирип жаткан мындай өзгөрүүлөр жөнүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматы жок экенин билдирди. Ал эми Транспорт жана байланыш министрлигинин чет мамлекеттерге каттоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жакыпдин Садабаев Орусиянын киргизген камсыздандыруу тартиби Кыргызстандын автоунааларынын ээлерине көп деле зыян алып келбесин билдирди:

- Милдеттүү түрдө камсыздоону Орусия биринчи кезекте өздөрү үчүн, башкача айтканда, жергиликтүү автоунаа ээлери үчүн киргизип атат, - дейт Жакыпдин Садабаев. - Ал негизинен жеңил автоунааларга тийиштүү болот. Ал эми жүк ташыган жана жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар мурдатан эле камсыздалып келишкен. Ошондуктан аларга анча таасирин тийгизбейт. Бирок биздин жеңил унаалар Орусияга киргенде сөзсүз камсыздалышы керек.

Жакыпдин Садабаев кыргызстандыктар канча акча төлөөрү тууралуу маалыматы жок экендигин билдирди.

Бирок Орусияга жүк ташууга адистешкен «Биекарго» транспорттук ишканасынын башчысынын орун басары Сапар Асанов орус тарап киргизген милдеттүү камсыздоо кыргызстандыктарды жаңы чыгымдарга кириптер кылат дейт:

- Эми Орусия чегарасына киргенибизде биз кандай автоунаа болбосун камсыздандырышыбыз керек. Анын баасы машинанын түрүнө жараша болот. Биз жүк ташуу жагында иштегендиктен аларды канча акчага камсыздандырылышын билебиз. Маселен, прицеби бар жүк ташуучу автоунааны жарым жылга 7 миң рубль менен камсыздандырабыз.

Сапар Асановдун айтымында, «Биекаргонун» автоунаалары жыл сайын орто эсеп менен Орусияга 150 жолу каттайт.

Орусияны аралай алыскы чет мамлекеттерге Бишкектеги №7 автобаза да каттайт. Мындан тышкары, менчик жүк ташуучу автоунаасы барлар да көп. Алардын баары эми кошумча чыгымга кириптер болушат. «Бирок мунун жакшы жагы да бар. Анткени автоунаа кокус кырсыкка кабылса, ага камсыздандыруу фирмасы тарабынан тийиштүү акча бөлүнүп, чыгымдары төлөнөт», - дейт Сапар Асанов.

24-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын каржы жана бюджет маселелери боюнча комитетинин демилгеси менен 2004-жылдын бюджетин талкуулаган коомдук угуу уюштурулду. Ага бир катар эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү, Жогорку Кеңеш депутаттары катышты. Келерки жыл бюджети парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан ушул жылдын 9-декабрында кабыл алынган. 2004-жылдын бюджети боюнча коомдук угууга кабарчыбыз Бекташ Шамшиев катышып, репортаж уюштурган.

Соңку эки жылдан бери парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын каржы жана бюджет маселелери боюнча комитети коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда жаңы бюджет мыйзамын талкуулоону уюштуруп келатат. 2004-жылкы бюджетте социалдык багытка үстөмөндүк берилгенин республиканын каржы министри Болот Абилдаев коомдук угууда дагы бир жолу белгиледи. Анын айтымында, келерки жылдын бюджетинин долбоору төрт айдан бери талкууланып келатат.

- Мурда белгиленген параметрлердин кыйласы биринчи окуудан бери кадыресе өзгөрдү. Биз быйылкы жылдын 9 айында бюджеттин аткарылышын эсепке алдык, мурдагы эсептердин кыйласы ошондон өзгөрүлдү. Жыйынтыктай келгенде, негизги көрсөткүчтөр мындай болуп чыкты. Ички дүң продукция өндүрүшүнүн өсүшүн биз 4,1% өлчөмүндө, ВВПнын номиналдык көлөмү эмдиги жылга 88 миллиард 850,1 миллион сомду түзүшү белгиленген. Инфляциянын деңгээлин биз 3,8% кармап турууну көздөп жатабыз. Доллар курсун 44 сомдун тегерегинде деп эсептедик. Эми мамлекеттик болжолдуу бюджеттин параметрлерине токтоло кетейин. Мамлекеттик жалпы бюджет кирешелер боюнча 16 миллиард 713,9 миллион сом, жалпы ВВПга катышы боюнча алганда бул 18,8% түзөт,- деп айтты каржы министри Болот Абилдаев.

Эмдиги жылдын республикалык бюджети кирешелер боюнча 14 миллиард 215 миллион 951, 5 миң сом жана чыгашалар боюнча 14 миллиард 951 миллион 968,1 миң сом эсебинде бекитилди. Эмиги жылдын бюджетинин тартыштыгы 736 миллион 016,6 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Муну өкмөт тыштан кирчү каржы булактарынын эсебинен жабууну көздөөдө.

Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев эгемендик тушунда оголе көп реформалар жасалганын, бирок да бюджет мамилелерине келгенде баштагы эле социалисттик бөлүштүрүүчүлүк принциби өзгөрүүсүз калып жатканын белгиледи:

- Каржы министрлигинин аракетине карабай, бюджет мамилеси советтик кездегидей эле калып жатат. Ал системада иштеп калгандыктан жакшы билем го, мурда айыл, шаар, шаарчалардын бюджети кандай түзүлсө азыр деле ошол боюнча калды. 19-декабрда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу маселелерине арналган жыйында сүйлөгөндөрдүн бири туура белгилегендей, айыл, шаар, шаарчалардын бюджети бул райондук, облустук каржы органдары иштеп чыккан чыгымдар сметасын бекитип коюу.

Каржы министри Б.Абилдаев Кыргызстандын төрт жүздөн ашуун айыл өкмөттөрүнүн 90% дотацияда отургандыгын белгилеп, быйылкы жылы мугалимдердин маянасын толук төлөп бере албагандыгын моюнга алды. Каржы министрлиги ушу тапта мугалимдерге деп 86 миллион сом табууун айласын издөөдө.

Калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин төрайымы Лидия Фомова бюджет тууралуу бир да сунушу өтпөгөнүн өкүнүү менен айтты:

- Биздин бюджет боюнча сунуштарыбыздын бир да бирөө эске алынган жок. Мына быйыл бир ай мурда сунуштарыбызды 105 депутатка таратып бергенбиз. Эки палатанын депутаттарына кайрылганбыз. Алардын ичинен бир гана депутат бизге жооп берип, бюджет тууралуу алгылыктуу маселе коюп жатканыбызды айтып, жооп берди.

Келерки жыл бюджети боюнча коомдук угууда тигил же бул тармактын көйгөйү көп айтылды, каржы министринин көмөгү зарыл экендиги белгиленди. Анткен менен, өкмөттүн бюджет саясатын ачык кылууга багытталган бир катар иштиктүү сунуштар маалынан кечигибирээк айтылды. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Эл өкүлдөрү кабыл алган 2004-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбооруна макулдук гана бере алышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG