Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 30-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:38

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын бюджетин талкуулап жатканда депутат Ишенбай Кадырбеков башкаруу аппаратын кармап турууга 9 млрд. сом каражат кетээрин айтты. Каржы министрлиги болсо бул маалыматты төгүндөп жатат.

Депутат Ишенбай Кадырбеков 2004-жылдын бюджетин палата талкуулап жатканда өлкөнүн башкаруу аппаратын кармап турууга баардыгы болуп бюджеттен 9 млрд. сом кетет дегендей сөз айтты. Ал өзүнүн сөзүндө «аппарат» деген сөз колдонбойт. Бирок кептин маңызы ошону билдирет.

- Бюджеттин кирешеси 14 млрд. сом. Аткаруу бийлигине кете турган акча 8 млрд сом. Аткаруу бийлигине Жогорку Кеңешти, президентти, премьер-министрди, сотторду кошкондо 9 млрд. сом каражат кетет. Экономикалык маселерди чечкенге болгону 5 млрд. сом эле калат, - деди Ишенбай Кадырбеков бизге талкуудан кийин.

Анын айтымында бул 9 млрд. сомго жергиликтүү бийликти кармап турууга кеткен каражат кирбейт. Аны кошкондо аппаратка кеткен акча андан да көп болуп чыгат. Бирок так эсеп жүргүзүү мүмкүн болгондуктан болжол менен 9 млрд. сом десе болот. Бул 9 млрд. сом болсо бюджеттин үчтөн экисин түзөт. Башка сөз менен айтканда бюджеттин үчтөн экиси Каржы министрлиги белгилегендей социалдык маселелерди чечкенге эмес, чоңдордун алган айлыгына, минген машинесине кетет. Бирок муну Каржы министрлиги төгүндөйт.

- Бюджетте айтылгандай сумма каралган эмес. Анда республикалык бюджеттен каржылануучу баардык мамлекеттик уюмдарды камтыган башкаруу аппаратын кармоого жалпы сумманын 7% ашпаган акча каралган. Бул 1 млрд. сомдун тегерегиндеги акча, – деди Каржы министрлигинин бөлүм башчысы Самат Кылжыев биз Ишенбай Кадырбековдун сөзүнө түшүндүрмө берүүнү сурап кайрылганыбызда. Бирок депутат Ишенбай Кадырбековдун айтканында чындыктын үлүшү да бар экен. Муну кыйыр түрдө болсо да Самат Кылжыев минтип ырастайт:

- Социалдык секторго жана тышкы карыздарды төлөөгө кеткен акчаларды алып салып, калган чыгымдардын баарын кошсок, мамлекеттик бюджеттен 7 млрд. сомго жетпеген каражат каралат.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай Ишенбай Кадырбеков башкаруу аппаратына аскер, ички иштер жана башка ушу өңдүү кызматтардын баарын кошот. Ал эми Каржы министрлиги болсо ага президенттин жана премьер-министрдин аппаратын, министрликтерди, комитеттерди, комиссияларды, сотту, Жогорку Кеңешти киргизип, башкаруу системасын «таза» эсептейт. Бирок бул 1 млрд. сом да Кыргызстан үчүн оордук кылары, аны кыскартуу керектиги эл арасында көп айтылат. Андай кыскартуу бизде өткөн жылы 10%, быйыл 15% жүргүзүлгөн. Бирок андан бюджеттен бөлүнчү акча азайган жок. Каржы министрлигинин кызматкерлеринин айтымында чиновниктердин саны кыскарганы менен, алардын айлыгы көбөйүп, жалпы чыгым төмөндөгөн эмес. Ал эми Ишенбай Кадырбеков болсо ал кыскартылган чиновниктер башка ат менен ошол эле жерде калып калып жатышкандыктарын белгилейт:

- Салыктын жаңы түрү пайда болду «атайын каражат» деген. Президент өзүнүн жарлыгы менен «аппаратты кыскарткыла» деген чечим кабыл алат. Министрликтер, комитеттер жана комиссиялар чын эле 20-25% кыскартылат. Бирок чиновниктер ошол эле жерде калып калышып, чарбалык эсепке өтүшөт. Ошол эле мамлекеттин ишин аткарышат. Бирок алар өз кызматына акча алышат.

Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын 11-сентябрында террордук чабуулдан кыйраган Нью-Йорк шаарындагы Дүйнөлүк соода борборунун ордуна жаңы имарат куруу боюнча мелдешти - 2003-жылдын февралында архитектор Дэниел Либескинд утуп алган. Бирок анын долбоорун ишке ашырууда азыр маселелер чыгууда.

Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода уюмунун кош имараты - жапаниялык архитектор Минору Ямасакинин долбоору боюнча курулган жана алар кезегинде дүйнөдөгү эң бийик имараттар болгон, бирок кийин Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында андан бийик имарат курулган. Дүйнөлүк соода борборунун коммерциялык аянттары мурда "Порт Ауторити" аттуу фирманын менчигинде болчу жана 2001-жылдын жай айларында аны "Силвестайн" аттуу компания сатып алган. Ошол эле жылы "Силвестайн" атактуу Дэйвид Чайлдс деген архитекторго кайрылып, кош имаратты кайра куруу жөнүндө план түзүүнү суранган.

Бул план, мүмкүн, өзүнө коомчулуктун көңүлүн өтө деле тартпай ишке ашмак, бирок 11-сентябрда ал кош имаратты жанкечтилердин эки учагы сүзүп жок кылды жана андан кийин алардын ордуна жаңы имарат куруу боюнча эл аралык конкурс жарыяланды. Көптөгөн фирманын ичинен мелдешти - өзү Польшада туулган Дэниел Либескинд деген америкалык архитектор утуп алды.

Анын долбоору алгач 2002-жылдын күз айларында Венеция шаарында өткөн көргөзмөдө элге тартууланган жана кийин, 2003-жылдын 27-февралында Нью-Йорк шаарында Либескинд мелдештин жеңүүчүсү болуп расми түрдө жарыяланган. Долбоор боюнча, кыйраган соода борборунун ордуна бир нече имарат курулмак, алардын бирин мунара коштойт жана анын бийиктиги 1776 фут же 533 метр болмок жана ал Куала-Лумпурдагы имараттан бийик болуп, дүйнөдөгү биринчиликти кайрадан Нью-Йорк шаарына алып келмек. 1776 фут деген бийиктик - Америка Кошмо Штаттары эгемендүүлүкө 1776-жылы жеткени менен байланыштуу, ал эми мунаранын үстүнө орнотула турган ийне менен кошо имараттын бийиктиги эки миң футка жетмек.

Жеңүүчүнүн ысмы жарыяланган салтанаттуу жыйында Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумберг Либескинддин долбоорун мактаган: "Дүйнөлүк соода борбору турган жерди кайра курууда биз үч максат койгонбуз. Биринчиден, 2001-жылдын 11-сентябрында болгон окуяны түбөлүккө эсте калтыруу. Экинчиден, ал жерди кайрадан дүйнөлүк соода жана маданияттын борбору кылуу. Жана үчүнчүдөн, Ылдыйкы Манхэттендин көрүнүшүнө жаңы кубат кошуу. Дэниел Либескинддин долбоорун тандоо менен биз ал үч максатка тең жетип жатабыз".

Анткен менен долбоорду ишке ашыруу аракетин "Силвестайн" компаниясы май айында Либескинддин өзүнө эмес, кайрадан эле Дэйвид Чайлдс менен "Скидмор, Оуингс жана Меррил" аттуу фирмага тапшырган. Алар болсо Либескинддин долбоорун бир кыйла өзгөртүүгө аракеттенгендиктен, эки архитектор ортосунда улам жаңы араздашуулар чыгып жатат. Либескинд алардын кээ бир сунуштарын кабылдап, өзүнүн долбоорун бир кыйла өзгөртүүгө да барды, бирок акыркы сөздү такай Чайлдс айтууга аракеттенип жатат.

Эки атактуу архитектор ортосундагы араздашуу октябр айында гезит беттерине да чыгып кетти жана кээ бир маалыматтар боюнча, Либескинд өзгөрткөн долбоорду Чайлдс кайра өзгөртүп, бирок кандай чечим акыркы болгонун Либескиндге билдирбей койгон учурлар да болгон. Акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мунаранын бийиктиги 1776 эмес, 1500 гана фут болоору белгиленүүдө. Чайлдс жана анын инженерлеринин айтымында, Либескинддин бардык талаптары аткарылды, бирок автор өзү ыраазы эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG