Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Шейшембиде Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин, «Кыргызгаз» акционердик коомунун жана Бишкек шаарынын жетекчилери Өкмөт үйүндө пресс-конференция өткөрүшүп, кышка даярдык жана квартираларга жылуулук берүүнүн абалы тууралуу маалымат беришти. Бишкек шаарынын вице-мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын квартираларына Бишкек жылуулук борбору (Бишкек ТЭЦи) тарабынан жылуулук жетишсиз берилип жаткандыгын кабарлады.

«Газ болбой, быйыл кышта эл кыйналат» деп айтып жүргөн депутат Тайырбек Сарпашевдин сөзү чын болуп чыкчудай.

- Биздин керектөөчүлөр, Бишкек жылуулук борборунан чыккандагы эсеп менен, жок дегенде, 70-75 градус жылуулук алыш керек болсо, бүгүнкү күнү ал 56 градус болуп жатат. Бул - нормадан бир кыйла төмөн, - деди Бишкек шаарынын вице-мэри Эмилбек Абдыкадыров.

Ал бул үчүн «Электр станциялар» акционердик коомун күнөөлөдү. Анын айтымында жылуулуктун берилишине жараша анын акысы да төмөндөтүлүүгө тийиш. Шаар башчынын орун басары бишкектиктерди өздөрүнүн квартираларына берилип жаткан жылуулуктуу ченөөгө жана аны күбөлөндүрүп акты түзүүгө чакырды. Пресс-конференцияда айтылгандарга караганда, жылуулуктун кубатсыз берилип жатышы кышка даярдалган отун-суунун жетишсиздигине байланыштуу.

- Алар жөн эле үнөмдөп жатышат.Азыр анчалык деле суук эмес. Жетишпеген отундун ордун үнөмдөп жатышат. Алар мэриядан же энергокомпаниядан акча болбой калабы деп сактанып жатышса керек, - деди Энергетика боюнча агенттиктин директорунун орун басары Акылбек Түмөнбаев.

Анын айтымында, азыр Бишкек жылуулук борборунда 363 миң тонна көмүр бар. Бул керектөөнүн 60% түзөт. Жетпеген көмүрдү Казакстан берерин эске алганда, Бишкек шаарындагы жылуулуктун жетишсиздиги газга гана байланыштуу деген тыянак чыгарса болот. Бирок газ азырынча үзгүлтүксүз берилип жатат. Бир гана жери 1-январдан кийин эмне болору белгисиз. Анткени Кыргызстан Өзбекстан менен газ боюнча келишимге эмгиче кол коё элек. «Кыргызгаздын» баш директорунун орун басары Кубанычбек Жусуповдун айтымында, анын жетекчиси Автандил Сыдыков ушул күндөрү «Узтрансгазды» келишим түзүүгө көндүрөм деп Ташкентте жүрөт.

- Бирок, өзбек тарап олуттуу талап коюп жатат. Берип жаткан жаратылыш газы үчүн акыны толугу менен валюта түрундө төлөөнү талап кылууда, - деди Кубанычбек Жусупов.

Өзбекстан мурда акынын бир бөлүгүн товар түрундө алып жүргөн. Азыр гана «валюта менен төлөгүлө» деп жатышат. «Маселе ушунда болуп жатат» деп түшүндүрдү Кубанычбек Жусупов келишимдин жоктугун. Бирок анын айтымында «Кыргызгаздын» «Узтрансгазга» төлөгөнгө 5 млн. долларлык гана товары бар. Ал эми карыздын жалпы суммасы 10,6 млн доллар. Шейшемби күнү сүйлөшүүлөр аяктап, келишимге кол коюлушу керек болчу. Бирок, Кубанычбек Жусупов сүйлөшүүнүн ийгиликтүү бүтөөрүнө ишенбейт.

- Биз сүлөшүүлөрдү 2 айдан бери жүргүзуп жатабыз. Мен бул жолу да ийгиликтүү бүтпөйт деп ойлойм, - деди Кубанычбек Жусупов. Ошого карабай, ал «өлкө жаңы жылдан кийин да газсыз калбайт» деп ишендирди. Анткени, Өзбекстан газды токтотуп салса да газ келе берчү булак бар.
- Ошондой болуп кетсе да, газ ала беребиз. Биз газдын келиши токтобой турган жолун табабыз, - деди Кубанычбек Жусупов. Анын айтымында, «Кыргызгаздын» резерви бар. Бирок ал резервдин канча экенин, канчага жетерин «азыр айткым келбейт» деди..

Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген отуруму өттү. Анда депутаттардын сунушун эске алуу менен өкмөт кайра эсептеп чыккан 2004- жылдын бюджетинин долбоору жактырылды жана аны жакында баштала турган палатанын сессиясына алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

2004- жылдын бюджети Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынын күзгү сессиясынын биринчи этабында каралып, депутаттар аны биринчи окуудан кабыл алып беришкен болчу. Бирок алар бюджеттин киреше бөлүгүн 363 млн. сомго, чыгаша бөлүгүн 3 млрд. сомго көбөйтүү тууралуу сунуш киргизишкен. Комитеттин кеңейтилген отурумунда доклад жасаган финансы министри Болот Абилдаевдин маалыматына караганда, депутаттардын суроосу жарым- жартылай гана канааттандырылган:

- Киреше бөлүктү бекемдөө зарылчылдыгын эске алып, биз салыктан түшчү акчаларды 200 млн. сомго көбөйттүк.

Бирок ошол эле мезгилде Улуттук банктын кирешесинен жана башка булактардан түшчү акчалар 265 млн. сомго азайтылган. Чет өлкөлөрдөн түшчү кредиттер менен гранттар болсо, тескерисинче, 110 млн. сомго көбөйтүлгөн. Ошентип бюджеттин киреше бөлүгүнө депутаттар айткан 363 млн. сомдун ордуна 109 млн. сом кошулган. Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 284 млн. сомго көбөйтүлүп, кошумча пайда болгон 300 млн. сомго жакын акча депутаттар сураган тармактарга бөлүштүрүлгөн. Өткөн сессияда депутаттар мугалимдердин айлыгын 50% жогорулатуу тууралуу сунуш киргизишкен болчу. Өкмөт болсо аны бюджетке «30% көтөрүлөт» деп киргизген. Болгондо да эки бөлүп - 1-апрелде 15%, кийин 1-октябрда дагы 15% жогорулайт деп. Талкуунун жүрүшүндө көп депутаттар «антип экиге бөлүп отурбай эле, бир эле жолу көтөрүп койбойсуңарбы» дешти.

Депутат Тойгонбай Калматов бул сунуштун айтты:
- Биз муну мугалимдер менен дарыгерлер менен жолкукканда айттык. Алар «100% көтөргүлө» дешти. Биз «мамлекеттин бюджети тартыш, «жылкыңа карап ышкыр» болуп жатабыз, мындан артык көтөрө албайбыз» деп айттык. Менин оюмча, 1-апрелден тартып дароо эле 30% көтөрүү керек..

Финансы министри Болот Абилдаевдин жообу мындай болду :
- Эл аралык валюта корунун өкүлү «16-январда аткаруу комитетинин отуруму болот» деди. Ал «кредиторлор “эмне үчүн бул кедей мамлекет мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгын кескин көтөрүп жатат” деп муну түшүнбөйт» деди. Ал жерде биздин куратор катары Тапио Саавалайнен чыгып сүйлөйт. Ал «мен антип айтсам, мени түшүнүшпөйт» деп жатат.

Андан тышкары депутаттар айыл-чарба продукцияларына киргизилген салыкты кайрадан алып салуу тууралуу маселени көтөрүштү. Депутаттардын айтымында, жер-жерлерде салык органдары субьектердин кирешесине жана үрөн же асыл тукум чарба экенине карабай кошулган наркка салык жыйнап жатышат.

- Мыйзам ишке кирди. Кошулган наркка салык жыйналып жатат. Биз токтомдо караган жеңилдиктер сакталбай жатат. Бүгүнкү күнү айыл чарбасында башаламандык болуп жатат, - деди депутат Самаган Маматов.

Бул маселе тууралуу өкмөт башчысы өз пикирин минтип билдирди:

- Эл аралык валюта кору менен бул тууралуу көп сөз болду, - деди Николай Танаев. - Алар макул болбой, 300 миң сом болсун дешкен. Мен аларды көндүрүп, «500 миң сомдон баштап кошулган наркка салык чогултулсун» деген токтомго кол койгом. Азыр дыйкан чарбаларын каттоо жүрүп жатат. Азыр ким 500 миң сомдук, ким 300 миң сомдук продукция өндүрөрүн аныктоо жүрүп жатат. Ошол эле токтомдо асыл тукум жана үрөн чарбалары да салыктан бошотулган. Салык органдары токтомду туура эмес түшүнүп, туура эмес колдонуп жатышы мүмкүн.

Депутаттар мындай талкуудан кийин бюджетти сессиянын кароосуна сунуш кылуу тууралуу чечим кабыл алышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG