Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Экономика

13-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын энергетика тармагынын абалын иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын отуруму болду. Ага президенттин энергетика боюнча вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө тармакты текшерүүнү баштоо боюнча чечим кабыл алынды.

Комиссия отурумунун башында эле депутаттар «электр тармагын текшерүүгө комиссия мүчөлөрүнө мүмкүнчүлүк берилеби?» деген суроону президенттин энергетика тармагы боюнча вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт мүчөлөрүнө беришти. Мындай соболго жыйынга катышып отурган Юстиция министринин орун басары Эркинбек Мамыров «энергетика компаниялары менчик ишкана болгондуктан, депутаттык комиссия аларга түз эле барып текшере албайт» деген жоопту берди. Өз кезегинде депутаттар өлкөнүн энергетика компанияларынын акцияларынын 92% мамлекеттин колунда болгондуктан, мамлекеттик бийликтин бир бутагынын өкүлдөрү катары депутаттар эч кандай тоскоолсуз барып текшерүүгө укуктуу деген жүйөөнү айтышты. Талаш күч ала баштаганда Жантөрө Сатыбалдиев текшерүүгө мүмкүнчүлүк берилээрин айтып, комиссияга мындай өтүнүч менен кайрылды :

- Депутаттык комиссиядан өтүнүч: энерго компаниялардын азыркы ишине тоскоолдук кылбасаңыздар. Алардын азыркы негизги милдети акча чогултуу.

Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы боюнча, бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын иштеп чыгуучу «Кыргызстандын электр станциялары» компаниясынын алдындагы карызы 3 млрд. сомдон ашып кетти.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Жаныш Рустенбековдун айтымында, комиссияны мындай суроолор кызыктырат:

- Биз башкаруунун эффективдүүлүгүн, компаниянын финансылык ишмердүүлүгүн, дивиденддердин төлөнөшүн,тарифтердин түзүлүшүн, эларалык келишимдер боюнча электр энергиясынын кандай баада сатылып жатышын текшерип көрүүнү каалайбыз. Жалпы комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында энергетика тармагын кандайча эффективдүү башкаруу, тармакты кризистен кантип чыгаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгабыз.

Жаныш Рустенбековдун пикиринде, өлкөнүн энергетика тармагы терең кризисте. Мындай оор абалдын түзүлүшүнө «Кыргызэнерго» акционердик коомун менчиктештирип, бир нече компанияга чачыратып бөлүп жиберүү себеп болду.

Бир жагынан Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, экинчи жагынан Бишкек ТЭЦинин башчысы, энергетика тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Лев Васильевдин пикиринде, депутаттык комиссия негизги көңүлдү буларга буруш керек:

- Депутаттык комиссия энергетика компаниялары менен мамлекеттин мамилесин карап чыгып, түзүлгөн кырдаалдан чыгууга жол табууга кол кабыш кылыш керек. Электр энергиясын экспорттоо 2 жылдан бери кыскарды. Анын натыйжасында «Кыргызстандын электр станциялары» акционердик коому 60% кирешесинен ажырады. Ошол эле убакта биз бардык салыктын түрлөрүн төлөөгө милдеттүүбүз. Натыйжада мамлекетке да өтө көп карыз болуп калдык. Ал эми өкмөт болсо бизге колдоо көрсөткөн жок. Ушул талылуу маселелерди кандай чечүүнүн жолун аныкташ керек.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Болотбек Шерниязов «Түндүк электро» акционердик коомун, депутат Бакир Жолчиев «Ош электро» менен «Жалалабад электро» акционердик коомун, ал эми депутат Кыдыкбек Исаев «Чыгыш электро» акционердик коомун, депутат Болотбек Байкожоев жалпы энергетика тармагынын финансылык абалын, депутат Даврон Сабиров «Кыргызгаз» акционердик коомун текшерээри айкын болду. Депутаттык комиссия өз текшерүүсүнүн жыйынтыгын март айында болоору күтүлүп жаткан Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясына алып чыкмакчы.

Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы экономикалык алака-катыштын айрым өңүттөрү Кыргызстандын өкмөт башчысынын орунбасары Жоомарт Оторбаев менен Европа комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алан Ваддамс менен жолугушуусунда талкууланды.

Европа биримдигинин комиссиясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алан Ваддамстын маалыматына караганда, Борбор Азия өлкөлөрүндө баңгизаттарын ташууга каршы туруу жана чегара маселелерин жөндөөгө арналган программалардын иштеп кетишине ириде Батыш өлкөлөрү кызыкдар. Катары дагы 10 мамлекетке көбөйүп аткан Европа биримдиги аталган бул эки программаны ишке ашырууга 30 млн. евро бөлгөн.

Алан Ваддамс ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен ар бир жолугушкан сайын өлкөдө адам укуктарын сактоо маселесин дамамат коёрун айтты:

- Адам укугу маселеси Кыргызстан менен биздин мамилебизде дайыма алдыңкы орунда турат. Бирок бүгүн өкмөт башчынын орунбасары менен ал тууралуу кеп кылганыбыз жок. Буга чейин эртең менен адам укугун сактоо маселелерин Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен жолугушууда талкуулаганбыз. Бул жерде бир жагдайды эске ала кетүү жөн. Ортодогу кызматташтыкка аз эле жыл болду. Кыргызстандын эркиндикке чыкканынан бери деле көп жыл өтө элек. Ортодо жалпы баалуулуктар боюнча ажырым түшүнүктөрүбүз бардыгына карабастан, Кыргызстанды туура түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек.

Жолугушууда Кыргызстанды азык-түлүк менен камсыздоо маселеси да талкууланды. Бул максатта Европа биримдиги 10 млн. евро бөлүү ниетин билдиргени айтылууда.

Кыргыз өкмөт башчысынын орунбасары Жоомарт Оторбаев Кыргызстан Европа биримдигине жакындап, биртоп мыйзамдарын ага ылайыктоо аракетин жасап жатканын билдирди.

- Биздин саясий мамилелерибиз жакшы,- дейт Жоомарт Оторбаев. - Алар биздин бюджетти да колдоп атышат. Буюрса, ушул январь ичинде кезектеги үлүштү бөлүп беришет. Бюджетти колдогонго былтыр бизге 9,5 млн. евро бөлгөн. Мен айттым: «быйыл Европа үчүн жакшы жыл болот, 10 мамлекет Европа биримдигине кирип атат. Биздин ортобузда эки эле мамлекет турат. Эми биз канча кеч болсо да силер менен бир болобуз. Биздин мыйзамдарды силердин мыйзамдарга шайкеш келтирүү аракетин жасап жатабыз» деп.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG