Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 27-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:23

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстан менен Казакстандын президенттери декабрь айында Астанада жолугушканда эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусун андан ары өркүндөтүүгө байланыштуу бир нече келишимге кол коюшканы маалым. Анын ичинде суу-энергетикалык консорциум түзүү маселеси да бар. Президенттер бул маселени жарым жылдын ичинде иштеп чыгуу тууралуу өкмөт башчыларга тапшырма беришкен.

«Кыргызстандын электр станциялары» акционердик коомунун башкы директору Сагынбек Дордоевдин айтымында, бул маселе 6-7 жылдан бери көтөрүлүп келет. Тактап айтканда, андай демилге көбүнчө кошуна өлкөлөрдөн чыгууда.

- Алар «азыркы курулуп бүткөн каскадды ортого коюп, чогуу пайдаланалы» дешет. «Ошого макул болсоңор, биз силерге көмүр, электр энергиясын сатуу үчүн рынок беребиз» деп айтышат, – деди Сагынбек Дордоев. Бирок анын айтымында буга чейин суу-энергетика жаатында биргелешкен ишкана түзүш маселеси сөздөн ары жылган эмес. Анткени эки өлкөнүн позициясы эки башка:

- Биздин позиция - Камбарата ГЭСтерин куруу боюнча консорциум түзүү. Алар болсо “азыркы каскаддардын негизинде түзөлү” дешет. Бирок буга чейин реалдуу сүйлөшүүлөр болгон эмес.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай, кошуна өлкөлөр, анын ичинде Казакстан Токтогул суу сактагычын ортого коюп, ошонун негизинде консорциум түзүп, ал аркылуу суу баланстарын чечүү иштерине катышууну, бир сөз менен айтканда, суу боюнча эркиндикке жетүүнү көздөшөт. Бирок суу - Кыргызстандын стратегиялык мүнөзгө ээ болгон жападан жалгыз артыкчылыгы. Андан кыргыздар ажырагысы келишпейт.

- Кошуна мамлекеттер азыр эле бизди теңине албай жатышат. Колубузда бир эле көзүр – суу байлыгы болсо, алар «Кудайдын берген суусун бирге пайлаланыш керек» деген шылтоону айтышат. Эгер суу колдон чыгып кетсе, алар бизге мамлекет катары мамиле кылбай калышы мүмкүн, - дейт белгилүү саясатчы, КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев.

Сагынбек Дордоевдин айтымында, кыргыз өкмөтү деле суу ресурстарын башкарууну кошуна өлкөлөрдүн колуна өткөрүп бергиси жок:

- Токтогул суу сактагычын эч качан ортого койбойбуз. Менин позициям ушундай. Андай кылууга болбойт.

Казакстан Камбарата ГЭСтерин биргелешип курууга да макул эмес. Өткөн жылы «казак тарап аны курганы жатыптыр» деген маалымат тараган. Камбарата курулса ал жерде 4 млрд. кубометр суу баткан суу сактагыч кошо курулуп, алар өздөрүнүн суу маселесинен бир топ жеңилдемек. Бирок сары эсепке салып эсептей келгенде, аны курууга 1,5 млрд. доллар кетип, ал эми түшкөн пайда аны жакында жаппайт экен. Ошондон бери алар Камбарата ГЭСи жөнүндө сөз кылгылары келишпейт. Бирок, Сагынбек Дордоевдин айтымында, тараптар бир пикирге келип, орток чечим кабыл алса болот.

- Азыр биз карап көрөбүз. Мен деле компромисске жетишсе болобу деп ойлоп жатам, – дейт Сагынбек Дордоев. Анын айтымында, Казакстан Камбарата ГЭСин курууга катышса, эгерде андан түшкөн пайда аларды алымсындырбаса, анын ордун азыркы суу баланстарынын эсебинен теңештирсе болот.

Өткөн жылдын соңунда «АКИпресс» журналы Орусиянын Илимдер академиясынын дүйнөлүк экономика жана эларалык мамилелер институтунун окумуштуусу Станислав Жуковдун Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасын салыштырган көлөмдүү макаласын жарыялады. Анда эки мамлекеттин эгемендүүлүк алгандан кийинки экономикалык саясаты талдоого алынган.

Станислав Жуков өз эмгегинде Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасынын 1970-жылдан берки абалына токтолуп, эгемендүүлүк дооруна чейин Кыргызстанда өнүгүү темпи жогору болгонун белгилейт. Бирок, 1990-жылдан 2002-жылга чейин Кыргызстандын Ички дүң продуктысынын (ИДП) көлөмү жыл сайын 3,95% төмөндөп турган. Анын айынан Кыргызстандын ИДПсынын 2002-жылдагы көрсөткүчү 1990-жылга салыштырмалуу 28% азайган. Ал эми Өзбекстандын ИДПсынын 2002-жылдагы көрсөткүчү 1990-жылга салыштырмалуу 6% өскөн.

Орус окумуштуусу андан ары эки мамлекет тандап алган экономиканы реформалоонун ыкмаларын талдоого алат. «Кыргыз бийлиги экономиканы реформалоонун «шоковая терапия» жолун тандап алган жана анын айынан өнөр жайын талкалап алды», - дейт Станислав Жуков. Анын мындай пикирине Кыргызстандын атуулу, экономика илимдеринин доктору Владимир Кумсков да минтип кошулат:

- Өзбекстан экономиканы, анын негизи болгон материалдык базасын сактап калды. Бизде андай болбоду. Мисал катары келтирсем, Бишкекте айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод бар эле. Ал КМШ мамлекеттери боюнча монополист эле. Ага көңүл буруп сактап калсак болмок. Бирок ал толук талкаланды. Азыр эчтеке калбады. Ленин атындагы жана «Физприбор» заводдору да ошондой эле абалда. Биз эскилердин баарын талкалап салдык. Эми жаңыларды кантип курабыз?

Өзбекстандын реформалоо ыкмасына токтолгон орусиялык окумуштуу Станислав Жуков Ташкен акырындап базар мамилесине өтүп, өнөр жайын сактап калууга жетишти дейт. Анын натыйжасында Өзбекстан акыркы кезде ички дүң продуктусун туруктуу түрдө 3% өстүрүүдө.

Станислав Жуков Өзбекстандын реформасындагы кемчиликтерге да токтолгон. Мисалы, 1995-1999-жылдарда агрардык сектордун маанилүүлүгү эсепке алынбай калган. Акча саясатында да жаңылыштык кеткен. Автомобиль курууга жана электроника тармагына жумшалган көп каражаттар да өзүн актаган эмес. Экспортко да көп маани берилбей келген.

«Кыргызстандын өнөр жайынын начарлашына туура эмес макроэкономикалык саясат, шашылыш жалпы либералдаштыруу, анын натыйжасында атамекендик өндүрүшчүлөрдүн жапа чегиши жана миграциялык күчтүү агым себепкер болду», - дейт Станислав Жуков.
Кыргызстан экономикалык өсүштү экспортту көбөйтүү менен камсыздоого аракеттенүүдө, бирок андан майнап чыкпай жатат. Өлкөнүн экспорту 500 млн. доллардан ашпай жатат. Ал эми келерки жылдан баштап Кумтөр кенин иштетүү темпи төмөндөйт. Анда Кыргызстандын экспорту чоң жоготууга учурайт. Бул кенемтени толтуруш үчүн экспорт кеминде 200 млн. долларга көбөйтүлүш керек. «Бирок азыркы шартта аны аткаруу реалдуу эмес», - деп белгилейт орус окумуштуусу.

Кыргызстандын менчиктештирүү саясатына токтолгон Станислав Жуков бюджет түзүүчү ишканалардын менчикке берилиши бюджетти негизги киреше булагынан ажыратты дейт. С. Жуковдун ою боюнча, өлкөнүн экономикасын толук кыйроодон сырттан келген кредиттер сактап турат, ал жардам токтогондо Кыргызстан кайрадан оор кырдаалды башынан кечирүүгө аргасыз болот.

Станислав Жуков өз иликтөөсүндө Кыргызстанда чиновниктердин саны 1991-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге өсүп, 36 миң 600дөн 75 миң 800 кишиге жетти, бирок Өзбекстан бюрократиянын андай өсүшүнө жол берген эмес деп тыянактайт.

Кыргызстан өз экономикасын тез реформалоо менен келечекте утушка ээ болушу ыктымал, ал эми Өзбекстан убакытты созуп, каражат коротуп, жашоого жөндөмсүз социалдык-экономикалык системанын өмүрүн узартып жатпасын деген да суроо туулат? Буга эки мамлекеттин акыркы 10 жылдагы өнүгүүсү аркылуу жооп алууга болот.

Ал эми Кыргызстандын экономисти Владимир Кумсковдун пикиринде, бул жагынан Кыргызстан артыкчылыкка эгедер:

- Албетте, базар мамилеси боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы көп. Өзбекстан базар экономикасына акырындап өтүү жолун тандап алгандыктан, алардын тажрыйбасы аз. Ошондуктан, Кыргызстан базар экономикасынын ыкмаларын жана механизмдерин пайдалануу боюнча артыкчылыкка ээ.

Кыргызстандын илимдер академиясынын экономикалык иликтөө борборунун директору Токтобүбү Дыйканбаева Кыргызстан тандап алган жолдун артыкчылыгын белгилейт:

- Өзбекстанда эмне жакшы экен? Жалпы макроэкономикалык абалбы? Аларда жакырчылык жогору. Андан сырткары Өзбекстандын атуулдары бизге иш издеп келип жатышпайбы. Дегеле, мындай алганда, чыныгы реформалар Казакстанда жүрүп жатат, ал өлкөдө бардык тармактар боюнча өсүш бар.

Станислав Жуковдун пикиринде, Кыргызстан Өзбекстандын тажрыйбасынан буларды эске алса болот: Биринчиден, өкмөттүн экономикага активдүү кийлигишүүсү өсүшкө тоскоолдук кылбасын, рынок баарын тейлейт деген саясат экономикага кыйраткыч таасирин тийгизээрин. Экинчиден, өкмөттүн башкы күчү каржы секторуна эмес, өндүрүшкө бурулуш керектигин. Үчүнчүдөн, кепилденген мамлекеттик инвестиция менчик сектордун өсүшүнө оң таасирин тийгизерин жана анчалык жогору эмес инфляция экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизбесин. «Бирок Кыргызстан коңшусунун мындай оң тажрыйбасын пайдаланабы, ал башка маселе», - дейт Станислав Жуков.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG